АЖО БОЛЧУЛАРДЫ ТИЛ СЫНАГЫ СЫНДЫРУУДА

Президенттикке талапкерлердин саны бир кыйла кыскара тургансып калды. Себеп, шайлоо алдындагы негизги талаптардын бири болгон мамлекеттик тил сынагынан өтүү старт алып, «чү» дегенде эле талапкерлердин «басмайылы үзүлдү». Төмөндө сынактын алгачкы үч күнү гана берилди.

ТИЛИ МЕНЕН ТАШ ЖАРГАН МАДУМАРОВ
Шайлоо жөнүн­дөгү мыйзамга ыла­йык, ар бир сынакка бештен талапкер катышып, комиссиянын элегинен өтмөкчү. Президенттик орунга ат салышкан алгачкы 5 талапкердин ичинен Адахан Мадумаров, Темирбек Асанбеков жана Жусупжан Пиримкуловдор комиссиянын чечими менен “сынактан өттү” деп эсептелди. Айрыкча тилинен чаң чыккан Адахан Мадумаровдун сөздөрүн жалпы коомдун оюн билбейм, бирок комиссия курамы муюп угуп отурду. Ал: “Кыргыз элинин руханий баалуулугу төмөндөгөнүнөн улам бүгүнкүдөй кыйын кырдаалга туш болуп жатабыз. Курсак ач болсо бир күнү тоёт, кийим жыртык болсо бүтөлөт, ал эми руханий жакырчылыкка кептелип калган элдин турмушун өзгөртүү кыйын болуп калат”,- деп муютту. Калган эки талапкер: Сейтек Байгуттуев менен Эркин Булекбаевге карата “кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билбейт” деп жыйынтык чыгарылды.

ТАШИЕВ КЕЧИРИМ СУРООГО ҮЛГҮРҮП...
Сынактын кийинки күнү кыргыз саясатынын белдүү деп саналган мырзалары “студент болушту”. Алар: Кубатбек Байболов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев жана Курманбек Осмонов. Бул күнкү сынактын башкы “каарманы” Камчыке болду көрүнөт. Сынакта калпак кийип отурганы жана өзүнүн платформасын тааныштырып жатканда орусчасынан “значит” деп алып кайра комиссиядан кечирим сураганы кызык болду. Кана эми, ар бир саясатчы сынакта эле эмес, коомдо да тилге ушундай жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ар бир туура эмес сүйлөгөн сөзү үчүн кечирим сурап турса. Оо, анда кыргыз тили “жарды” деген тонун эчак чечип ыргытмак. Жыйынтыгында, бул күнкү 5 талапкер тең чалынбай өтүштү.

АБДЫЛДАЕВДИН АЙЛАСЫ КЕТКЕНДЕ...
Кезектеги 5 талапкердин бири Арстанбек Абдылдаев сынактын шарттарын аткарууда кебелбей отурган. Жыйынтыгына келгенде айласы алты кеткендей болду. Комиссия мүчөлөрүнүн тең жарымы “эне тилди билбейт” деген чечим чыгарса, жарымы “билет” дегенде Арстан мырзанын жүрөгү жакшы эле дүкүлдөсө керек. Бирок комиссия төрайымынын артыкчылык добушу менен “сынактан өттү” деп табылды. Сынактын эрежесине ылайык, мындай тең салмактуулук абалы пайда болсо, комиссияга жетекчилик кылып жаткан адамдын добушу эки добуш катары эсептелет. Мындан сырткары Марат Султанов менен Исхак Масалиев да “мамлекеттик тилди билет” деп табылды. Ал эми эки талапкер: Мамбетжунус Абылов менен Замирбек Парманкуловдун деми сынактын жыйынтыгын укканда гана сууп, залдан чыгып кетишти. Сынактан өтпөй калган төрт талапкердин ичинен экөө: З.Парманкулов менен М.Абылов комиссиянын чечимине макул эместигин билдирип, эртеси эле сотко кайрылды. Алар “комиссия калыс баалаган жок” деп даттанышууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-09-19 16:55:33
Татыктуу эч кимин жок
0
bakiev_kurmanbek
2011-09-21 08:10:17
Парманкулов,Абылов жана отбогон адамдар эч нерсеге жарабайсынар силер.Башынар иштебейт да силердин,иштесе кана эмнеге коесунар талапкерлигинерди?
0
achi
2011-09-23 16:48:59
Мадумаров суйлогондо комиссяларда кунт коюп,баштарын ийкешип отурушту,жарайсын Мадумаров сиз президент болушунуз керек! Биз уй булобуз менен сизди колдойбуз!
0
jumanji
2011-09-26 06:48:00
Президент болгондо эле мүйүз чыгабы? Бирок мен Ташиевдин президент болуусун каалайм, эмнеси болсо да ал бардыгынан боорукер, айткан сөзүн иши менен кылып далилдей алат.
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан