САЛАМАТСЫЗБЫ, ОКУРМАН. ЖЕЛАНИЕ БОЛСО ОКУП КОЮҢУЗ, ЭЭ?..

Эрмек Нурбаев «Кыргызстандын эң маданияттуу жеринен келген команда» деп айта бергендиктенби, айтор, «Ак-Өргө city» командасы чын эле маданияттуу боло түшүптүр. Жакында боло турган жеке концертинин алдынан «Тамашоунун» 3-сезонунун триумфатору жөнүндө макала даярдадык. «Чемпион болгондон бери өзгөрдүк» деген жигиттер сылык маек куруп беришти.

ТАЗ БОЛУШТУ, ЭМИ...
Эске салсак, «Ак-Өргө city» былтыр 3-сезондун ачылыш оюнунда «3 наамдын бирине илинбесек, кийинки оюнга баарыбыз таз баш болуп чыгабыз» деп биздин гезитке берген маегинде убада берген. Анан убадага бек туруп, жарым чейрек финал оюнунда Спорт Ордосунда баары таз болуп чыгышкан. Ал эми быйыл интриган команда «эгер 4-сезондун ачылыш оюнунда дагы 3 наамдын бирин жеңе албасак, анда кийинки оюнда юбка кийип чыгабыз» деп «кан ичишти».

ТУУЛГАН КҮН АЛДЫНДА ТУШОО КЕСҮҮ КОНЦЕРТИ
Учурда жигиттердин буту-бутуна тийбей, алтоо алты жакка чачырап, чуркап жүргөн кездери. Анткени 1-октябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда «Тамашоунун» чемпиону катары тушоо кесүү концертин өткөрүшөт (мындай салтты «Саяктар» баштап берген эле, анын үстүнө 5-октябрда команда 3 жашка чыгат). Угушубузча, концерт күлкү күйөрмандарын кайдигер калтырбайт. «Супер шоу-концерт даярдап жатабыз. Кечеде жаңы тамашалар, анын ичинде белгилүү болуп калган Актан, Акылай жана Такайдын тамашалары болот. Концертибизди эстрада жылдыздары, «Тамашоу» курама командасы коштойт. Ырчылардан тышкары өзүбүз ырдайбыз. Атайын ыр жаздырып жатабыз. Анан, албетте, күтүлбөгөн сюрприздер болот» дешет жигиттер.

ВОЛОДЯ + ЛАРИСА = РАХМАТ!
«Тамашоудо» «ак-өргөлүктөр» дайыма «Володя байкеге рахмат» деп айтып калышат. «Бул жасалма образбы же чын элеби?» деген сурообузга «ал живой киши. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизди колдоп келген Валиула Шаймирдинов байкеге жана Лариса Садыгалиева эжеге чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз» деген жооп алдык.

КУРАМДА ЭМНЕГЕ ДАЛЕ КЫЗДАР ЖОК?
Бул сурообузга былтыр жигиттер: «Силер эмне, Азыкты эркек деп ойлоп жатасыңарбы?»,- деп кутулушкан. Буюрса, командадагы гендердик теңсиздик маселеси оң жагына чечилгени калыптыр. «Бул маселени чечүү үчүн «Чез» командасынын балдарын командабызга кошуп алабыз» дешет «ак-өргөлүктөр».

Эмил Эсеналиев (Sexyбек)
Эмил 1928-жылы 89-апрелде Нарында пайда болгон.
Хоббиси – Айткандан уялат.
«Тамашоунун» алтын үнү.
Биринчи жолу качан...
...өбүшкөн? 10-классында.
...«5» деген баа алган? 10 жашында, алиппеден.
...уюлдук телефондуу болгон? 18 жашында бир баланы «уктатып».
Билими – Диплому жок ырчы.

УЛУКБЕК БООБЕКОВ (DJ Улик)
Улукбек «Тамашоунун» алмашкыс звукачы.
Фобиясы – Минидиск, «Ямаха», кассетник.
Дежур сөзү – «DJ Тиесто нормально качает».
Максаты – Кыргызстандан «Ямахаларды» жоготуу. Илибой командага музыка коюп берет. Ставкасы 4 миң сом, бирок жакшы сүйлөшсө1 шаурма.
Билими – БГУнун бүтү­рүүчүсү.

ЭРНАЗАР ИСАКОВ (Stromae)
Жактырган машинасы – Эшек араба.
Репертуарындагы популярдуу сөздөрү – «Брат, 1, 2, 3 сом барбы?», «Мобул 8 сомду алып коёсузбу?..», «Бакиев кетсин!»
Жакшы көргөн жаныбары – Эшек. Анткени эшектин ролу менен таанылды.
Максаты – Бул жарыктыкта командалаштарын 1 жолу күлдүрүп өтүү.
Билими – КМКТАУнун студенти.

АЗЫК АБДРАХМАНОВ (Лариса Долина)
Үй-бүлөлүк абалы – Айзат жана MobileAgent.
Жаман көргөн жаныбары – Эрмек.
Максаты – Корпоративдик кечелерди алпаруу.
Кумири – Айзат.
Азык да эл катары президенттикке талапкерлигин койгон. Бирок апасы «койчу, балам, Кыргызстанда эле жашайлычы» деп болбой коюптур.
Билими – КМЮАнын бүтүрүүчүсү.

ЭРМЕК ТААЛАЙБЕКОВ (Красавчик)
Эрмек сулуулук боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери. Кыздар көбүнчө жүрөгүң жана акчаң жок дешсе, апасы «итке тамак берип кой» деп такай айтат.
Мүнөзү – Бетке айтат жана бетке урат.
Максаты – Гу Чжун Пёну сабоо.
Байлыкка таптакыр кызыкпайт. Кыргызча сүйлөгөн, жөнөкөй, сулуу, стилдүү, бай кыздарды жактырат.
Билими – Политехтин кыргыз-герман техникалык факультетинде окуйт.

САМАТ ЭРКИНБЕК уулу (Акылай)
Самат команданын эң моюну узун оюнчусу.
Хоббиси – Иттерди таш менен кубалап ойноо.
Мектепти 2009-жылы кызыл күндөлүк менен аяктаган. Бүтүрүү кечесинде алгач алпаруучу, кечеден кийин үйлөрүнө алып кетүүчү болгон. Жеке сыйлыктары:

  • 2011-жыл – «Тамашоу» Лигасында 1-орун.
  • 2011-жыл – «Жаш таланттар» сынагы, 1-орун, 2-катар.

Билими – Бишкек медициналык колледжинин студенти.

ТАМАШАЛАРЫНАН

«Ак-Өргө city» «Тамашоудо» жүргөн 3 жыл ичинде белгилүү образдар менен катар белгилүү тамашаларды жаратты. Команданын хитке айланган жана жаңы тамашаларын сунуштайбыз.

Тарыхый таанышуулар
Жигит менен кыздын таанышуусу. 19-кылым. Жигит:
– Абдан толкунданып жатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңыз ким, чоң кыз?
– Айнура.
– Меники Эрмек.
20-кылым. Жигит өтүп бараткан кыздын көчүгүнө бир тээп:
– Менин атым Эрмек.
21-кылым. Жигит:
– Абдан толкунданып жатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңды ким дедиң?
– Айнура.
– Кой, Айнура, эми кийинели.

Кимдин баласы болосуң?
Жаш жигит жолдо баратса алдынан абышка жолугуп калат. Жигит башын ийип салам берет. Аксакал:
– Ай, азамат, кимдин баласы болосуң?
– Ошол чечиле элек, аксакал, азыр нотариустан келатам. Буюрса, жакынкы күндөрү чечилиш керек.

Кыздарга кеңеш
Эгер жигитиңер жаңы телефон алып бербесе, анда жаңы жигит таап алгыла! Жаңы жигит дайым жаңы телефон алып берет.

Футбол ышкыбоздору түрдүү өлкөлөрдө
Аргентинада:
– Месси! Месси! Месси!
Англияда:
– Руни! Руни! Руни!
Кыргызстанда:
– ... Кетсин! ... Кетсин! ... Кетсин!

Маданияттуу митинг
Кыргызстан өнүгүп, эми маданияттуу митингдер өтө баштады. «Ала-Тоо» аянтында чогулган эл:
– Кетиңиздер! Кетиңиздер! Суранабыз, байкелер, пожалуйста?!
Аңгыча милиция кызматкерлери келип:
– Урматтуу митингчилер! Кичипейилдикке, сыпайы мамиле жасап кетип калыңыздар! Болбосо күч колдонууга аргасыз болобуз. Колдоно берелиби?
– Макул...
Анда милиция кызматкерлери митингчилерди 3 жолу уруп:
– Ооруган жокпу?
– Ооруп жатат.
– Келгиле анда, мени тээп алгыла.

Сулуу тоого чыкса...
Эки жакшы киши тоого чыкса кудалашып түшөт, эки сулуу киши тоого чыкса сүрөткө түшөт.

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Тамашоунун чемпиондору "Ак-Өргө city" командасы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Jaynagul
2011-09-26 11:54:10
мага Лариса Долина жакты.))
0
kaiurka
2011-09-26 13:05:23
жакшы команда мага тамашалары жагат акыркысы
ха ха го ийгилик силерге
0
Zverchik
2011-09-26 14:32:40
Азаматсынар
0
BelkaBoB
2011-09-26 15:40:47
:))))) Ийгилик силерге!
0
Ali1030
2011-09-26 16:26:03
ийгилик!!!
0
kgboy3239
2011-09-26 21:31:40
Молодец сексибек группалаш досум.ийгилик каалаймын.дайым алдыда болгула!
0
teezar
2011-09-27 00:06:41
samaraaa Эмнеге Эмиль идиот? Жакшы эле бала го...
0
myrzi
2011-09-29 08:56:03
Азаматка,жетпейсинер
0
maksimus
2011-09-30 15:57:05
moldsi bekerinen bular chempion bolupturbu. tamawanar ukmuw go. ozgocho madaniyattuu miting jakti. ermek tilegine jet.
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан