«Өзгөчө ысым менен сахнадан өз ордумду тапсам...» деген ырчылар көп. Алардын катарын жаш ырчы Энджей толуктайт. Бул жигит аты менен фамилиясынын баш тамгаларынан жаңы ат курап алып сахнага аттанды.
Өзүнүн азан чакырып койгон ысымы – Нурбек. 4-классынан тарта эле ырчы болом дегенинен ата-энеси музыкалык мектепке окутушкан. Учурда репертуарында алты ыр, бир клиби бар. Энджей продюсер менен иштешип, анын бас деген жагына басып жүргөнүн элестете албайт. Ошондуктан чыгармачылыктагы бийиктиктерди өзүм эле багынтам деп ишенет. Ал Майкл Жексондун кыймылдарын көп колдонот. Өзүнүн айтымында, кичинесинен бери анын бийи ырчыга сиңип калган. Үй-бүлө куруу тууралуу 30 жашына чейин ойлонбойт. “Чачы узун, көзү бүтүк кыздарды жактырам” дейт. Энджейдин ырларын www.super.kg сайтынын Медиа-портал бөлүмүнөн уксаңыздар болот.
Жоробеков Нурбек Назирович
Туулган жылы – 10.12.1986
Бою – 170 см
Салмагы – 60 кг
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg