ЖОКОВИЧ АКЧА ТАБУУДА ДА №1

Дүйнөнүн №1-ракеткасы, сербиялык Новак Жокович жыл ичинде 10,6 миллион доллар таап, рекорд койду. Жоко аталган өлчөмдөгү сумманы табуу үчүн 12 мелдешке катышса, былтыр 10,17 миллион доллар чогулткан Рафаэль Надаль 17 мелдеште тер төккөн эле.
Эске салсак, 13-сентябрда Жокович Чоң шлем түркүмүндөгү сезондун акыркы мелдеши АКШнын ачык чемпиондугун утуп алды. Ага чейин Австралиянын ачык чемпиондугу менен Уимблдонду уткан Новак бир жылда Чоң шлемди 3 ирет багынткан тарыхтагы 6 теннисчинин бири болуп калды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан