1-сентябрдан 5-сентябрга чейин Кытайдын Үрүмчү шаарында кыргыздардын Маданият күндөрүнө арналган кече болуп өттү. Кытайлык кыргыздар менен биргеликте бул салтанатты белгилөө үчүн биздин ырчылардан Чырмаш Төрөбеков, Бакыт Шатенов, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев жана манасчы Рыспай Исаков барып келишти. Биринчи күнүндө жалаң кытайлар, экинчи күнүндө жалаң кыргыздар үчүн ырдашкан таланттар майрам ойдогудай өтүп, көңүлдөрү ток кайтышканын кабарлашты.