БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мамлекет башчынын кызматына ат салышкандардын саны 32 болгонун билдирди. 80ден оогон талапкерлердин саны күндөн-күнгө азаюуда. “15 талапкер шайлоо фондун ачпагандыгы үчүн тизмеден алынган. Ага чейин 32 талапкер БШКга 30 миң кол топтоп келбегендигине байланыштуу четтетилген болчу. Азыр колду текшерип чыгуу боюнча иштер уланууда”,- дейт төрага. Баса белгилөөчү жагдай, талапкерлердин саны мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан сынактан кийин да кыскарышы ыктымал.
15-сентябрь күнү Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев президенттикке койгон талапкерлигин алып салгандыгын жарыялады.