Нурлан Насип 10-сентябрда 21 жашка чыкты. Ырчы классташтарын, досторун, алар менен катар Назира Жетигенова, Айгүл Чалова, Аваз Акимов, Добр баштаган сахналаштарын чакырып туулган күнүн өткөрдү.
Кечеде кой союлуп, ак дасторкон жайылып, конокторду зериктирбеш үчүн Нурлан Насиптен суперлотерея ойнотулуп, баш байгеге түстүү сыналгы коюлду. Аны Нурландын классташ кызы илип кетти. Коноктор байгелерге ээ болуп, жакшы көңүл ачып кайтышканын айтат Нурлан.