«КАНАЛИЗАЦИЯ БИР СААТ ИШТЕБЕЙ КАЛСА, ШААРДЫ БУЛГАНЧ СУУ КАПТАЙТ»

Колубузду самындап жууп, кир сууну агызып жибердик. Же унитаздыкын... Мындай ишти шаардыктар күн сайын, саат, мүнөт, секунд сайын жасашат. Ал булганган суу кайда барарын ойлонуп көрдүңүз беле? Бул жолу суу кайда барарын, кандай тазаланарын билүү үчүн шаар четинде жайгашкан «Шаардык канализация» ишканасына сапар алдык.

САМЫНДАЙ КӨБҮКТӨНГӨН СУУ
Сапарыбызды ишкананын короосунда жайгашкан чоң түтүктөрдөн баштадык. Алар аркылуу агып келген булганч суу каналга куюлат. Шаардык канализациянын ичинде диаметри 2 метрди түзгөн эки чоң түтүккө бүтүндөй калаадагы турак жай, ооруканадагы баарыбыз колдонгон суу келип түшөт экен. Суу бир караганда кичирээк шаркыратманы эске салат. Шаркыраган суу күнү-түнү тынымсыз агып турат. Аталган жердин кызматкерлери да күнү-түнү эмгектенишет. Байкасак, агып келген суунун түсү кара күрөң болуп, үстүн самындын (шампунь, идиш жуучу каражат ж.б.) көбүгү каптап турат. Сууну жакшылап караса, ичинен тууралган сабизден баштап күрүчтүн данына чейин көрүүгө болот. Тынымсыз аккан суу тереңдиги 5,5 метрди түзгөн каналга түшүп, ал аркылуу атайын жайгашкан торчолорду көздөй агып келет (алардын саны алты).

СУУ ТАЗАЛООЧУ ЖАНДЫКТАР БАГЫЛАТ
Биз тазалануу этаптарын түшүндүрүп берүү үчүн бир нече бөлүмгө бөлдүк:
Биринчи эле агып келген суу чоң торчолорго кептелип, көлөмдүү таштандылардан арылат (мисалы, люк аркылуу келген коробкалар, желим бөтөлкөлөр). Тордон кийин таракчалары бар алты станок аркылуу таралып, майда-чүйдө таштандылардан (чач, пияздын кабыктары ж.б.) тазаланат. Эми ал таштандылар кайда кетет дебейсизби? Алар темирден жасалган чоң челектерге чогултулуп, таштандылар жайына төгүлүп, ошол жерден чирийт. Кээде төгүлгөн помидорлордун уругунан ал жерлерде помидор да өсүп калган учурлар болот экен.
Андан кийинки процесс булганч сууну кумдардан арылтуу болуп эсептелинет. Катуу ылдамдыкта келген суу тереңдиги 5,5 метрди түзгөн аңгекке түшүп, айлануудан соң кумдар ошол жерде эленип калат. Суу тунуп, ичиндеги кум атайын насос аркылуу сордурулуп алынат.
Таштандылардан, майда кумдан арылган суу 4 аэротенкке барып түшөт. Ар бир аэротенктин узундугу 150 метр, туурасы 36 метрди түзөт. Бул этапта булганч суунун курамындагы микроб, ар кандай вирустарды жоготуу үчүн жакшы кам көрүлгөн. Ал жердегилер бир клеткалуу майда жандыктарды (активный ил) сууга коё беришип, алар микробдорду толук жок кылат (майда жандыктар ишканада атайын багылат). Бул процесс “биологиялык тазалоо” деп аталат.
Суу экинчи ирет тазалануудан өткөрүлөт. Тегерек формадагы, тереңдиги 4,5 метрди түзгөн бассейндин ичинен кара түстүү суу көгүлтүр түскө айланып, тазалангандыгы жөнүндө кабар берет. Тазаланган суу чоң каналга агып түшүп, хлор берилүүчү түтүк аркылуу хлор кошулуп, колдонууга даяр болот. Тазаланган суу узундугу 22 чакырымды түзгөн канал аркылуу Чүй суусуна куюлат. Ал суу Казакстанды аралай, талааларын сугарууга колдонулат. Ушундай жолдор менен биз булгаган суулар тарайт.

Биз “Шаардык канализация” ишканасынын жетекчиси Кемел Алтымышевди кепке тарттык.
– Ишкана тууралуу айтып берсеңиз...
– Мекеме 1979-жылы курулган. Жылдан-жылга түтүктөр чирип, иштен чыгып жатат. Биз баарын өз убагында оңдоп-түзөөгө аракет кылабыз. Себеби биздин ишкана бир эле саат иштебей калса, анда шаардын жарымын булганч суу капташы мүмкүн.
Жалпы жонунан бизде 240 адам эмгектенет. Маяналары 8 миңден өйдө. Ден соолукка зыяндыгы үчүн күнүгө самын жана сүт берилип турат.
– Кирип келе жатканда мурдубузду жаап араң кирдик. Кантип чыдайсыздар?
– Бул жагымсыз жыт жай мезгилинде гана болот. Кыш мезгилинде айлананын баарын туман каптап, 5 метр алыстыкты гана көрүүгө мүмкүн. Бул жайга биринчи ирет келгенде бир аз көнө албай ыңгайсыз болосуң. Анан жытты сезбей деле калабыз. Бизде эмгектенген кызматкерлердин көпчүлүгү 30-40 жылдан бери иштеп келишет. Кээ бир жаңы келген кызматкерлер башында арык болсо, кийинчерээк толуп кетишет. Балким, кызмат жагат окшойт (күлүп).
– Булганч суунун агымы нормадан ашып, каптап кетет деген коркунуч жокпу?
– Бир суткада 230-250 миң куб суу келип, тазаланып, Чүй суусуна куюлат. Келген суу нормадан ашпайт, ашкан күндө деле эч кандай коркунуч жок.
– Эсте калчу учурлар көп эле болсо керек?
– Тээ 90-жылдары башы же дене мүчөлөрүнөн айрылган өлүктөр көп агып келчү экен. Ымыркайлардын да өлүктөрү көп келген дешет кызматкерлер. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды люктарга салып жиберишчү экен. Анан бул жакка агып келчү. Бир учурда булганч суу келип куюлган каналды “ымыркайлардын көрүстөнү” деп да атап калышкан. Мен иштегени андай окуя боло элек.

БИЗ МӨЛТҮР СУУНУ ИЧЕБИЗ
Сөз акырында “биз кандай сууну ичебиз?” деген суроо пайда болду. Биз крандан ичип жаткан суу жердин түбүнөн, 200 метр тереңдиктен сордурулуп чыгарылат. Демек, биз экологиялык жактан таза, мөлтүр суу ичет экенбиз.
Калааны камсыз кылган суу Байтик айылына жетпей жайгашкан суу каналынан иштетилип чыгат. Күнүгө 200 миң куб суу жердин түбүнөн сордурулуп, күнүмдүк колдонууга берилет.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Колдонгон суу кайда барат?23-09-2011
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
adelima
2011-09-26 12:30:49
мына кызыыыыык... анан биз колодонгон суу кайра эле колдонууга жумшалат турбайбы.
0
elya2404
2011-09-26 14:08:07
Башынан окуп, аягына чыккыча шаштым, кайра эле ошол сууну тазалап, озубузго ичиреби деп коркуп дагы кеттим.
0
Shekerbek
2011-09-28 10:19:01
elya2404, бизде да бар! мисалы Ош шаарынан чыккан ушундай суу очисткадан отуп туура эле Озбекстанга барат
0
Muratbei
2011-09-30 01:32:02
elya2404, Men da saga okshop kyzuugu menen okudum ele,Kudaiga shugur kaira bizge berishpeit eken tazalangan suunu.
0
Sutton
2011-09-26 16:05:06
Бул жерде иштегендер азамат экен! Чыныгы Кыргызстандын атуулдары. Унчукпай оз ишин кылган, ар бир мунот сайын олко учун кызмат кылгандар. Силер менен сыймыктаныш керек.
0
Prince
2011-09-26 16:46:36
Азаматсыныра! Сиздердин эмгегиниздер ак жана мактаганга татыырлык.
0
teezar
2011-09-27 00:43:10
эркектер
0
Sezy
2011-09-27 01:45:13
Эмгектерине таазим !
0
achi
2011-09-27 16:03:12
казак туугандар талаада эгин сугарып атышып Кыргызстандын тоолорудан келген суу таза суу дээшип ичишсе керек суусаганда.
0
Arman
2011-10-08 07:35:09
achi, xa xa xax a xax
0
Bekbolot7
2011-10-08 14:56:52
мен кайсы мамлекетте экенин унтуп атам, ушул эле процесстен окоруп аягцнда лазерний излучение кылып кайра тазаланган суу колдонууга берилет экен
0
Aibikusya
2011-10-08 18:45:20
МЕнин да журогум да тушуп кетсечи ,,тазаланган сууну биз ичет экенбиз деп .
0
oziora89
2011-10-11 04:26:30
казак туугандар алат турбайбы. мен ичет го деп ойлогом.
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан