ГYЛСАРАТ

Режиссёру – Ардак Амиркулов
Сценарийин жазгандар – Эржан Рустамбеков, Эржан Нурмухаммедов
Композитору – Куат Шилдебаев
Оператору – Александр Рубан
Ролдордо: Танабай – Доктурбек Кыдыралиев, Жайдар – Райхан Айткожанова, Бүбүжан – Жанель Махажанова, Чоро – Нурлан Санжар жана башкалар

Чыңгыз Айтматовдун уруксаты менен...

Улутубуздун сыймыгы ардактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын канча деген режиссёр тасмага түшүргүсү келген. Ирина Поплавскаянын “Жамилясын”, Андрей Кончаловскийдин “Биринчи мугалимин”, Болотбек Шамшиевдин “Ак кемесин” эле эске салыңыз... Булардын катарында орус режиссёру Сергей Урусевскийдин “Гүлсарат” повестине негиздеп тарткан дебюттук иши да бар (орусча аталышы “Бег иноходца”). 1970-жылы тартылган ал тасмада башкы ролдорду Нурмухан Жантурин, Бакен Кыдыкеева, Фарида Шарипова, Капар Алиевдер аткарышкан.
2005-жылы казак режиссёру Бишкекке келип, повесттин автору Чыңгыз Айтматов менен жолугушкан экен. Ошондо жазуучу анын чыгармасынын негизинде тасма тартууга уруксатын жана батасын берген.
Ардак Амиркулов тарткан “Гүлсараттын” жаңы версиясында да эң сонун актёрдук топ чогулган. Башкы ролду биздин мекендешибиз, бир топ жылдан бери Казакстанда иштеп жүргөн актёр Догдурбек Кадыралиев ойноду. Анын жубайы Жайдардын ролунда көп жылдар бою бийчилик өнөрдү аркалаган, Казакстанда эң таанымал жана профессионал актрисалардын бири болгон Райхан Айткожанова. Ал эми Бүбүжандын образын Искусство академиясынын 20 жашар студенти Жанель ачып берген.
Съёмкалар “Казакфильм” киностудиясынын павильондорунда жана Алматыдан бир сааттык жол алыста жайгашкан Узун-Агач айылынын жанындагы Кайназар кыштагында болгон. Биринчи кадрлар 2006-жылдын февралында тартылып баштап, үч жарым айга созулган съёмкалардан кийин тасма монтаждоо этабына өткөн. Монтаж, дубляж, музыкалык коштоо иштери бүткөндө “Гүлсарат” 2008-жылдын сентябрында даяр болгон. Анын бет ачары Евразия кинофестивалынын бешинчи жолкусунда өткөрүлдү.
4-ноябрдан тартып жа­ңы тасманы көрүү мүмкүн­чүлүгү биздин көрүүчүгө тартуу­ланды. Башка чет элдик тасмаларды да көрсөтүп жаткан “Синематика” кинотеатрларына жаш-карысы дебей “Гүлсаратка” келгендердин саны арбын. Учурда фильм Алматы шаарында да коюлууда.
“Гүлсарат” жөнүндө...Ардак АМИРКУЛОВ:
“Тасманы тартып жаткан учурда жыйынтыгы кандай болорун эч билбейсиң. Мен жалгыз гана ички туюмума таянып иштеп жаттым. “Гүлсаратты” тартуу мен үчүн чоң сыймык. Мындай уруксатты жазуучунун өзүнөн алгам. Айтматовдун бул тасманы көрбөй өтүп кеткенине ичим ачышпай койбойт. Бул тасма ага жагат беле же жокпу, сыр бойдон кала берет. Ал эми тасманын өзү тууралуу ашыкча кеп козгоодон алысмын. Мен өз ишимди так жасаганга аракеттенем жана мени менен иштешкендерден да ушуну талап кылам”.
Эржан Рустембеков:
“Киноматографияга тиешелүү өзгөчөлүктөргө байланыштуу жана техникалык себептерден улам тасманын кээ бир көрү­нүштөрүн өзгөртүүгө туура келди. Албетте, чыгарманын түп нускасынан алыстабаганга аракет кылдык. Бирок, кинонун тили башка экен. Андыктан, повесттен четтеген эпизоддор, диалог­дор, жаңы образдар болбой кайгон жок”.
Догдурбек Кыдыралиев:
“Өз кесибим боюнча сүрөт­чүмүн. Кинодогу эң биринчи ролумду “Ак илбирстин тукуму” фильминде Төлөмүш Океев­дин сунушу менен аткаргам. Дал ошол улуу актёр жана режи­ссёрдон алгачкы актёрдук сабактарын алгам. “Гүлсарат” – Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жана эң мыкты чыгармаларынын бири. Аны окуучулук кезде окуп, көп нерсесин түшүнбөпмүн. Кийин аскерден келгенде дагы бир сыйра карап чыгып, башка көз караш менен кабыл алдым. Бул киного өзүм 3 жыл бою даярдангам. Атайын тасма үчүн 13 килограммга арыктадым. Ал эми Гүлсарат экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Мен кадимки кыргыз айылында туулуп өскөм. Атам Ысык-Көлдө атагы чыккан мергенчи болгон. Мени ар дайым тоолорго чогуу алып жүрөр эле. Атка мингенди да атам үй­рөткөн. Буга чейин “Гүлсарат” экрандарга чыккан. Андыктан, биздин эмгекти менин аткаруумдагы Танабайды мурункулар менен көп салыштырышат болуш керек...”
Райхан Айткожанова:
“Догдурбек менен бир жолу репетиция кылгандан кийин эле мени ушул ролго дайындашты. Негизи, бул Догдурбек экөөбүз чогуу тартылган үчүнчү тасма. Албетте, мен чыгарманы окугам. Жайдар – абдан татаал образ. Китептеги Жайдарды көрсөтүп берүү – менин негизги максатым эле”.
Кызыктуусу...
Жаратуучулардын айтуусунда, фильмди тартууга 1,5 миллион АКШ доллары сарп­талган.
“Гүлсарат” V Евразия эл аралык кинофестивалынын Гран-Присине, II Ысык-Көл эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты эркектин ролу” номинациясынын байгесине ээ болгон.
Тасмада Гүлсараттын ролун аткарган тулпардын чын аты – Гарпун. Ахалтекиндик породадагы бул атты режиссёр тандап жүрүп Тараздан тапкан. Гарпун табиятынан сулуу, баскан-турганы жарашыктуу, өзү да адамдарга жакын. Кээ бир эпизоддордо аны белгилүү бир кыймыл-аракеттерди жасаттырууга Германиядан келген үйрөтүүчү жардам берген.
Жайдардын ролун аткарган актриса Айтхожаева Казакстан Искусство академиясында сабак берет. Ал эми Бүбүжанды ойногон Жанель – анын окуучусу.
Кино тартуудагы эң чоң кыйынчылыктар жылкылар, койлор менен иштөө болгон. Жайылып кеткен малды кайрадан чогултуу убакытты алып, тартуучу топту бир топ жүдөткөн.
Актёр Догдурбек Кыдыралиевди режиссёр жөн гана “Доха” деп чакырат экен.
“Гүлсаратты” көргөндөр тасма менен китептин айырмачы­лыктарын байкашат чыгар. Мисалы, чыгармада Танабай Гүлсаратты кулун кезинен багып, өстүрөт. Ал эми тасмада башкы каарман Гүлсаратты кунан кезинде биринчи жолу көрөт.
Дагы бир айырмачылык: чыгарманын түп нускасында автор улак тартышты мыкты сүрөттөйт. Улак тартышта казактардын жеңилип калганын чагылдыруудан намыстандыбы, айтор, режиссёр бул көрүнүштү тасмадан такыр алып салган да, жөн гана ат жарыш катары сүрөттөп койгон.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан