Абир Касенов: «ЧЫНЫГЫ МАХАБАТКА ЖОЛУГА ЭЛЕКМИН»

Бул жигитти Абир же Абийир деп да чакырсаңыз болот. Ал учурда жакшы ырлар менен сахнаны багындырам деп турган чагы.

– Кандайсың? Алгач суроону тил тууралуу баштасак. Кыргызча аябай кыйналып сүйлөйт экенсиң...
– Муну жашырбайм. Чынында, кыргызча кыйналып сүйлөйм. Мындай болуп калышыма менин айлана-чөйрөм себеп деп ойлойм. Башында эле ата-энем орус тилдүү бала бакчага беришиптир. Анан жалаң орусча сүйлөп баштаганымда “кыргыз мектепке беребиз, балабыз таптакыр эле орус болуп калбасын” деп чыгышты. Ошентип, 1-класска №66-мектепке киргизишти. Чынын айтсам, кыргыз мектепте окуй албай койдум. Балдар менен тил табыша алган жокмун. Ошентип, кайра 2-класска көчкөндө №6-орус мектепке которулуп кеттим.
– Түшүнүктүү, анан жогорку окуу жайынан да орусча окудуң дегендей, кел эми, сүйүү тууралуу сүйлөшөлү. Алгачкы сүйүүнү башыңдан өткөргөнсүң да?
– Албетте, Азиза деген кызга ашык болгом. Бирок мамилебиз 1 айга эле созулду. Мен кыздар менен көп убакытка сүйлөшүп көргөн эмесмин, эң көп дегенде 2-3 ай. Чыныгы махабатыма жолуга элек болгондуктан, сүйүү мамилесине туруксуз окшойм.
– Айтканыңа караганда, ушул жашыңа чейин бир топ кыздын колун кармагансың...
– Калп айтпайм, боло берет, туруктуу сүйүүмдү тапмайынча. “Случайные дни” деген чыгармамдын мааниси деле ошондой. Негизи, ырларымды өзүмдүн башыман өткөн нерселерден улам чыгарам. Азыр ата-энем “үйлөн” дей башташты. Ошого баш катырып жүрөм.
– Сен сүйүп калчу кыз кандай болушу керек?
– Биринчиден, чыгармачылыктан алыс болушу керек. Экинчиден, мен чектен чыгып бара жатканда ордума коюп коё тургандай күчтүү жан болушу абзел. Элестетсең, экөөбүз тең чыгармачыл адам болсок, сайрандап жүрө берип үй-бүлөбүздү бузуп алышыбыз мүмкүн. Мага үй оокаттарына тың айым керек.
– Сен тандаган кызга ата-энең каршы болбойбу?
– Ата-энем бир гана нерсеге каршы. Улутуна карашат. Ошондуктан мен кыргыз кызына эле ашык болсом экен.
– Сүйүү мамилелериңден эсте калганы барбы?
– Кызык окуялар көп эле болгон. 16 жашымда бир досумдун үйүнө барып калдым. Анан экөөбүз гитара чертип отурсак эле көчөдөн бир татынакай кыз өтүп кетти. Артынан жетип барып, “канча жаштасың?” деп сурасам, 13 жаштагы Рахат деген кыз экен. Анан мен ага “18 жашка чыкканыңда мен сага келем да, сөз айтам. Башка балдар менен сүйлөшпөгөнгө аракет кыл” дедим. Ал мени таң кала карап басып кеткен. Анан бул окуядан туура 5 жыл өткөндөн кийин баягы досумдун үйүндө отурсам, ал айтып жатпайбы “баягы Рахат деген кыз 18ге чыгыптыр” деп. Сөз бергенимдей эле Рахатка сөз айттым. Ал мага мурдагысындай таң калычтуу көздөр менен караган жок. Ошентип, жакшы эле сүйүү оту жанды, бирок көпкө уланбады.
– Кыздарды ашык кылып алган жигиттин колунан кандай иштер келет?
– Кыргыздын жигиттерине ылайык нерселерди үйрөнүүдөн баш тартпайм. Азырынча кой сойгонду билем. Кыскасы, тоолуу айылдарга күйөө бала болуп калсам, кайын журтумду уят кылбайм.
– Алдыга койгон максаттарың?
– Албетте, чыгармачылыктын чокусун багындыруу. Үйлөнүп, 3 эркек, 1 кыздуу болгум келет.
– Кыздар жигиттердин келбетине да карашат. Спорт менен машыгасыңбы?
– Кичинемде спорттун бир топ түрү менен машыкчумун. Азыр стол теннисин көп ойнойм.
– Келечекте үй-бүлөңдү ырчылык менен бага аласыңбы?
– Биздин өлкөдө чыгармачылык менен жан багуу оор. Жеке ишкердик менен да алек болсомбу деген пландарым бар.

КЫЯЛКЕЧ АБИР
Туулган жылы – 1985-жыл, 20-июль
Туулган жери – Сокулук району, Шалта айылы
Үй-бүлөдө – Кенжеси, эжесинин коргоочусу
Бою – 183 см
Салмагы – 70 кг
Өтө кыялкеч жана пунктуалдуу.
Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Malika88
2011-09-19 12:25:20
ммм мага Кыялкечтиги жана Пунктуалдуулугу жакты Кой сойгонду билет экен эми устакан тартканды уйронуп алса жакшы эле болот
0
Nura
2011-09-20 09:34:10
ушу сонун бала эээ?!..
0
Malika88
2011-09-20 12:30:10
Таатынакай экен
0
engel
2011-09-20 14:59:25
birinchi kordum uygilik anda!!!
0
RIO
2011-09-23 12:50:05
Ырдаганы жана ырлары жагат. Ийгилик!
0
chika
2011-10-06 19:10:18
эхеей не доеотасыңар мунун ырлары супер да!!!
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан