ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Индия

ЗИЛЗАЛАДА 48 АДАМ ЖАН БЕРДИ
Индия, Непал жана Тибетте жер титирөө болду. Зилзаланын очогу Индиянын Гангток шаарынан 72 чакырым алыстыкта жайгашып, 18-сентябрда жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 06:10до силкинген. Анын жыйынтыгында Индиянын Сикким штатында 6,9 баллга жеткен кырсыкта 25 адам каза тапкан. Ошол эле учурда Непал жана Тибетте 23 киши көз жумду. Азырынча канча адамдын үйсүз калганы жана башка жабыркоочулардын саны тактала элек.

Франция

СТРОСС-КАН ЭМИ ТАЛАПКЕР ЭМЕС
Францияда 2012-жылы өтүүчү президенттик жарышка Социалисттик партиядан ат салышуусу күтүлүп жаткан Доминник Стросс-Кан талапкерлигин койбой тургандыгын билдирди. Дүйнөлүк каржы фондунун мурунку директору Стросс-Кан мейманкананын кызматкерине жыныстык кысым көрсөткөндүгү үчүн айыпталып, ошого байланыштуу ызы-чуудан улам башкаруудан кеткен болчу. Бул жаңжалдын айынан анын кадыр-баркы да төмөндөй түшкөн. Ошентип, 2011-жылдын август айында сот тарабынан акталып чыкканына карабастан, ал саясаттан оолак болууну туура көрдү.

Норвегия

ПАЙГАМБАРДЫН СҮРӨТҮ ҮЧҮН ЖАЗА ТАРТЫП...
Даниялык карикатура сүрөтчүсү Курт Вестергаард Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартканы үчүн бир нече жолу кол салууга дуушар болгон. Жакында Норвегияга болгон иш сапарында ага каршы кол салуу даярдалып жатканы маалым болуп, норвегиялык укук коргоочулар шектүү адамды кармашты. Кармалган адам курал жана жардыргыч заттын жардамы менен сүрөтчүнү өлтүрүүнү көздөгөн. Эске салсак, Вестергаард 2005-жылы мусулмандар ыйык деп эсептеген Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартып, гезитке жарыялаган. Анда ал күйүп турган бомбаны элестеткен селдени пайгамбардын башына ороп койгон эле.

Кытай

КОКАИН ТАШЫГАН “КРУТОЙЛОР” КЫЛТАККА ИЛИНДИ
Гонконг шаарынын кварталдарында полиция тарабынан рейд жүргүзүлүп, анын негизинде биринчи жолу рекорддук көлөмдөгү 567 килограмм кокаин тартылып алынды. Баңгизаттын баасы 77 миллион доллардын тегерегин чапчыйт. Тинтүү учурунда 8 адам кармалып, алар Мексика, Колумбия жана АКШнын жарандары болуп чыгышты. Бул адамдардын алтысы гана сот алдында жоопко тартылмакчы. Ал эми экөө күрөө менен бошотулду.

Латвия

КЫСЫМГА КАБЫЛГАНДАР ЖЕҢИШТҮҮ БОЛУШТУ
Латвияда 17-сентябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп, беш партия парламентке келди. Парламентке берилген 100 орундун 31и шайлоодо эң көп колдоого ээ болгон “Макулдашуу борборуна” тийди. Ал Латвиянын орус тилдүү элинин укугу үчүн күрөшүп келгени жана “орустардын партиясы” деген аталышы менен таанымал. Бул өлкөдөгү 345 миңге чукул орус тилдүүлөр добуш берүү укугунан ажыратылган. Ага карабай аталган партия озуп чыкты. Андан тышкары башында экс-президент Валдис Затлерс турган “Затлерстин реформалар партиясы”, премьер-министр Валдис Домбровскистин “Биримдик” блогу, “Бардыгы Латвия үчүн” жана “Жашылдар жана дыйкандар” партиясы жеңишке ээ болушту.

Өзбекстан

ӨЗБЕКСТАН АТААНДАШТЫКТЫ ТАЛАШАБЫ?
Дүйнөлүк эл аралык банк тарабынан Өзбекстанга 110 миллион доллар акча бөлүндү. Каражат “Талимаржан” жылуулук электр станциясынын “Согдиана” подстанциясын курууга жумшалат. Подстанция аркылуу Самарканд, Кашкадарыя, Навои жана Бухара облустары электр жарыгы менен камсыздалат. Буга чейин Борбор Азияда электр энергияны өндүрүү боюнча Кыргызстан менен Тажикстан лидер болсо, эми аларга Өзбекстан да атаандаш болмокчу.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
19zamir87
2011-09-28 19:39:25
Кыргызстан №1 электр энергия боюнча!
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан