ЖОЛДОМОНУН ЖЫТЫ ЖОК!
18-сентябрда Стамбулдагы “Синан Эрдем” спорт комплексинде күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана аялдар арасында) дүйнөнүн 105 өлкөсүнөн келген 900гө жакын спортчунун катышуусундагы Дүйнө биринчилиги аяктады. 17 балбаныбыздын бири да байгелүү орун биякта турсун Лондон Олимпиадасына жолдомо ала алышпады (ар бир салмакта алдыңкы 6 орун үчүн жолдомо берилди). Аттанып жатып машыктыруучулар “3 же 4 жолдомо менен кайтабыз” деп үмүт шооласын жагышкан эле. Балбандарыбыздын мындай “эрдиги” Кыргызстандын аброюн болуп өткөн эки төңкөрүштөн да түшүрдү дешүүдө. Бирок бул кыямат кайым эмес. Алдыда дагы Олимпиадага жолдомо ойнотула турган мелдештер бар. Демек, балбандарыбыз үчүн мүмкүнчүлүк бар.
Айта кетчү нерсе, 17нин ичинен жүрөк жылытарлык натыйжа көргөзгөн Канатбек Бегалиев болду. Үч атаандаштын далысын жер жыттаткан Канатбек мырза мыкты 8дикке кирди. Командалык эсепте Орусия биринчи, Иран экинчи жана Япония үчүнчү орунду ээледи. Коңшуларыбыздын ичинен казак баурдастар гана ийгиликке жетишип, 5 жолдомо илип кетишти.
КИМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Көптү үмүттөндүргөн классиктерибиздин катышуусу жөнүндө грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов: “Атаандашуу аябай күчтүү болду. Ар бир салмакта 6 жолдомо үчүн 45-50дөн балбан айыгышкан күрөш жүргүздү. Катышуубуз жаман эмес. Эми жазында жолдомо утабыз деп турам”,- деди. Ал эми балбандар эмне дейт?
Данияр Көбөнов:
– Катышуубуз баа берүүгө арзыган, албетте, бул спорт эмеспи. Жолдомосуз кайтып келгениме машыгуудагы кетирген катачылыгым себеп болду. Себеби салмак кууп жатып өзүмдү мелдешке калыптандырууга жетишпей, күчүмдү да туура сарптаган жокмун.
Канатбек Бегалиев:
– Даярдык да, натыйжа да жаман эмес дейт элем. Алгачкы уткан 2 атаандаш да мыкты даярдыкта экен. Үчүнчүсү – америкалык да ошондой болуп чыгып, беттештин акырында алдырып койдум. Эми жазында утабыз деп турам.