ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

(Башталышы өткөн сандарда)

2004-жылдын 11-февралында Грузиянын парламенти аткаруу бийлигин реформалоо боюнча долбоорду кабыл алды. Негизги багыт болуп «максимальное дерегулирование» же «кичинекей мамлекеттик аппарат» саясаты аныкталды.
«Революциядан кийин бизге жаңы нерсе түзүү керек экендигин, эски нерселердин иштебесин билгенбиз. Ошол эле учурда паракорлуктан арылуу керек эле»,- деп эскерет реформаторлордун бири Вато Лежава.
Революциядан аз гана убакыт өткөндө болочок реформачылар кантип жыйынтыктуу иш-аракет жасоого көздөрү жеткен? Анда мамлекеттик аппаратты максималдык түрдө кыскартуу керек экендиги айкын болгон. Ошол эле учурда жаңы демдин, жаңы адамдардын келиши гана эмес, мамлекеттик система эски адамдардан толук арылуусу керек экендиги да түшүнүктүү болгон.
Мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин жаңы бийликке берген кеңеши ташка айтылгандай болуп, унутта калган. Ал «жаңы бийлик азыркы мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан айдабашы керек. Алардын арасында абдан көп жакшы адистер бар» деген эле. Бул тууралуу Вато Лежава: «Бюрократия ар дайым өзүнө иш таап кетет. Үстөл коюп, ага бюрократты отургузуп коюп, бирок эч бир тапшырма бербесең да, ал бир нерсе ойлоп табат. Анан үч жылдан кийин ансыз эч иш жүрбөсүн, катастрофа болорун айта баштайт»,- деп айтып калат.
Маселе жалаң гана саны арбыган мамлекеттик аппаратта эмес эле. Негизги маселе мамлекеттик структуранын түшүнүксүз, тамырланып, бирок аткарчу иштери кайталанган системасында болчу. Текшерүүчү органдар, ар кыл уруксаттар, лицензиялар ойлонуп табылып, айтор, мамлекет калкын катуу басмырлай баштаган.
Ошентип, министрликтерди жана ведомстволорду кыскартуу, жыйынтыксыз адамдарды жумуштан айдоо менен жаңы адистерди ишке алуу максат катары коюлду.
Каха Бендукидзенин аппаратын калыптаган Михаил Иашвили өзүнүн алдына абдан эле жөнөкөй «акылдуу адамдарды тандаш керек» деген тапшырма коюлганын эскерет. Ушундай тапшырмадан соң министрликте иштеген миңге жакын адамдын арасынан элүүгө чамалуу гана ишкер калган. Андан соң атаандаштуу тандоолордун негизинде жаңы адамдар кошулган. Грузия үчүн бул абдан таң каларлык болду. Себеби мурда таанышың же акчаң болбосо жумушка орношуу жомоктой эле.
2005-жылы Реформаларды өткөрүү боюнча министрдин орун басары болуп келген Лили Бегиашвили өнөр жай департаментин кантип жок кылгандарын терең үшкүрүү менен эскерет: «Ал жакта улгайган адамдар, академиктер иштечү. Аларды жумуштан айдоо кыйын болду. Бирок базар экономикасында ийгиликке жетишем десең, анда бул департаменттин эч кереги жок эле».
Бегиашвили кийинчерээк Айыл чарба министрине дагы орун басар катары келип, ал жакта да терең реформаларды жасаган. Аппараттын кызматкерлерин улам тазалап, улам жаңы жана таза адамдарды алып отуруп, акыры министрликте иштегендердин саны мурдагыдан 7 эсе азайган. «Өлкөнүн жарымы мени жек көрүштү. Себеби мен 4374 адамдын ордуна 600 гана адамды жумушта калтырдым»,- дейт Бегиашвили.
Тбилиси мэриясында баштагыдай 2500 эмес, 800 гана жумуш орду калды. Каржы министрлигинде бир жылдын ичинде 5342 адамдан 3673 гана кызматкер калган. Мындай мисалдарды дагы улантса болот, себеби бүт министрликтерде реформалар жүрүп, жаңы адамдар жумушка алынып, эски адамдар менен кош айтышуу жараяны башталган. Ошентип, сапаттуу мамлекеттик аппаратка пайдубал куюлган.

(Уландысы кийинки сандарда)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан