Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда Президенттик аппараттын башчысы, Ак үйдүн “серый кардиналы” атыккан Медет Садыркуловдун каза болгонуна эки жыл болду. Анын сөөгү өрттөлгөн унаанын ичинен табылган. Кылмыш ишин “жол кырсыгы” деп бурмалоо аракетине ишенгендер дээрлик болгон эмес. Мына эми ошол кылмыш ачылып отурат.
“ЖАНЫШ БАКИЕВ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ”
“Өлтүрүүгө тиешеси бар 17 киши кармалды, анын баары мурунку мамлекеттик кызматкерлер. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы начальниги Айбек Абдразаковдун өзү өлтүрүүгө катышкан. Жаныш Бакиев да бул окуяга түздөн-түз катышып, өлтүрүү убагында, кийин сөөктү жүктөө учурунда баарын көрүп турган”,- деп Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди.
Садыркуловдун Бакиевдер тарабынан киши колдуу болгонун көпчүлүк билсе да, мындай расмий сөздү айтууга эки жылдан бери эч кимдин кудурети жетпей келген. Чынында эле Ички иштер министрлигинин тарыхында бул ишти ийгиликтүү иликтөө деп айтууга арзыйт. Эгерде министрдин айткан сөздөрү далилденсе, экс-президент Курманбек Бакиевдин режими криминалдык чөйрө менен тыгыз, кээ бир учурда чогуу иш алып барганын тастыктай алат.
Эскерте кетсек, 2009-жылы 13-мартта Аламүдүн районунун “Тёплые ключи” курортун көздөй созулган жолдо Ауди 100 жана Тойота Лексус 570 кагылышып, анда эки унаа тең өрттөнүп кеткендиги айтылган. Лексустун ичинен үч адамдын сөөгү: Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов табылган. Үчөөнүн өлүмүнө Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген. Бирок Апрель окуясынан кийин ал абакта 11 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн.
“КЫЗЫЛДАР” МЕНЕН “КАРАЛАР” БИР КАЙЫКТА
Зарылбек Рысалиевдин айтымында, Осмоновду өлтүрүү чындыкты жашыруу үчүн жасалган. Буга байланыштуу Талантбек Чолпонбаев кармалып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алманбет Анапияевдин буйругу менен Осмоновду өлтүргөнүн айтып берген. Ал эми жогорудагы үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча иштин баары Президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасында болуп өткөндүгүн, анда үчөөнү токмоктошуп, кийин муунтушуп, аягында гана из жашыруу үчүн машинада өрттөп жиберишкенин билдирди.
Укук коргоо органдары ошол учурда Ички иштер министри болуп турган Молдомуса Конгантиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалардын ошол кезде бул ишке көзүн жумуп койгондугу тыкыр текшерүүгө алынарын жана суракка чакырыларын айтышууда. Азырынча шектүүлөрдүн арасынан Чек ара кызматынын ошол кездеги жетекчиси Замир Молдошевдин колго түшүрүлгөнүн ИИМ билдирүүгө жетишти.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев КТРКга берген маегинде: “Мунун баары экс-президент Курманбек Бакиевдин кабары жок жасалышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу маалыматыбыз да бар. Бул ишти саясий өлтүрүү болгон деп айтууга негиз бар”,- деди.
Бирок дүрбөлөңдүү иштин былтыркы жылдын апрель айынан бери мына эми, президенттик жарыш мурун учунда турганда ачыла калганы түкшүмөл туудурат. Бул «чуулгандуу ачылышты» кандайдыр бир жагдай үчүн пайдаланганы жатышабы? Балким, талапкерлердин ичинен бирөөнө кошумча упай керектир же күчтүү атаандашты катардан алып салуу аракетиби?