Актриса, ырчы Гүлнур Асанова белгилүү бир акындын жубайы болуп, учурда бардык түйшүктөр менен алек. Көрсө, акын Алыкул Осмоновдун турмушун чагылдырган тасма тартылып, анда Гүлнур Алыкулдун жубайы – Зейнептин ролун аткарып жаткан экен. Ал эми акындын образын Чыңгыз Мамаев жаратууда.
“Зейнеп да актриса болчу. Ошондуктанбы, жүрөгүмө жакын кабыл алып, сыймыктануу менен анын ролун аткарып жатам”,- дейт Гүлнур.