Айчүрөк Иманалиеванын тегерегиндеги чыр бүтпөс сериал болду. Өткөндө Динара Акулова менен Айчүрөк Иманалиева таарынышып, кайра жазылышып, ортого Жанара Атабекованын ысымы да илешип калган болчу. Эми Жанара Атабекова келиптир, чындык кимиси тарапта деп баш катырып.
– Эмне болуп чырга аралашып калдыңыз?
– Үйдө эч нерседен кабары жок отурсам, курбу кызым чалып “ай, Жанара, эмне эле болуп жатасың? Сен бирөөнүн атынан гезиттерге интервью берип, анан аларды уруштуруп...” дейт. Ошондо гана эки ырчынын чырына менин ысымым кошулуп калганын билип жатпайымбы. Айчүрөк эженин номерин таап, чалдым. Ал “Динара мага телефон чалып, кечирим сурап, “мен эмесмин” деди. Анан ал бул окуяны изилдеп, ошол макала чыккан гезитке барса, сенин телефонуңду беришиптир. Чын эле ошол сенин номериң беле?” деп Айчүрөк эже кайра менден сурап жүрөт.
– “Чырдуу номер мага таандык эмес” деп турасыз го?..
– Ой, жок, мен башынан эле “билайн” көтөрөм, “мегаком” номерим жок. Бул жерден айта кетчү нерсе, эгерде эжелер өз ара нааразычылыктары болуп урушса, соттошсо, мени аралаштырбай эле өз ара чечишсе жакшы болмок. Мен алардын кызы менен теңмин. Чынын айтсам, бул эки эже менен өтө тыгыз деле байланышым жок. Керек болсо, телефон номерлерин билбейм. Радиого чакырып калганда эле жолугуп, ал-жай сурашып калганыбыз болбосо. Азыр мен түшүнбөй турам, же ошол гезит, же эки эженин кимиси калп айтып жатканын. Ушунча жылдан бери чогултуп келе жаткан аброюмду кээ бир кишилердин ушагына аралаштырып булгагым келбейт. Улам бири чалып эле “сага эмне болгон?” дей бергенинен жооп айтууга туура келип жатат.
– Сиздин мурун-кийин Айчүрөк, Динара эжелер менен талаш-тартышыңыз жок беле?
– Эч кандай талашым жок. Айчүрөк эжени чыгармачылык чөйрөдө эле кездештирем. Ал эми Динара эже жолдошумдун тарбиячысы, ошон үчүн сыйлап, ага өйдө карап сүйлөгөн эмесмин.
– Жабылган аякты жабык бойдон эле калтырууну чечкен турбайсызбы?
– Бала менен үйдө отурам, ушак териштирип отурууга убактым жок. Динара Акулова менен Айчүрөк Иманалиева көптөн бери араздашып келе жатканын коомчулук билип эле жүрбөйбү. Анан экөө бири-бирине алы келбей калганда тааныштар аркылуу ушинтип бири-бирине тийишкениби?.. Билбейм, кимиси бул нерсени чыгарса да, менин эч кандай тиешем жок. Буга Кудай күбө. Эгерде дагы эле чырына мени аралаштыра беришсе, мен да аягына чейин териштирүүгө аргасыз болом.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg