КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

КАТАЛЫК ТЕХНИКАДАН КЕТТИБИ?
Өткөн саныбызда (№462) Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулуна байланыштуу “Мэрдин уулу сот жообуна тартылабы?” деген аталышта макала жарыялаганбыз. Анда “кырсык боюнча билдирүүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин интернет сайтынан 15-август деген датасы таптакыр жок болуп кеткен” деген билдирүү кеткен. Макала даярдалып жатканда ыкчам билдирүүнү аталган сайттан, чынында, таба алган эмеспиз. ӨКМнын маалымат кызматынан бизге "жазылган билдирүүлөр эч качан өчпөйт, ордунда турат” деп билдиришти. Текшерип көрсөк, учурда бар болуп чыкты. Катачылык техникалык жактан кеткен болсо керек деп болжолдойбуз.

ОЙНОШУН БАЛТА МЕНЕН БАШКА ЧААП...
5-сентябрда Москва РИИБине Предтеченск айылында аял өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 56 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Анын балта менен чабылып өлтүрүлгөндүгү анык болду. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү делинген адам кармалган. Ал үй ээсинин ойношу, мурун да киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча соттолгон 40 жаштагы Ч.В. болуп чыккан. Кылмышка далил катары балта табылган.

УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КОНТРАБАНДИСТТЕРБИ?
Мындан бир ай мурун УКМКнын эки кызматкери "баалуу таштарды мыйзамсыз ташыган" деп шектелип кармалышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өзү билдирди. Алар өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланышып, контрабанда ташыган түйүнгө жардам берип келишкен экен. Учурда иликтөө уланууда.

ЧЕКИСТТЕР МЕНЕН ТАМАШАЛАШПА
10-сентябрда УКМКнын нөөмөт кызматына белгисиз адамдан Майлуу-Суу шаарында террордук акт даярдалып жаткандыгы тууралуу анонимдик маалымат түшкөн. Маалыматты текшергенде жалган болуп чыккан. Жалган маалыматты билдирген Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы Б.Дубанаев аттуу тургуну кармалды. Көрсө, ал ошол учурда аракка тоюп алган экен. Кылмыш кодексинин 228-беренеси (Террордук акт жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Дубанаев УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

ГЕРОИН САТЫП БАЙЫЙМ ДЕП...
10-сентябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкектеги Жал кичирайонунда 40 жаштагы шаар тургуну айдап келе жаткан автоунаа токтотулган. Автоунааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 килограмм 48 грамм зат салынган баштык табылган. Эксперттик анализден кийин ал заттын героин экени аныкталган. Иликтөөдө героиндин бул партиясы Европа жана КМШ өлкөлөрүнө жиберүү үчүн Тажикстандан Кыргызстанга алынып келингендиги белгилүү болгон.

АЙЛАНАЙЫН, АБАЙЛА!
ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, 11-сентябрда Бакай-Ата районунда 06:25те Кызыл-Сай-Бакай-Талас унаа жолунда Мерседес жана Ауди автоунаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган.
Ошол эле күнү Сузак районунун Барпы айылында саат 13:30да Хонда, Мерседес жана Лексус автоунаалары сүзүшүшкөн. Анда 4 киши каза болуп, 1 киши жабыркаган. Каза болгондор Сузак райондук ооруканасынын өлүкканасына, жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан