Өлкө жетекчилеринин кабылдоосуна жетип, арыз-арман, өтүнүч айтуу карапайым калк үчүн өтө машакаттуу иш. Андыктан Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Супер-Инфодо” түз байланышта болору тууралуу жаңылыкты окурман журтчулугу кубануу менен кабыл алышты. “Өмүрбек Бабановдун деңгээли “Супер-Инфобу?” же “Супер-Инфонун” деңгээли Өмүрбек Бабановбу?” деп тийишкиси келгендер да болду. Адатта, өлкөнүн жетекчилери мамлекеттик гезиттер аркылуу гана түз байланышка чыгып келишкендиктен, бул жаңылык айрымдарга өөн учураган көрүнөт.
Окурмандар менен биринчи вице-премьердин эки саатка созулган баарлашуусунда ар кандай суроолор жаңырды. “Республика” партиясынын түзүлүшү тууралуу сурагандар, каржылык жактан жардам сурап кайрылгандар, президенттикке талапкер болбой калганына өкүнгөндөр жана жөн гана жакшы тилегин айткандар болду.
Мураталы, Бишкек шаары:
– Жакында шайлоо башталып, 22-сентябрда премьер Алмазбек Атамбаев жумушунан кетет. Ошондо анын ордуна өкмөт башында сиз каласызбы?
Өмүрбек Бабанов:
– Ал 24-сентябрдагы өкмөт жыйынында белгилүү болот.
– Таластык деп угам, бирок урууңуз ким?
– Саруунун күркүрөөсү.
– Камчыбек Ташиев менен мамилеңиз жакшыбы?
– Ал киши менен көрүшпөгөнүмө 3-4 ай болуп калды. Кандай десем, экөөбүз сый алакадабыз.
Чынара, Бишкек шаары:
– Бул убакытка чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп келгем. Соңку учурда ден соолугума байланыштуу кара жумуштарды жасай албай калдым. Эки студент жана кичинекей кызым бар. Жумуш берүү боюнча жардам бере аласызбы?
Ө.Б.: – Бул же тиги жумушка орноштурам деп сөз бере албайм. Бирок көмөк көрсөтүүгө аракет жасайын. Алгач резюмеңизди жөнөтүңүз, көрүп чыгалы, анан сизге байланышка чыгабыз, телефон номуруңузду жазып алдык.
Мирбек, Жумгал району:
– Жети пайыздан деген элеңер, тогуз пайыздан берилди. Ошол кредиттин мөөнөтүн 2-3 жылга узартсаңар болбойбу? Анан көлөмүн 200 миң сомдон жогорулатууга да мүмкүнбү?
Ө.Б.: – Коммерциялык банктар 14 пайыздан беришерин билесиз да. А биз эң эле аз пайыз менен кредит берип жатабыз. Ал эми мөөнөтүн узартуу боюнча пландар бар, азыр каралып жатат.
Андан тышкары шайлоонун алдында ипотекалык кредит беребиз дегенбиз. Быйыл 3 жылдык улуттук программанын алкагында бул жагын карап чыктык. Келерки жылдан тарта 10-20 жылдык мөөнөттө ипотекалык кредит бериле баштайт.
– Электр энергия боюнча берген сөзүңөр эмне болду?
– Электр энергияны өз баасында беребиз дегенбиз, бирок конкреттүү баасы белгиленген эмес. Баасын аудиторлор эсептеп жатышат. Эл аралык көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча өздүк баасы учурда элге сатылып жатканга караганда кымбат болуп чыккан. Арзандатуу үчүн энергияны пайдалануудагы жоготууларды азайтуу керек дешти. Өз баасы дагы аныкталат.
Эмилис, Талас облусу:
– Манас районунда Улукман деген лицей бар, алтымыштай бала окуйт. Ачылганына он беш жылдай болуп калганына карабай компьютер жок. Сиз 10-12 компьютер алып берүүгө көмөк көрсөтө аласызбы?
Ө.Б.: – Бул мамлекеттик деңгээлдеги орчундуу маселе. Бирок мен компьютер боюнча жардам берейин. Жакында Таласка иш сапары менен барабыз, ошондо кабарлашабыз сиз менен.
Токтогул, Талас облусунун Жерге-Тал айылы:
– Пенсионермин. Биздин айылдын мектеби урап отуруп, жакында кулаганы калды. 2002-жылдан бери барбаган жерибиз, кайрылбаган адамыбыз калбады. Айылга келип өз көзүң менен абалын көрүп кетпесең болбойт, балам.
Ө.Б.: – 25-26-сентябрда Таласка барам. Мен сизге чалайын, чогуу мектепти көрүп чыгалы. Кандай жардам кыла аларыбызды ошондон кийин айталы.
Гүлкан, Ала-Бука району:
– Чоң апам кары киши, пенсионер, үйү жок. Былтыркы жылы шайлоодо сиздердин партияга кайрылдык эле. Бишкектен үй алып берүү маселесин карап көрөбүз дешкен. Сиздердин партиялашыңыздар Исхак Пирматов биздин айылдан болот. Бирок маселебиз дале чечиле элек...
Ө.Б.: – Үй алып беребиз деп убада берген эмеспиз да! Бул маселеңерди карап көрөлү десек керек. Бишкектен биз сиздерге үй алып бере албайбыз. Өкмөт жагынан да ишке ашышы күмөн. Келерки жылы ипотекалык кредит линиясын ачканы жатабыз. Ошол аркылуу сизге жардам берүүгө аракет жасап көрөлү.
Эраалы, Алай району:
– Былтыркы жылы “Республика” партиясынын штабын жетектеп жүргөм. Сизди КСДПда жүргөнүңүздө эле колдочумун. Эмне үчүн президенттикке талапкерлигиңизди койгон жоксуз?
Ө.Б.: – Колдооңузга рахмат. Эгерде биздин партияда иштесеңиз, анда эң маанилүү принциптерибиздин бири – мамлекеттин бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо экенин билесиз. Биз үчүн кызмат, бийлик башкы максат эмес. Коалицияны куроодо да түзүүчү катары премьерлик орунду алсак жарашмак. Бирок дал ушунун айынан бири премьер, экинчиси спикер болом деп жатып биринчи аракетте коалиция куралбай калбады беле. Ошону эске алып, “бириңер премьер, бириңер спикер болгула, биз андан кийинкисине деле макулбуз. Азыр абалды турукташтыруу биз үчүн маанилүү” деп коалиция түзүүгө жетишкенбиз. Берилген сөздү аткаруу үчүн сөзсүз президент болуу керек эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн башка иштер менен деле аракет кылса болот.
– Анда кайсы талапкерге добуш берүүгө чакырасыз?
– Өкмөттүн ишинен тышкары президенттик шайлоо боюнча уюштуруучу комитетти жетектейм. Андыктан аны колдогула, муну колдогула деп айтканым туура эмес болуп калат. Бирок биздин партиянын саясий кеңеши жакында бул боюнча чечим чыгарат. Ошондо талапкерлердин саясий жөндөмүн, программасын карап чыгып, колдой турган талапкерди аныктайбыз.
Улуубай, Өзгөн району:
– Мен өзүм Өзбекстандан келген кыргызмын. Кыргызстанга көчүп келгениме беш жыл болсо да паспорт ала албай жүрөм. Төрт балам бар...
Ө.Б.: – Телефон номуруңузду жазып алдым. Сизге бул маселени чечүү боюнча жакын арада байланышка чыгабыз.
Айнура, Токмок шаары:
– Парламенттик шайлоо алдында “7 пайыздан кредит беребиз” дегениңизде “бизди алдап кетпеңиз!” деп кыйкырган элем. Быйыл ошол кредитти алып, жер иштетип жатабыз. Буюрса, түшүм жакшы. Азыр сизге талаадан чалып жатам. Ыраазычылык билдирип коёюн дедим. Бирок “кредит бир эле жолу берилет, кийинки жылы калат” дешүүдө, бул сөз чынбы?
Ө.Б.: – Эккен эгиниңиздин үзүрүн көрүп жатыпсыз, ылайым буюрсун. Кредит боюнча айтсак, ал токтобойт. Эмдиги жылы да берилет.
Айданек, Бишкек шаары:
– Президенттикке татыктуу талапкер кандай адам болушу керек?
Ө.Б.: – Элдин башын бириктирген, тышкы саясатты жакшы түшүнгөн, экономиканы билген, элдин сыноосунан өткөн таза адам болушу керек.
– Дагы бир суроом бар. Менин жашым он беште. Чет өлкөдө окууга жардам бере аласызбы?
– Сөз бере албайм. Мектепти бүтүшүңүзгө дагы эки жыл бар экен. Өкмөттө ушундай мүмкүнчүлүк болсо карап көрөбүз, телефон номериңизди жазып алдык.
