КОМПЬЮТЕРДЕ КӨП ИШТЕГЕНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ

Компьютерде эртеден-кечке иштөө ден соолукка зыяндуу экени талашсыз. Өзгөчө көздүн көрүүсүн начарлатат. Бирок замандын талабына ылайык, кеңселерде компьютердин маңдайынан чыкпай иштөөгө туура келет. Мындай учурда ден соолукту сактоо үчүн кандай аракеттерди жасоо керек экендигин сөз кылалы.

ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛГӨ ТҮЙҮП АЛУУЧУ ЖАГДАЙЛАР

ЖУМУШТА ЖАНА АНДАН КИЙИН...

  • 2 саат сайын 10-15 мүнөттөн тыныгуу керек. Тыныгууда көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасаңыз. Бул үчүн түз отуруп, өйдө-ылдый, оңго-солго, сааттын жебесинин багыты боюнча жана сааттын жебесинин багытына каршы карап, көзүңүздү кыймылдатыңыз.
  • Андан кийин колдун манжасын көзгө туштап тиктеп туруу керек да, анан акырындык менен кароону эң алыс турган бир чекитке багыттаңыз. Алыс турган чекитти толугу менен карагандан кийин кайра акырындык менен көздүн кароосун манжага бурабыз. Муну 2 мүнөттөй отурган абалда кайталаңыз. Андан соң көздү жумуп, денеңизди бош таштаңыз.
  • Абадан кере дем алып, колдун булчуңдарын чоюу менен керилиңиз. Эки колду жогору көтөрүп, артты көздөй кериңиз.
  • Бир калыпта 20-30 мүнөттөн ашык отурууга жана турууга болбойт. Дайыма кыймылда болуңуз.
  • 2 саат сайын эс алуу учурунда бөлмөнүн эшик-терезесин ачып, ичин желдетип абаны алмаштырып туруңуз.
  • Жумуштан чыккандан кийин жарым чакырымга чейин жөө, шашпай бир темпте басыңыз.

Мындан тышкары үйдө да төмөнкү эрежелерди сактоого аракет кылыңыз

  • Кечинде жатарда алдыңыздагы төшөк жукараак болууга тийиш. Себеби калың төшөктө жаткан адамдын денеси талыкшып, эртең менен турганда кыйналып калат. Бирок өтө жука да болбошу керек. Жука болуп калса, полдун катуулугунан денеңиз жанчылып, уйкуңуз бузулат.
  • Жаздык да өтө жумшак жана бийик болбоосу зарыл. Бийик жаздык баштагы кан айланууну жайлатат жана мээ жетиштүү деңгээлде эс ала албай калат.

КЫСКАЧА

  • Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, өмүр бою отуруп иштеген адамдын өмүрү 10 жылга кыскарат экен.
  • Ошондой эле дамамат отуруп иштөө геморрой, остеохондроз, семирүү, простатит, варикоз, кан айлануунун бузулушу жана башка оорулардын пайда болушуна алып келери аныкталган.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
nurbek_posol
2011-09-26 16:15:26
Пайдалуу кенеш экен. Рахмат ! Аракет кылабыз эрежени сактаганга !
0
PATRIOT_KG
2011-09-26 17:51:57
(( жумушум баары комп менен байланыштуу (( отургумда келбей калат го 10 жыл жашоон кыскарса )О
0
workaholic
2011-09-26 18:14:58
ааиий, накта мага арналган маалымат экен, копчулугун билчумун, мындай кийин да аларды аткарууга аракет кылыш керек экен.
0
lira
2011-09-26 19:58:50
Bul maalymatty mektepte okyp jyrgondo ele "Dene Ergonomikasy" dep ottyk ele...
Paidaluu keneshter koboyo bersin!
0
Rayl
2011-09-27 00:50:05
А кактусту жазбаптргоА кактусту жазбаптрго
0
Датка кыз
2011-09-27 09:03:04
Ммм...абдан пайдалуу кенеш экен. Чынын айтсам, бирин да аткарбайт экенмин. Эми бул эрежелерди сактаганга аракет кылайын
0
dina
2011-09-27 12:18:47
Чон рахмат супер.
0
Karysh
2011-09-28 14:05:36
Ушул эреженин баарын аткарган азаматтар барбы екен
0
19zamir87
2011-09-28 19:01:41
Мен бул жерде жазылган эрежелерди аткарбайм.Эреже бузамын комптто олтурганда!
0
arzuu1
2011-09-29 01:44:22
Кенешинерге чоон рахмат, бирок жакында очки тагат окшойм, компто ото эле коп отурам.
0
Хан
2011-09-29 12:50:11
Rayl
"А кактусту жазбаптргоА кактусту жазбаптрго"
Кактус жана башка сатылып жаткан атайын пластиктер, электромагниттик нурдануудан сактайт деген коз айнектер болбогон нерсе. Адис катары айтаарым 1-компьютериниздин электромагниттик нурдаануусун атайын олчоочу прибор менен билиш керек. Суюк кристалдык мониторлордун анча коп зыяны жок эгер туура колдонулса (заземлениеси болсо, монитордун жыштыгы туура коюлса). ал.эми эски мониторлор коркунучтуу.
0
Shekerbek
2011-09-29 14:23:09
жакшы совет! бирок айла жок ишин компьютер болсо менин чачтарым тушо баштады, эрте эле таз болуп калам го деп корком дагы кошумча маалымат болсо берсениздер сураныч ! starxaker_87@inbox.ru
0
kg-toxa
2011-12-24 02:18:38
пайдалу совет экен!бирок тилеке каршы алрды аткарбайбыз да
0
asd12
2012-05-26 15:54:03
Рахмат, Супер. Бул кенешинерге, дагы кененирээк маалымат болсо берсениздер, Сиздерден сураныч.
0
miraimjan
2013-01-28 19:10:12
shoooooooooooooon rahmat
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан