Бир бүркүм... КУТКАРУУЧУЛАР 4 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛЫШАТ...
Ош облусунда 8 айдын аралыгында 954 турак үй пайдаланууга берилди.
Ош шаарындагы 8 базарда соода-сатык менен алектенгендер 2012-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөөдөн бошотулушту.
12-сентябрь күнү Бишкек шаарында 17 жаштагы Акылбек кызы Айзада көз жарып, үч эм кыз төрөдү.
“30-октябрь – шайлоо күнү 6 миң милиция кызматкери жана 13 миң элдик кошуундун өкүлдөрү коомдук тартипти камсыз кылышат”,- дейт Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков.
“Улутташтырылган “БНК” компаниясы биринчи баскычта 123 миллион сомго бааланып, ал аукцион аркылуу сатылат”,- деди биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов.
Салык кызматы Тажикстанга күйүүчү май ташуунун контрабандасына шектүү 56 фирманын материалдарын сотко өткөрүп берди.
Талас, Нарын жана Чүй облустарынын медициналык мекемелерине АКШдан 558 миң долларга бааланган гуманитардык жардам келет.
Ош жана Жалал-Абад облустарында учурда 1700 квартира курулуп жаткандыгын Жантөрө Сатыбалдиев айтты.
Алмазбек Атамбаев Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьер-министри Вэнь Цзябао менен жолугушту. Анда Цзябао Кытай Кыргызстандын жакшы коңшусу жана өнөктөшү болууга даяр экенин билдирген.
Өлкөдө кант диабети менен ооругандардын саны – 33 миң.
Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы 4 миң сомду түзөт.
Жалал-Абад шаарында “Мен Кыргызстанды бөлбөйм” аттуу форум өтөт.
Быйыл салыктын көбүн түстүү металлургия, байланыш жана дүң соода менен алектенген ишканалар төлөштү.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күз-кыш мезгилинде маал-маалы менен жарык өчүрүлбөйт.
Ысык-Көлдө ШанхайКызматташтык Уюмунун биринчи Жаштар форуму уюштурулмакчы.
Жалал-Абад облусунда жылдын башынан бери 562 жол кырсыгы катталып, анда 146 киши набыт болгон.
Бишкек шаарына 16-сентябрда Казакстандын премьери Карим Масимов иш сапары менен келет.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, "Верзила" деген лакап аттуу Чыңгыз Жумагулов Тажикстандан кармалды.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясы мамлекеттик тилди колдоого телемарафон өткөрөт.
"Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн 14 талапкерди Роза Отунбаева чакыртып алды",- деп президенттин ЖКдагы өкүлү Данияр Нарымбаев айтты.
Монополияга каршы көзөмөлдөө агенттигинин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы бул аптада 97 сомго чейин кымбаттап, 1 тоннасы 3,5 миң сомдун тегерегин түзүп калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.