Жакында орус бильярды боюнча 2011-жылдын жайкы сезонунун жыйынтыгына карата бильярдчылардын киреше рейтинги жарыяланды. Кий чеберлеринин аталган мезгилде эл аралык мелдештердеги кирешелери боюнча аныкталган тизмеге №1-бильярдчыбыз Каныбек Сагынбаев да кирди. Мекендешибиз 31-орунду ээлеген. Аталган тизмени жай бою 20 миң доллар иштеп тапкан Владислав Осьминин жетектейт. Бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, жакында гана бойдокчулук менен кош айтышкан Каке үчүн бул чек эмес десек жаңылышпайбыз. Кантсе да үй-бүлөнү багыш керек да...