МУШКЕР БОЛУШ АСТА-АСТА, МАСКАРАПОЗ БОЛУШ БИР ПАСТА!

Кайсы бир маалымат каражаттарынан спортчулардын ичинен мыкты ойнош мушкерлер болорун окуп калгам. Алар мыкты ойнош гана эмес, мыкты шоумен да болуп чыгышты. Эмесе, айрым мушкерлердин ринг деген «сахнага» чыгар алдында уюштурган «концерттерине» орун берели.

Жарылып «Манас» айтып жаткандай болгон
Тайсон кыргыздын калпагына окшош
баш кийимди кайдан тапкан?

БААРЫН АЛИ БАШТАГАН
Бокс дүйнөсүнө шоуну алып келгендерге бокс падышасы Мухаммед Али кирет. Беттешти 7-8 ай эрте пландап, атаандашынын ар бир кыймылын видеолордон талдаары аныкталган Али психологиялык даярдыкка зор көңүл бура турган. Атаандашынын психикасын алсыздатуу үчүн беттешке аз калганда “тытам”, “жейм” деп көп айтып, атаандаш менен сүйлөшчү жайды чууга бөлөчү. Шылдыңдуу ыр токуп, рингде жана казинодо коомдук акцияларды уюштуруу менен атаандаштын сүрөтүн курмандык кылып көргөзүп, нокаут катталчу раундду атап койчу.
“Үйдө тынч жана жоошмун. Түнт кишилер, билишимче, жашоодо көп нерсеге жетише бербейт” деген Алинин аракети менен айрымдар сүрүн жоготуп утулушса, айрым убактарда Алини канга боёп, жер жыттаткандар чыккан. Мисалы, чоң аншлаг менен өткөн Али-Фрезер беттешинин алдында шоулор көп болгон.

ТАЙСОН АТААНДАШЫН “ЗОРДУКТАЙБЫ”?
Бир мезгилде “Тайсон келе жатат” дегенде тирүү жан кирүүгө кычык таппай, бешиктеги бала сооронгон. Кармаганынан кан чыгарган Тайсон шоу жана коркутуп-үркүтүүгө качан гана табигый сүрү качканда өткөн. Ал Америка сулуусун зордуктоо менен айыпталганын эске алып, атаандашын “зордуктайм” деп коркутса, Холифилддин кулагын тиштегени өзүнчө эле бир топ аброй апкелип, көпчүлүк атаандашын сестенткен.
Ал эми калпак түспөлүндөгү бул баш кийимди ал кайсы бир беттеш тууралуу сүйлөшүүгө кийип келген. Кезинде кирген буурадай алкынган Тайсон ооз көптүрө сүйлөп, көк чапчыганына жараша айтканын аткара билчү. Шоу дүйнөсү жакканбы, учурда Тайсон мекенинде телешоулордун активдүү катышуучусу.

ЖАН АЛГЫЧ ХОПКИНС
Бокс тарыхындагы эң карт чемпион, 47 жаштагы америкалык мушкер Бернард Хопкинстин шоу уюштуруудагы башкы куралы – атаандашка өлүмдү эскертүү. Ажал периштеси Азезилдин кейпинде бетин чулгоого чулгап, тишине “өлүм” деп жазса, атаандашына көргөзө колун кокосуна кезеп койчу. Бетине ашташкан жыгач (крест) түшүрүлгөн баш кесердин кейпи менен чыкканда көпчүлүк “өлүм темасын унутпаптыр” дешкен. Анан дагы карт чемпиондун беттештин 6-раундунда атаандашы эс алып отурса, рингге таянып “отжимание” жасап кирген адаты бар эле. Муну менен шаабайы сууган атаандашына “белде кубат али бар” деп эскертчү.

ЖЕҢИЛБЕС МЕЙВЕЗЕРДИН СЫРЫ ШОУДОБУ?
Флойд Мейвезер (кенжеси) беттештин алдында “кезектеги курмандыгым” деп атаандаштарын көп басмырлайт. Атаандаштарын ринг четинде да атайын сыноодон өткөрүп, түрдүү жоруктарды жасайт. Анын жосундарын куру сөз дегендер Флойд өткөргөн 42 беттешинин баарын жеңгенде ооздорун жабышкан. Анын жеңишинин сырлары шоу-көргөзмөлөрүндө деп да ойлойсуң. Бокс чөйрөсүнө чейин эле анын атайын шоу-программаларда роль ойноп келгени белгилүү.

ХЭЙДИН БУТУ ООРУСА, КУТУ КАЧАТ
Дэвид Хэй профессионалдык бокс эмес, чыгармачылык менен алектенсе жолдуу болмок дешет. Анын репертуары канчалык бай экендигин жакында Владимир Кличкого каршы мушташарда айткан кептери тастыктады. «Владимир селсаякка караганда, албетте, мыкты. Бирок мендей мыкты мушкерге жолуккан эмес. Ал чөө болсо, мен арстанмын. «Эже-сиңди» Кличколор мага туруштук бере албайт» дегени акталган жок. Кличконун жулунган башын кармап турган анын сүрөтүн көрүп: «Хэй кызыл калем менен көк гүл тартам деп жатат»,- деп күлгөндөр көп болгон. Бети калыңдыгын мындан бил, жеңилгенде “жаракатым бар болчу” деди бейкапар.


Жылмайып коюңуз!

Мушкер беттеш алдында сүйүктүүсүнө:
– Жаным, беттештен соң кафеден жолугалыбы?
– Албетте, жаным. Болгону, колуңа бир гезит кармап алчы. Сени тааныгыдай болоюн....

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MEDEROLLA
2011-09-30 14:09:04
Кудайым негрлерлерге ак тус гана бербептир. Тусу кара эле болбосо, башка жагынан алдыда. Бокста деле негрлер, баскедболдо да негрлер, фудболдо да негрлер, ырчылыкта да негрлер.
0
uli.osh
2011-09-30 19:08:36
адамды ак кара деп болгонго болбойт
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан