“Эне, сага кандай мактоо жарашат,
Эне, сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат” демекчи, эне жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Бүгүн Гүлнур Сатылганова өз апасын эскерет.
«АПАМДЫН 3 КЛАССТЫК ЭЛЕ БИЛИМИ БОЛГОН»
– Кыргыздын макалдарына таң калам, “эненин таманы турган жер – бейиштин төрү” деп кандай гана таамай айтылган! Анын сыңарындай, азыр “эне” деген сөздү укканда бүт денем балкып, бир башкача сезимге келем. Дагы да болсо эне мээримине бөлөнүп эркелегиң келет, сагынасың, куса болосуң. “Апа” деген сөздүн өзүндө канча жылуулук жатканын сезип турасың. Эне – Кудайдан кийинки эле ыйык зат.
Менин апам уйгур кызы болгон. Уйгурлардын улуттук бийин катыра бийлеп, жакшы ырдачу. Кичинесинде өзбектердин Тамара Ханум деген бийчисинин концертине барып, кийин бийчи болом деп да чыккан экен. Бирок тагдыр нугу башкага буруп, балалыгы согуш жылдарына туура келет. Атасы аскер, апасы ашпозчу катары экөө тең согушка кетишип, апам эки бир тууганы менен томолой жетимдей чоңоёт.
Ошол жылдары эптеп 3 класстык билим алган экен, кийин улантып окуй албаптыр. Агасы экөө ар кайсы туугандарынын колунда жүрүп турмуштун азабын көп эле тарткандыгын кээде айтып берип ыйлап да калчу. Иниси согуш жылдары айылга жетим балдарды алып кетүү үчүн келген вертолётко түшүп кетип калган экен. Апам өмүрү өткөнчө ошол инисин бир көрсөм деген арманда жүрүп өтүп кетти.
«ТӨРӨГӨНДӨН КИЙИН ЭНЕНИН БАРКЫН ОГО БЕТЕР ТҮШҮНДҮМ»
– Апам 10 бала төрөп-өстүргөн. Ойлоп көрүп, таң калам. Ал кезде азыркыдай памперс деген болбосо, жарык деген болбосо, кантип баарыбызды дени сак кылып чоңойтту экен? Айтып калчу, “түнкүсүн балам ыйлаганда чыракты жагып, анын жалынына сүт жылытып берчүмүн” деп. Андай шартта азыр он бала эмес, бирди дагы багыш мүмкүн эмес го. Өзүм баламды аябай кыйналып төрөгөм, ошондо апамдын баркын ого бетер түшүндүм. Кайсы гана баласынын туулган күнү болбосун, апам анын кантип, канчада төрөлгөнүн айтып отурар эле. Мени толготуп түнкү саат экиде төрөт үйүнө барса, врачтар жок болуп, бир топ азап менен көз жарганын күлүп айтып берчү.
«ТАМАШАКӨЙ ЖАН ЭЛЕ»
– Алгач мени бала бакчага алпарса, таптакыр көнбөй, эртеден кечке үйгө кайтканча ыйлаптырмын. Кийин өзүм балалуу болгондо деле “ошондо эмнеге бакчага барбай койдуң? Бакча деген жакшы да, түрдүү тамак жеп, ыйлабай жүрө бербейт белең?” дей берчү мени тамашалап. Мен кандай адам болуп жетилсем, ошонун баары апамдын тарбиясы. Тарбиянын 70 пайызы энеге байланыштуу.
«АПАМ АБДАН СУЛУУ АЯЛ БОЛГОН»
– Жаш кезинде апам абдан сулуу аял болгон. Бала чагынан эле ашканаларда ашпозчу болуп иштеген. Ошол жерден атам апамды бир көрүп эле сүйүп калып, көргөн күнү “бүттү, мен ушул кызды алам” дептир. Акыры экөө баш кошуп, бактылуу өмүр сүрүштү. Апамдын улуту уйгур болгону менен, кыпкыргызча сүйлөйт эле. Ал тургай жайкысын ар жума сайын бизге жүн тыттырып, кийиз, шырдак жасап, кыргыздын салт-санааларын абдан жакшы билчү.
«ТАРТИПТИ КАТУУ КАРМАЧУ»
– Атам биз үчүн сүрдүү болчу, абдан тартипке бекем адам эле. Бирок кыз кишиге таптакыр катуу сүйлөчү эмес. Бир жолу кыздар менен мектептин талаа иштери боюнча чөпкө барып, чачым узун болгондуктан, кыска чачтууларга кызыгып, маңдайымдагы төрт чачымды билинер-билинбес эле кыркып койгом. “Кыз киши чачын кыркпайт деп айтпайсыңбы?!” деп апамды урушуптур. Анан апам келип мени урушкан.
Бир жолу... Анда 9 жашта элем. Эртең менен нан алып келүүгө мени апам дүкөнгө жиберди. Көчөгө чыккандан кийин аны унутуп калып ойноп кетиптирмин. Бир топтон кийин наны жок үйгө келсем, “кайда жүрдүң?” деп мени аябай сабаган апам жарыктык.
«ЫРЧЫЛЫК МАГА АПАМДАН КАЛГАН»
– Апам өтө шайыр жан эле. Мени, Венераны, инилеримди жетелеп алып индия кинолоруна барып, айтор, үйдө качан болбосун музыка жаңырып турганын жактырчу. Менин үнүм апамдыкына окшош. “Ырдагылачы” деп ырдатып коюп, өзү көзүн жумуп угуп жаткан күндөрдү көп эстейм. Анан да апам бизди өзүнүн туулган күнүндө аябай күтүп, балдарынын курчоосунда бакытка балкып отурганды жактырчу. А биз апамды тегеректеп отуруп ырдачубуз. Анда Бакыт Айтбосуновдун “Энекем” деген ырын мен жакшы көрүп апама арнап ырдап берер элем. Менин ырдаганымдан бул ырды Динара Жусаева жактырып, калың элге ырдап чыкпадыбы.
«ЭНЕНИН ТИЛЕГИ, ЭРДИН БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ»
– Биздин үй базардан бир топ эле алыс болчу. Бир жолу, 4-класс болсом керек, апам экөөбүз тамак-аш алып келе жатып, оор баштыктарыбызды улам ар жерге коюп эс алып жаттык. Көчө бопбоз чаң. Бир жерден токтогондо “апа, мен кийин чоңойгондо машина сатып алам, анан базарга барганда сизди салып жүрөм” дедим. “Алдыңа кетейин, Кудай тилегиңди берсин!” деп ошол жерден батасын берип кирди. Кийин мен машиналуу болгондо апамды көп эле ташып жүрдүм. “Сен ушинтип айттың эле” деп машинама отурган сайын эстей берчү. “Эненин тилеги күчтүү” демекчи, апамдын тилектери менен мен минтип бир топ ийгиликтерге жетишип отурам. Менин ырчы болгонумду абдан колдоду. Гезиттер мен жөнүндө жакшы жазса кубанып, жаман жазса кайгырып эле жүрчү.
«АТЫМДЫ ГҮЛНУР ЭМЕС, КҮННУР КОЙГОН ЭКЕН»
– Негедир апам мени дайыма Күннур дечү. Кийин эс тартканда сурасам, “мен сени күн нурундай элге пайдалуу кыз болсун деп Гүлнур эмес, Күннур деп койгон элем. Документке Гүлнур кылып жазып коюшуптур” деди. Ошол бойдон өмүрүнүн акырына чейин Күннур деп айтып өттү, а атамдан тартып калган бир туугандарымдын баары мени азыркыга чейин Гүкү деп чакырышат.
«ООРУДАН КӨЗ ЖУМДУ»
– Өмүрүнүн акыркы он жылы бейтапканаларда гана өтүп калды. Бул жылдары бир бутум үйдө болсо, бир бутум ооруканада болуп өттү. Акыры оору менен алпурушуп отуруп 66 жаш курагында, 2004-жылы 8-сентябрда келбес сапарга узап кетти. Азыр ойлоп көрсөм, 35 жыл бала бакчада күнүнө үч маал тамак бышырып тикесинен тик туруп иштеген экен. Жок дегенде дагы бир он жыл жаныбызда болсо болмок деп көп арман кылам. Баарыбызды туурубузга кондуруп, эми гана төрүбүздүн көркү болуп, сыйыбызды көрчү маал келгенде кайрылбаска кете берди.
Апама болгон кусалыгымдын артында «Апакем» деген ырым клиби менен жарык көргөн.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg