КУРЧ КАРЕКТЕР БИРОТОЛО ЖУМУЛДУ

Кейиштүү караган көздөр менен оор үшкүрүктөр... Ошентип, кыргыздын коомдук ишмери, өткүр саясатчысы, курч калемдүү журналисти Мелис Эшимканов акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнатына келген көпчүлүк анын жаш кеткенине аттиң кылып, көз жаштар далай жүз аарчыны суулады.

“БАЯГЫ АСАБАГА” БИР КАДАМ КАЛГАНДА
Кубаныч, кайгы-капаны, жакшылык менен жамандыкты кошо көп жолу башынан өткөргөн Опера-балет театры бул жолу Мелис мырзаны акыркы сапарга узатканы турду. Келген элдин көптүгүнөн анын кандай адам экенин байкоого болор эле. Көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер, журналистика чөйрөсүнүн улуу-кичүү өкүлдөрү, искусствонун таанымал жүздөрү же жөн гана анын адамдык сапатын жогору баалап келген көпчүлүк ичтен кайгырып турду.
Жанымда тургандардын биринен “эч болбосо жаңы гезитинин биринчи санын чыгарууга үлгүрсө эмне?!” деген үшкүрүк коштогон шыбырды угуп артка кылчайдым. Мелис мырза жакында “Баягы Асаба” деген аталышта жаңы үлгүдөгү гезит чыгарууну пландап жүргөн. Ал максатына жетүүгө саналуу гана кадамдар калганда мүдүрүлүп жыгылып, ошол бойдон турбай калып жатпайбы. Мейли саясаттабы, журналистикадабы же башка бир жумуштардабы, айтор, иштей турган маалы эми келген. Замандаштары болсо анын инсандык сапатын, тайманбастыгын, бардык адамдарда эле боло бербеген сырдуу касиетин белгилеп, анын орду эми эле бош калып, коңултуктай баштаганын айтып кайгырышты.
Бишкек гуманитардык университетинин проректору Анарбай Сыдыков: “Мелисти бала чагынан бери тааныйм. Өзгөчө адам болчу. Студент кезинде эле шамдагай жана өжөрлүгү менен айырмаланып турган. Айрыкча футболду жакшы көрчү жана өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин футбол ойноп келди. Биздин университеттеги көптөгөн студенттер Мелистин мектебинде практикадан өтүшкөн. Кыргыз эли чыгаан уулунан айрылды”,- деп эскерди.

АКЫРКЫ ҮШКҮРҮК...
Саат 11де каалга ачылып, келгендер Мелис Эшимкановдун жүзүн акыркы ирет көрүп калууга ашыгып, ичкериге агылды. Андан соң сыртта чакан митинг уюштурулду. Өмүрбек Текебаев, Султан Раев, Ибрагим Жунусов, Темир Сариев өңдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жердештери, достору коштошуу сөздөрүн айтышты. Өкмөттүн атынан жалпыга көңүл айткан вице-премьер Ибрагим Жунусов буларды айтты: “Мелистин акыркы жазгандарына көңүл бурсак, ал “үшкүрүк – ойлордун туу чокусу” деген сөздү көп жазгандыгын көрөбүз. Чындыгында, ал үшкүрүк менен өмүр сүрдү. Өмүрүнүн акырына чейин үшкүрүнүп жашады. 15-сентябрда саат 15:00дө Мелистин акыркы үшкүрүгү чыкты. 1960-жылдары Рыспай Абдыкадыров ыр дүйнөсүнө кандай бурулуш жасаса, 1990-жылдары Мелис Эшимканов журналистикада дал ошондой бурулуш жасады. Ал элдин эсинен эч качан унутулбайт”.
Ал эми Жогорку Кеңештин атынан сөз сүйлөгөн депутат, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев маркумдун коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө токтолуп: “Мелис өзүнүн жаштыгын, курчтугун Кыргыз мамлекетин курууга арнады. Тобокелге көп барып, дың жерге чыйыр салган чыгаан экспериментатор дагы болчу. Биз анын баштаган иштерин аягына чыгарууга сөз беребиз”,- деди.
Ошол эле учурда элди аралаган бир жөнөкөй суроо жүрдү. “Эмне үчүн президент менен премьер-министр келген жок?” Убактысы жок го дейин десең, Өкмөт үйүнөн бул жерге жетүүгө кукси даярдаганчалык эле убакыт кетет. Көрсө, кеп башка жакта экен. Бир кезде Мелис мырза менен Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана башка лидерлер болуп К.Бакиевдин бийлигине каршы күрөшкөн күндөр болгон. Кийинчерээк Мелис мырза пикирин өзгөртүп, Бакиев менен тил табыша иштеп кетип, калгандары сыртта калып калган жайы бар. Ошол күндөр эсине түштүбү, айтор, бир кездеги табакташтары келишкен жок. Кыргызда «өлгөн адамдын карызын кечип», «анын артынан жаман сөз чыгарбай», «каталарын кечирүү» сыяктуу саясий эмес, турмуштук эрежелер бар. Балким, аталган жетекчилер ошол нерселерди унутушкан чыгар.

ЭШИМКАНОВ ЭМИ ЖОК
Маркумдун сөөгү борборубуздагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Анын урматына куран түшүрүлүп, бир ууч топурак сала үшкүрүп отуруп калдык. Чындыгында, Мелис Эшимканов аз жашады, бирок саз жашады. Жашоодо көптөгөн бийиктиктерди багындыра алды, бирок ал жеңиштер жөн эле багынып бере койгон эмес. Өмүрү жардын кырында турган учурлары болду, адамдык бейнесине жакшы-жаман сөздөр айтылды. Бирок мындай тоскоолдуктар анын карманган позициясын, көздөгөн максатын өзгөртө албады. Тагдыр да, кечээ эле алыстарды тиктеп, алыстарды эңсеп турган курч карек бүгүн биротоло жумулду. Бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу.

...Көргөн-билген “көзү өттү” деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көнө алышпай дос-тууган,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл. Китеп. Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз жаш төгүшөт.
Акырында балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт.

А сен болсо, кол-бутуңду чече албай,
«Ала-Арчадан» Асанбайга жете албай.
Кум жамынып, чым жазданып жатасың,
Курган башты үйүңө алып кете албай... Шайлообек Дүйшеев

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Мелис Эшимкановду акыркы сапарга узатуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
EkaMika
2011-09-26 11:30:07
Jatkan jeri jailuu bolsun!Kurkuz jurtum altunday bolgon adamunan ayruldu!
0
mafi
2011-09-26 13:50:45
жаткан жери жайлуу болсун. барган жери жарык болсун. артында калган туугандары сабырлуу болушсун. бул дуйнодо жоготуу деген бар экен...
0
nurbek_posol
2011-09-26 14:11:01
Жаткан жери жайлуу болсун !
0
ramil
2011-09-26 16:37:37
коро албай жатам го толук.
0
workaholic
2011-09-26 18:23:25
жаткан жери жайлуу болсун.
0
ramil
2011-09-26 20:34:39
Мелис аганын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алла бейишин берсин.
0
prenses
2011-09-27 03:42:10
soboleznuyu!:( iskrenne jal!
0
Rostov-on-Don
2011-09-27 17:49:02
Жаткан жерин жаннатта болсун,уй булоосуно эн жаман болду.Мен да ыйлап олтурам.
0
adelima
2011-09-27 19:43:57
ушинтип бетин ачып коебу?
0
kgbala
2011-09-28 03:16:15
Жаткан жери жайлуу болсун
0
zikonostra
2011-09-28 20:50:25
jatkan jeri jailuu bolsun, topuragy torko bolsun! Melis akenin olumu sayasiy buirutma ele boldu go dep oiloim.
0
kansuluu
2011-09-30 11:43:23
Жаткан жери жайлуу болсун!М.Эшимканов кыргыз элинин тарыхында туболук сакталып кала берет!Уй-булосуно терен кайгыруу менен конул айтам!
0
Гулжигит
2011-09-30 15:44:17
Жаткан жери жайлуу болсун! автандил азаматсын, жакшы макала жазыпсын. Калеминдин сыясы тугонбосун!
0
cool Nka
2011-10-01 10:47:41
Жаткан жери жайлуу болсун. Абдан окунучтуу...Жаткан жери жайлуу болсун. Абдан окунучтуу...
0
ainura220888
2011-10-02 13:11:52
мен журналистиканы тандаганда жердешим Эркин Каимовду кумир тутуп ушул окууга келсем Журналистиканын туу чокусунда Мелис Эшимкановдой Адахан Мадумаровдой асыл адамдар бар экенин сезбепмин.Мелис Эшимкановдун бул дуйнодон отконун кайгыруу менен кабыл алдым. Жаткан жери жайлуу топурагы торколуу болсун!
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан