Мелис Турганбаев, Ички иштер министринин орун басары: «ЭМИ «ЧЁРНЫЙ МИР» САЯСАТКА ТААСИР ЭТЕ АЛБАЙТ»

“Эми ачылбай калды” деп үмүт үзүп койгон бир топ иштердин бети ачылып, коомчулуктун үрөйүн учуруп жиберди. Чуулгандуу киши өлтүрүүлөрдү ачкандардын эң башында тургандардын бири, Ички иштер министринин ыкчам иликтөө-тергөө кызматтары боюнча орун басары Мелис Турганбаев менен жигитче саламдашып маек курдук.

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Толук аты-жөнү – Турганбаев Мелис Токтомамбетович
Туулган жылы – 1962-жыл, 19-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары (мурунку Фрунзе)
Учурда Ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Эркин күрөш федерациясынын президенти.
Сыйлыктары – Даңк, 2-даражадагы “Күжүрмөн кызмат өтөгөнү үчүн” медалдары жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Милициянын генерал-майору.
Кичинесинде детективдик тасмаларды кызыгып көрүп, баш каармандарга окшоп кылмышкерлерди кармагысы келчү. Ошондуктан бул кесипти тандап алган.

– Ассалом алейкум, Мелис мырза, уюшкан кылмыш топторуна согуш ачтыңыздар окшойт. Азыркы күндө уюшкан кылмыш тобунун канча мүчөсү кармалды?
– Алейкум ассалом, баштаган иш акырындап өз жемишин берүүдө. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыш топторунун 221 мүчөсү кармалып, аларга карата 238 кылмыш иши ачылган.
– Адатта, кылмышкерлер соттон акталып чыгып кетишчү эле...
– Андайды болтурбоо үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Негизи, көпчүлүк аларга каршы арыз жазгандан коркушат. Азыр Кылмыш жана жаза кодексинин 231-беренесине (Кылмыштуу топту уюштуруу) такап кармап жатабыз. Кол менен жасаганына жараша мыйзам алдында жооп беришет. Кылмышына жараша соттор мөөнөттөрүн берип жатышат. Мына, Таластагыны деле көрбөдүңүздөрбү, "положенец" болуп жүргөн Култаевге 16 жыл, жан-жөкөрлөрүнө 14 жылдан берилди.
– "Кримавторитет" Камчы Көлбаевдин бир нече миллиондогон долларлары, брондолгон машиналары табылды" деген сөздөр угулду эле. Мүлк-байлыктары, машиналары учурда кайда?
– Көлбаевдин миллиондогон долларларын биз көрө элекпиз. Ал эми брондолгон автоунааларынын кээ бирлерин алып келгенбиз. Бирөөсүнүн ачкычы жок экен, аны от алдырып алып келгенге мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, гаражында биздин көзөмөлүбүздө токтоп турат. Кезеги келгенде аны да алып келебиз. Андан сырткары мүлк-байлыктарынын баары жакындарына, туугандарына катталыптыр. Азыркы күндө кандайча аларга катталып калган, же болбосо алар мынча байлыкты кантип алган, ошол боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз.
– “Чёрный мир” саясатка канчалык деңгээлде таасир бере алат деп ойлойсуз?
– Биз азыр аларды канат-куйругун кыркып койгондой акыбалга алып келдик. Ошондуктан саясатка эч кандай таасир бере албайт деп ойлойм.
– Аларды “крышалаган” милиция кызматкерлери, саясатчылар болсо керек? Буга окшогондор кармалдыбы? Эгер кармалса, аларды кандай жаза күтөт?
– Кылмыштуу топторго “крыша” болгон милиция кызматкерлери азайды деп толук ишеним менен айта алам. Кылмышкерлерге кошулуп кылмыш кылган милиция кызматкерлери болсо, анда сот жообуна тартылат. Ал эми кылмышкерлерге жардам бергени билинип калса, аларды жумуштан кетирип жатабыз. Кылмышкерлерге “крыша” болгон саясатчылар да бар, кезеги келгенде, колубуз жеткенде алардын да аттарын атайбыз.
– Медет Садыркуловдун аялына берилген кесилген кулак-мурун боюнча ишти сиз ачкан экенсиз, бул ишти ким жаптырып койгон?
– 2008-жылдын 1-январында белгисиз бирөөлөр Медет Садыркуловдун аялы Айнагүл Садыркуловага адамдын кулагы жана манжасы салынган баштыкты белек кылышкан. Садыркулов мени өзүнө чакырып, "ушул ишти ачып бер" деп суранды. Биз тез эле күнөөлүүлөрдү таап, бул ишке Жаныш Бакиевдин тийиштиги бар экендигин аныктадык. Инисинин күнөөсү үчүн президент кечирим сурап, иликтөөнү андан ары улантпай эле коюшубузду айтып, ишти прокуратурага алдырып алышкан.
2010-жылдын 1-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан бул ишти кайрадан ачуу тууралуу корутунду чыгарылган. Кошумча иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, Т.Маматовго, Н.Эркебаевге жана Свердлов РИИБинин башчысынын мурунку орун басары Ы.Кулманбетовго сырттан күнөө коюлуп, издөө салынган. Т.Маматов Москвада кармалып Бишкекке алынып келинди. Свердлов РИИБинин мурунку башчысы Р.Маметов да кармалып, үй камагына чыгарылды, Кулмамбетов менен Эркебаев болсо издөөдө.
– Садыркуловдун өлүмү тууралуу эмнелерди айта аласыз?
– Садыркуловдун автоунаасы чек ара постунан өтүп, Жаныш Бакиевдин кишилери тарабынан токтотулган. Аларды ошол убакта Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Курманбек Темирбаевдин дачасына алып келип өлтүрүшкөн. Андан соң жол кырсыгы сыяктуу кылып уюштуруп коюшкан.
– Кылмышка шектелип кармалган чек арачылар, Мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлери ушуга чейин ордунда иштеп жатышкан беле?
– Кармалган чек арачылардын бардыгы кармалганча өз ордуларында иштеп жатышкан. Мамлекеттик коргоо кызматынын эки кызматкери ошол эле кызматта иштеп жүргөн болсо, төртөө Апрель окуясынан кийин жумушунан чыгып кетишкен экен. Алар дагы кармалып, тергөө жүрүп жатат.
– Буйрукту аткаргандардын башчысы делинген Айбек Абдразаковду сиздин кадрыңыз болчу дешет...
– Ооба, ал адамдын менин кол алдымда иштегени чын. Мен ушул тармакта иштегениме жакында 30 жыл болот, анын көпчүлүгүн жетекчи кызматтарда иштедим. Ошондуктан Кыргызстанда азыркы кылмыш иликтөө тармагында иштеген жетекчилердин көбү, 60-70 пайызы менин кол алдымда кызмат өтөшкөн десем болот. Кээ бирлери жакшы иштеп көтөрүлүп келе жатышса, кээ бирлери пенсияга чыгып кетишти. Айрымдары мына моминтип акмактык кылып биздин жүзүбүзгө көө жаап жатышат. Айбек Абдразаковду Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында иштеп жүргөндө кызматтан бошотконбуз. Себеби анын ар кандай шектүү иштерге байланышы бардыгы билине баштаган.
– Бийликте отургандарга да кылмыш иши козголушу мүмкүн дедиңиз. Мисалы, кимдерге козголушу мүмкүн?
– Бул кылмыш ишинде 4 киши (жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган Осмоновду кошкондо) өлтүрүлүп отурат. Мен ойлойм, бул кылмыш ишин ошол кезде "жол кырсыгы" деп бурмалап, Осмоновду 12 жылга жөн эле соттогону үчүн ишти тергеген тергөөчү, сот, ошол убакта күч органдарын жетектеп тургандардын бардыгы кылмышты бурмалагандыгы үчүн жооп бериши керек. Биз бул адамдарга мыйзам чегинде юридикалык баа беришибиз зарыл. Күнөөсү бар болсо бар, жок болсо жок деп. "Мына бул себептен жол кырсыгы деп айтканбыз" же "мына бул себептен бурмалап койгонбуз", болбосо "Бакиевдер жап деп буйрук берген" деп айтып бериши керек.
Бул жерде кимдин кандай ролу бар, ким эмне деп айтканын билишибиз зарыл. Себеби “бул жөн гана жол кырсыгы, аны саясатка аралаштырбагыла” деп ИИМ министри, башкы прокурор ММКларга чыгып кыйкырып жатышпадыбы. Ал эми Курманбек Бакиев өзү “бул кылмышты мен өзүм көзөмөлдөп жатам, бул жөн гана жол кырсыгы” деп кайра-кайра айтып жаткан. Ошондуктан мурункудай болуп ылдыйкылар эле соттолуп, ал эми ошого жол берген, билип туруп көз жуумп койгондор жооп бербей калышы керекпи? Кийинкилерге да сабак болгондой болуш керек. Мисалга, азыр биз да ушундай күч структураларынын бирин жетектеп турабыз. Анан бир чоң кызматтагы адамды өлтүрүп кетишсе, аны мен "жол кырсыгы экен" деп жаптырып койсом болмок беле? Алдыбызда иштеп жаткан тергөөчүгө же башкасына “бул ишти мына моминтип бурмалап жаап кой” деп айтпашыбыз керек да. Ошонун айынан төмөнкү кызматтагылар соттолуп же иштен айдалып кетип, өйдө жактагылар калып калган учурлар да бар.
– Руслан Шабатоев жана Санжар Кадыралиевдин өлүмү да Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан деп айттыңыз, бул боюнча кандайдыр бир илинчектер барбы?
– Руслан Шабатоевдин жана Санжар Кадыралиевдин өлүмү да бир эле саясий багыт. Бул кылмыштардын башында да Жаныш Бакиев турган. Маалыматтарыбыз бар, бул боюнча атайын топ түзүлүп, иштеп жатат. Убагы келгенде бул тууралуу да маалымат беребиз.
– Анда учурда Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү делинип СИЗОдо отургандардын кылмышка тиешеси жок болуп калабы?
– Биз бул кылмышты ачып, бардыгын орду-ордуна койгондон кийин гана алардын күнөөсү бар-жогун айта алам. Бизде бөлөк маалыматтар бар, азыркы тапта ошолор менен иштеп жатабыз. Эгер биздин маалыматтар туура чыгып, бул иштин бетин ачсак, анда ал жигиттердин күнөөсү жок болуп чыгат.
– Кээде бычактын мизинде кылтылдап турган абал да болушу мүмкүн. Сиз үчүн эң коркунучтуу учур качан болгон?
– Мен Кудайдан гана корком. "Корксо да, коркпосо да коён өлөт" деп коёт эмеспи, маңдайга жазганын көрөбүз. Жумушка байланыштуу коркунучтар көп эле болот, азыр деле коркунучтуу. Бул менин түбөлүк тандаган кесибим болгондуктан, тобокелге барууга туура келет. Бул ишти деле бир күнү ачышыбыз керек эле, коркпой-этпей эле ачтык. Себеби мамлекетибиздин тынччылыгы, коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда. Кримдүйнөнүн баш көтөрүп саясатка чейин аралашып кетишине биз бүгүнкү күндө бөгөт коюп, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн башыбызды сайып иштегенге даярбыз. Коркунучтардан эч качан коркпойбуз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
monchok
2011-09-26 16:45:08
анда сиз дагы соттолушунуз керек экен,Бакиев жаап койгула деген деп жатасын,кайра эле жаап жашыргандар соттолушу керек дейсин,ошол учурда эмне учун сиз дагы жаап жашырдыныз созсуз турдо соттолушун керек!!! Сиз деле эч текени кыйратпайсыз деп ойлойм.
+1
Bugatti
2011-09-27 18:52:08
monchok, туура айтасын. Турганбаев бул жерде эки суйлоп коюптур.
0
Rooshan
2011-10-02 00:09:23
Ха-ха-ха,короче,бла-бла-бла,аягына чейин окуганга духум жетпей калды,герой-американецтердей болуп,с таким пафосом суйлоптур,и смех и грех,бул жон эле пиар перед выборами,жарк деп эле чыгы калдыго,99%ишенбейм.
P.S.апеей,эртен эле инетти очуруп салбагыла ансыз деле ОРТ,РТР очуруп салышты
0
Rooshan
2011-10-02 00:10:40
бул ойдо жактагылардан келген буйрук,так что Турганбаев КЕТСИН,кетсин,кетсиииииин...
0
Oimo
2011-10-02 17:56:07
хе хе мен дагы дедектив кинолорду,дедектив китептерди окуганды жакшы кором, бирок мен жоп жонокой ачкыч жасаган мастермин.Айткандары чындык болсо Сиздин да жашоонуз коркунучтуу болот ко деп ойлом. а анан баса Ущунча жумуштарды жасанга кучу жеткен, эмне учун бир жонокой автоунаанын эшигин ача алышпайт?ушул жери да окшошпой калыптыр...
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан