ЖАСМИН ЧЫН ЭЛЕ КҮЙӨӨСҮНӨН ТОКМОК ЖЕДИБИ?

СЕНСАЦИЯЛУУ СУУК КАБАР

  • Жасмин өткөн аптада башынан алган оор жаракаты менен үйүнөн Москвадагы ооруканага жеткирилген. Белгилүү ырчынын бети шишип, канталап, көгөрүп, сыйрылган. Ырчы “тез жардамдын” медиктерине өзүн бирөөлөр 2 күн катар токмоктогонун айтып берген. Текшерүүдө ырчыга “баш мээсинен жаракат алып, мурду сынган” деген диагноз коюлган. Медиктер ырчыга алгачкы жардам көр­сөт­көн соң, милицияга кабарлашкан.
  • Милиция Жасминдин күйөөсүнө карата кылмыш ишин козгоду. Себеби, алардын маалыматында ырчыны күйөөсү сабап, өлтүрөм деп коркуткандыгы жазылган. Жасминдин 46 жаштагы бизнесмен күйөөсү Вячеслав Семендуевге эми кылмыш кодексинин бир нече статьясы боюнча жооп берүү­сүнө туура келет. Бирок, Вячеслав жубайынын токмок жегенине эч кандай катышы жоктугун айтууда.
  • Жасмин туугандарына өзүн күйөөсү сабаганын ач­ык айткан. Жасминдин атасынын айтуусуна караганда, кызынын сынган мурдуна пластикалык операция жасатууга туура келет.
  • Эгер жубайлар ажырашууга барышса, анда ажы­рашуу оор өтмөкчү. Анткени, экөө тең болушунча бай адамдардан. Мүлк бө­лүш­түрүү жаңы чатактарга алып келүүсү толук ыктымал.
  • Эскерте кетчү нерсе, атайын изил­дөөгө караганда, 29 жаштагы ырчынын күйөөсү менен жашаган 10 жылы тынчы жок өткөн. Бирок, Жасмин өзүн үлгүлүү аял катары кармап, бардык азабын жүрөгүнүн түпкүрүнө сактап келген. Бул жолу ичине толгон ызадан улам өзүн кармануусуна күчү жеткен эмес окшобойбу.

Эмесе, Жасминдин өткөн турмушуна сарасеп салалы.

ЖАСМИНДИН КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН ТААНЫШУУСУ
Вячеслав болочок жубайын алгач ирет көргөндө Жасмин болгону 19 жашта эле. Вячеслав Пятигорскко Жасминдин туугандарынын үйүнө конокко келип, өзүнө жубай издеп жүргөндүгүн айтат. Ошол учурда ал өзүнө эки бала төрөп берген аялы менен ажырашып, бойдок жүргөн кези эле. Жасминдин туугандары ага Жасминдин үйбүлө­сүндө өткөн той тартылган видеокассетаны көрсөтү­шөт. Кассетадан ал Жасминди көрүп жактырып калып, ал менен тааныштырууларын өтүнөт.
Эки күндөн соң Пятигорскко Жасминдин атасы Лев Яковлевич келип калат. Ага туугандары Вячеславдын Жасминге көзү түшүп калгандыгын кабарлашат. Лев Яковлевичке Вячеслав татыктуу күйөө бала бо­ло тургандай сезилет да, макул болот.

ТОЙ
Жасмин күйөө тууралуу укканда каршылык көрсөтөт. Апасы жакында эле кайтыш болуп отургандыктан, күйөөгө тийүү оюна да келген эмес эле. Бирок, туугандары Жасминди макулдатууга жетишишет. Бирок, Жасминдин талабы боюнча той музыкасыз өтөт. Тойдон кийин күйөөсү Жасминди Москвага алып кетет.

КАРЬЕРА
Арадан бир жыл өткөндөн кийин жубайлар уулдуу болушуп, атын Михаил (учурда 9 жашта) коюшат. Жасмин өзүн үйбүлөсүнө арнап, күйөөсүнүн орой мамилесине анча маани деле бере бербейт. Арадан бир топ мезгил өткөндөн кийин Вячеслав жубайын белгилүү ырчы кылып чыгарууну чечет. Ошол менен катар Вячеслав жубайы үчүн Жасмин псевдонимин ойлоп табат. Алгачкы учурда Жасмин күйөөсүнө тиешелүү ресторанда ырдап жүрөт. Анан күйөөсү мыкты композиторлорду, стилисттерди, клип­мей­­керлерди жалдоого өтөт. Ошентип, катардагы дербенттик кыз белгилүү ырчыга айлана баштайт.

ПИКИР КЕЛИШПӨӨЧҮЛҮК
Жасмин канчалык белгилүү болгон сайын күйөөсү аны ошончолук кызгана баштайт. Видеоклип тартылып жаткан жерге капыстан келип, жубайы менен кошо тартылып жаткан актёрго Жасминге жакындабоону талап кылган учурлары көп болгон. Роликтин сюжети үчүн тартылуу керек дегенди угуп да койчу эмес. Мындан сырткары Вячеслав жубайына “интервью бергениңде күйөөң жана уулуң бар экендигин айтпайсың” деп талап койчу.
Жылдар өткөн сайын Вячеслав оңолуунун ордуна үйбүлөсүнө катаал тарта баштайт. Анын жубайына орой мамиле кылганына үйүнө барган ар бир конок күбө болчу.

АЖЫРАШУУ
Жасмин ажырашууга расмий түрдө арыз берүүсүнөн мурда анын юристтерине көп иштерди жасоолоруна туура келүүдө. Анткени, ырчы милицияга берген көрсөтмөсүндө күйөөсү аны күчкө салып, анын “Жасмин” атынан баш тарта тургандыгы жазылган кагазга кол койдуруп алган.

“БУЛ УЯТСЫЗ ЧЫККЫНЧЫЛЫК!”
Ырчынын күйөөсү басылмалардын бирине кайрылган арыз катынан кыскача.

  • «Азыркы болуп жаткандар чегинен ашып кетти. Ошондуктан, мындан ары унчукпай коё албайм. Мен Сарага (Жасмин) 1996-жылы үйлөнгөм. Жасминдин мызыкалык билими бар деп жазылып келгендигине карабастан ал азыркыга чейин бир да нотаны билбейт. Мен клипмейкер Олег Гусев менен сүйлөшүп, Жасминдин 20 клибин тарттырып бергенмин. Музыкант Валерий Демьянов менен да келишимди мен түзгөн элем. Ал менин акчамдын арты менен Жасминдин 6 альбомун чыгарып, Жасминдин телеканалдардан көрсөтүлүүчү концерттерин уюштуруп келди. Мындан башка да Жасмин үчүн кылган иштериме сан жетпейт.
  • Эми болсо менин аброюма доо кетирилип, мен жасабаган күнөөлөр деле мага жабыштырылууда. Мен карьерамды 33 жашымда заводдо жүк ташыгыч болуп баштагам жана өжөрлөн­гөн эмгегимдин артында бардыгына өзүм жетиштим.
  • Бир нече мезгил мурун Жасмин экөөбүз биротоло бөлүнүшкөнүбүздү расмий түрдө жарыялап коёюн.
  • Басылмалар жазган бул “үйбүлөлүк чатак” атайын пландалган иш. Жасминдин максаты ажырашуу менен үй-мүлк­түн жана менин компаниямдын кирешесинин чоң бөлүгүнө ээ болуу.
  • Үйбүлөдө болуп өткөн ошол күнкү окуя түп-тамырынан апыртылып берилген. Буга 7 күбө адамдын далили бар. Биз бекеттен үйгө келе жатканыбызда мамилебиз калыптагыдай болчу. Анткени, мен ага 10 миң долларлык сумка алып койгонумду айткам. Үйгө келген соң Сара түшкү тамак жасоого киришти. Андан соң биздин коноктор менен кошо столго отурду.
  • Мен Жасмин менен жашаган 10 жыл ичинде бир да жолу ага кол көтөргөн эмесмин».

БАШКА МАТЕРИАЛДАРДАН
Жасмин үстүбүздөгү жылдын апрелинде эле күйөөсүнөн кетүүнү пландаган. Ага чейин буюмдарын үйүнөн жашыруун алып чыгып кеткен. Бирок, билинбей чыгып кетүүнү каалабай, “үйбү­лө­лүк” драманы ойлоп тапкан. Саранын тааныштары Вячеславга Саранын атынан коркутуу менен кайрылышкан. Сыягы, бул иш жаатында Саранын артында турган бирөө бар окшобойбу.

АВТОРДОН
“Үйбүлөлүк чатактын” анык күнөөкөрү ырчынын күйөөсүбү же бул атайын пландалган ишпи азырынча так айтуу кыйын. Неси болсо да бул окуянын түйүнү соттун жыйынтыгында белгилүү болмокчу.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан