12-сентябрда шоумен, бийчи Бакыт Байсариев урук-тууганын, дос-тамырын чогултуп, кызы Майрамдын тушоо тоюн өткөрдү. Тойго Неля, Съездбек Искеналиев, Сема, Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев, Арсен, Айбек, Максат Бегалиев жана башкалар келишти. Ырчылар жубайларын гана жетелеп келбестен, балдарын да ээрчите келишиптир. Тай-тайлап Майрамды улам бири жетелеп, анын майрамы үчүн агынан, кызылынан көтөргөн ырчылар шаңдуу отуруп, үйлөрүнө тарашты.