Айзада, Ош шаары:
– Мен Орусиянын жарандыгын алгам. Ошко жыл сайын жок дегенде эки жолу келип-кетип турам. Оштун аэропортунан өтүп жатканда 90 күн каттоосу жок жүрүүгө болот экен. Бирок кайра учар күнү 90 күн жүрбөсөк деле “катталбапсың” деп ири суммада акча алып калышат. Бербейин десең рейстен каласың, ашыкча түйшүк жаралат. Айласыздан айткан акчасын карматабыз. Өз жерибизде ушундай баш ооруга туш болобуз дайыма. 19-сентябрда дагы Орусияга учканы турам. Ушул маселени карап коюуңуздарды сурайм.
Ө.Б.: – Аэропорттогу чек арачылар ушундай баш аламандыктарды жасап жатышса... Мен сиздин өтүнүчүңүздү жардамчыларга да жаздырып, белгилеп алдым. Сөзсүз бул баш аламандыкка чекит коёбуз.
Перизат, Жалал-Абад облусу:
– Биздин аймакта жалгыз гана киреше пахтадан түшөт. Андан тапкан тыйыныбыз болгон кирешебиз. Быйыл аябай көп чыгаша болдук эле, бирок баасы арзан болуп жатат. Мындан ары дагы баасы түшөт экен. Сиздин пахтага тиешеңиз бар дешет, чынбы?
Ө.Б.: – Кыргызстандын алыскы тоосунун башында бир гүл сынып калса деле “ушуга Бабановдун тиешеси бар” боло баштады. Менин пахтага эч кандай тиешем да, андай бизнесим да жок. Ал жакта 7-канал деген бар, мени шыбаганды жакшы көрөт. Өзүңүз көрүп жатасыз, мага карата айтылган күнөөлөр аныкталбады. Мени ал телеканалда жаманатты кылдырып жаткандар деле, ал жакта пахта бизнесин кимдер жүргүзүп жатканы деле белгилүү. Бирок өкмөт мүчөсү катары айтып коюшум керек, жакында пахтанын баасы боюнча Айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Анткени бул тармакта кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча бизде да маалыматтар бар. Реалдуу баасын карап чыгабыз.
Айтмакчы, Бабанов түз байланышка чыгарын укканда айрым кызматтардын ичи тардыгы ойгонуп кетти белем, ал күнү кызык окуя болду. Редакциябыздын колдонуусунда бир нече телефондук линия бар. Алар бир канча жылдан бери жакшынакай эле иштеп келет. Кашайып байланышка эки саат калганда, болгондо да элге түз байланыш үчүн жарыяланган телефон линиясы жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле түшүнүксүз себептерден улам бузулуп калбаспы! Аны тезинен оңдотууга туура келди.
WWW.SUPER.KG
САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫНАН БЕРИЛГЕН СУРООЛОР:
Таллас:
– «Айттымбы, аткарам». Ушул сөзүңүз канчалык деңгээлде ишке ашты? Мисалдар менен жооп берсеңиз жакшы болор эле.
Өмүрбек Бабанов:
– Бул сөздү 2008-жылы айткам. Мени көрө албагандар бул сөздү түрдүү бурмалап чыгышты. Кара-Буура менен Манас районуна 2003-жылдан 2007-жылга чейин 32 миллион сом жардам бердим. Буурчактын баасы башында 7-12 сом болчу эле, шайлоодон утуп чыкканда Түркияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвесторлорду алып келип, баасын 25-30 сомго көтөрдүк. Бизде жакшы ишти тез унутушат. Кредиттик компания ачып берем дегем, аны да аткардык. Ага 11-15 пайыздан кредит берип турууга 12 миллион сом бөлдүк. Бирок 7-8 миллиону, тилекке каршы, кайтпай калды. Таластык туугандарым жакшы билет. “Айттымбы, аткарам” деген сөз мен үчүн курч сөз эмес, бул менин принциптерим.
– Ырым-жырымга ишенесизби?
– Жок. Мен ички сезимиме ишенем.
рassionarXXI:
– Жашоодо эң баалуу кеңешти ким берген?
Ө.Б.: – Атам айткан. Ал: «Сөзсүз айткан сөздү аткарыш керек. Досту күтө билүү керек, досту көтөрө билүү керек»,- деген. Менин андай досторум бар, бирок өтө аз.
– Спортко мамилеңиз кандай? Кайсы футболдук командага күйөрмандык кыласыз?
– Адам билимге кандай кызыкса, спортко да ошондой көңүл бурушу керек деп эсептейм. Үч балам бар. Алар билим жагынан кандай сабак алса, спорт жагынан да ошондой сабак алып жатышат. Максат кара курга же бир даражага жетүү эмес, ден соолук, өзүн татыктуу алып жүрүш үчүн. Футболго келсек, испаниялык “Реал” командасына күйөрмандык кылам.
snejinka:
– Башыңызга оор күндөр келгенде кайрылар адамыңыз барбы?
Ө.Б.: – Кыйынчылык түшкөндө жанымда досторум болот. Баарын, албетте, айта албайсың. Мен бул маселеге философиялык көз карашта ойлоном. Ар бир жаман нерсенин артынан сөзсүз жакшы нерсе келет. Аны адам күтө алабы же өзүнөн.
КРнын Биринчи вице-премьери Өмүрбек Бабанов мындан ары да www.super.kg сайты
аркылуу окурмандарыбыздын суроолоруна жооп берип турмакчы болду.
Өмүрбек Бабановго окурмандар жана
сайтыбыздын колдонуучулары менен
катар биз да суроо узатканга үлгүрдүк.
– Электр энергиясы боюнча жогоруда суроо-жооп болду. Ошентсе да тактагыбыз келет, анын өздүк баасы толугу менен такталып бүттүбү?
– Өздүк баа: гидроэнергетика, транспорттоо, жоготуулар жана жылуулук-энергетикалык тармактардын кетирген чыгымдары аркылуу чыгарылат. Андан тышкары капиталдык каражат жана кредиттер бар. Буга чейин эл аралык аудитордук компаниянын адистери эсептеп чыгып, азыркы элге берилип жаткан баадан өздүк баасы кымбат деген жыйынтыкты беришти. Биз кайрадан эсептеп чыгалы деп жатабыз. Анын баасы бир гана учурда арзан болушу мүмкүн. Эгерде жоготуулардын көлөмүн азайтсак. Эске алып коюу керек, Кыргызстандагы азыркы баа бардык КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң арзаны.
Соңку 20 жылда эң чоң электр энергия сатуунун көлөмү 2 миллиард 400 миллион киловатт-саат болгон экен. Быйыл бир тамчы да сууну жөн коё бербей, 3 миллиард 200 миллион киловатт-саат ток өндүрүп, аны 2,8 центтен саттык. Баары биригип мындан 87 миллион доллардын тегерегинде киреше түштү. Бул чоң жетишкендик. 20 жыл ичиндеги рекорд. Өткөн аптада Казакстанга барган иш сапарымда Казакстандан газ сатып алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Өзбекстан учурда газдын 1000 кубун бизге 285 доллардан сатса, Казакстандан 185-195 доллардын тегерегинде алууну сүйлөшүп жатабыз. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда мындай келишим буга чейин болгон эмес. Эгер ал ишке ашса, бюджеттен 25-30 миллион доллар үнөмдөлөт. Биринчи вице-премьер ошондой сарамжалдоо алып келип жатса, анда татыктуу иштеп жатат десек болобу (тамашалай күлүп калды)?
– Кыргызстанда парламенттик башкаруунун келечегине ишенесизби?
– Биздеги эң чоң көйгөй бул – шашмалыгыбыз. Бат эле Баш мыйзамды алмаштыра бергендигибиз. Мына, он тогуз жыл бою супер президенттик башкаруу менен жашадык. Анын жыйынтыгында экөө тең качып кутулуп, мамлекет жакыр өлкөгө айланды. Азыр биринчи жолу парламенттик системада жашай баштап, анын жакшы-жаман жактарын анча-мынча көрө баштадык. Жакшы жагы, башкаруунун ачыктыгы. Парламенттеги талкууларды эле алалычы. Мына, мисалы, сот системасын реформалоо боюнча кандай талкуулар жүрдү. Илгери бул маселе бир жолу минтип коомчулук алдында талкууга түшкөн эмес. Мына, “Республика” партиясынан аткаруу бийлигине келдик, бирок төрт жылда биз жакшы иштеп бере албасак, андан кийинки чакырылышта бизди эч ким шайлабайт! Бизге ишенбейт! Бул сөз жок парламенттик башкаруунун оң жактары. Баа берүүгө али эрте. Бул системада жок дегенде 5 жыл жашап-иштеп көрүшүбүз керек.
– “Республика” бул жолку шайлоого катышпай, аны мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу аракети менен түшүндүрдүңөр. Ошентсе да президенттик жарышка катышпай коюу жеке Бабановго же партияга кандай пайда алып келет?
– Биринчиден, партиябызга токтолсом. 20 жылдык Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет бийликтин эмес, оппозициялык партия катары түзүлүп, үч айдын ичинде эле жеңишке жеттик. Кантип утуп чыктык? Анткени буга чейинкилер Кыргызстанды түрдүү аймактарга жана урууларга бөлүп салды. Мен аймактардагы кадыр-баркы бар адамдарды чакырдым. Анын ичинде Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев жана башкалар бар. Конкреттүү түрдө программаны аныктап, өтө тобокел жол менен чыккан элек. Эгерде аткара албай калсак, эртең бизге ким ишенет деген чоң жүк турган. Биз президенттик шайлоого деле катышсак жарашмак, анда татыктуу орунду ээлеп, жок дегенде экинин бири болмокпуз. Чынында, өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын ичинен биз гана тегиз, түндүк жана түштүктөн бирдей добуш алганбыз. Бирок элдин бөлүнүп-жарылышын каалабадык.
– Кезинде Роза Отунбаевага Жогорку Кеңештеги ордуңузду бошотуп берген элеңиз. Былтыр ал сизге коалиция түзүү тизгинин тапшырды. Ушул эки окуяны бири-бири менен байланыштырууга болобу?
– Мен мандатымды алып туруп, анан Роза Исаковнага жол бошотуп бергем. Бирок эки окуянын байланышы жок. Эгерде Роза Исаковнада ошондой ой болсо, анда коалицияны куроо мүмкүнчүлүгүн «чү» дегенде эле мага бермек да. “Ата Журт” алдыңкы орунду ээлегенине карабастан, коалицияны түзүү укугун алгач КСДПга берди. Кийин “Ата Мекенге” беребиз дешкенде, алар баш тартышты.
– Акыркы жарым жылда сизге байланыштуу көптөгөн жаман-жакшы сөздөр айтылды. Аларга карата реакцияңыз? Же сизде мындай кептерден коргонуучу иммунитет барбы?
– Мен деле бардыгы сыяктуу адаммын. Ар бир кара пиардын сөзсүз таасири тиет. Мурун андай каралоолорго, ушактарга сөзсүз жооп берчүмүн. Коалиция түзүлгөндөн бир ай өтпөй аны уратуунун аракетин кыла башташты. Ал үчүн мага асылмай башталды. Кандай шылтоо бар? Ал шылтоо “Мегаком” болуп чыкты. Мени канча каралашпасын, аягына чейин күрөштүм. Азыр бул компания мамлекеттик казынага 850 миллион сом дивиденд төлөп, анын негизинде мугалимдерибизге, врачтарга жана башка кызматкерлерге айлыктар берилип жатат.
– Иш сапарларга чыкканда катардагы каттам менен учарыңызды угуп калабыз. Бул депутаттардын Малайзияга сапарына байланыштуу чыккан чуудан уламбы же ага чейин эле ушундай иш жүргүзүп келгенсизби?
– Жок, ага байланыштуу эмес. Мен, кайда барбайын, катардагы каттам менен эле учам. Бизнестен келгеним үчүнбү, тыйын санаганды, үнөм эмне экенин билем. Айланама жоон топ кошчу алчу эмесмин, иш сапары болсо деле. Бирок “Москвадан ары Беларуска барып келди” деген ушак чыгарышкан соң мен да жардамчы-кабарчы дегендерди кошуп алпара баштадым.
– Жай аягына чыгып калды. Эс алууга мүмкүнчүлүк болдубу?
– Дем алыш күндөрү гана. 10-12 күн эч ким телефон чалбаса, жаныңда жакшы китеп жана үй-бүлөң болсо... Менимче, эс алуу деп ошону айтса керек. Антип эс алууга мүмкүнчүлүк болбоду.
– Кайсы белгилүү бренддин саатын тагынып, кийимдерин киесиз?
– Байкасаңыз, азыр колумда саат да, шакек да жок. Эркек кишинин антип эле жасана бергенин жактырбайм. Албетте, жакшы саатым бар. Ылайыгы, ыңгайына жараша костюм-шымдар бар. Мен үчүн эң маанилүүсү, кийим таза болсо жетиштүү.
– «Эркек байлыкка, кийин бийликке умтулат. Кандайдыр бир деңгээлде согуш-күрөштөргө да муктаж» дешет. Сиз багындыра элек кандай чокулар калды?
– Тыйын табуу мен үчүн кенен кыймылдаганга, максаттарымды башка нерселерге алагды болбой ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер үй-бүлөңдүн курсагы ток, кийими бүтүн болбосо, кенен иш жүргүзө албайсың. Бийлик негизги максатым эмес. Балким, “баягы эле кооз сөздөр” катары угулушу мүмкүн. Бирок менин максатым – өз өлкөмдү алдыңкы беш мамлекеттин катарына жеткирүү. Ал үчүн бардык аракетти жасайм. Качан жетем, качан иш жүзүнө ашат, бул Кудайдын тилеги менен болсо керек. Ошондой эле элдин колдоосунан, ишениминен да көз каранды.
Эльвира Караева, Шаиста Шатманова
politika@super.kg