18-сентябрда Лас-Вегаста америкалык Флойд Мейвезер WBC версиясынын орто салмактагы чемпиону Виктор Ортиз менен беттешмек. Бул күнү “5 салмак категориясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Мейвезер жеңет” деп букмекердик кеңсеге акча сайгандардын ичинде анын сүйүктүүсү Шантель Жексон да болду. Ал 100 доллар сайып, Флойд жеңгенде 2000 долларга ээ болгон. Флойддун жеңиши дале талашка түшүп жатат. Эске салсак, ал Ортизди 4-раундда кечирим суроого белсенгенде камынтпай 2 уруп кулатып, нокаут менен жеңип алды.