“Ар-намыс” фракциясынын айрым депутаттары лидери Феликс Куловду көзүнө илбей, төрүнө батырбай жатышат. Алар “темир генералды” башчылыктан алып түшүп, ордуна эл өкүлү Камила Талиеваны шайлап жиберүүгө үлгүрүштү. “Феликс мырза мындан ары фракциянын лидери эмес. Биз анын амбициясы үчүн коалицияга кирбей калдык”,- деп Анвар Артыков догурунду.
Оңой менен кебелбеген Феликс Кулов буга чейин партия ичиндеги тымызын тирешүү боюнча сыр алдырбай келген. Бул окуядан соң партиянын чукул жыйналышын өткөрдү. Анда катышкан 580 делегат Куловду гана лидер деп кабыл алышарын айтышты. Андан тышкары “Ар-намыс” партиясынан президенттикке ат салышкан Акылбек Жапаров менен Турсунбай Бакир уулун колдобойбуз” деп бекем сөз беришти.