ШКУнун I ЖАШТАР ФОРУМУ ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТТҮ

Касиеттүү көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында 18-21-сентябрь күндөрү “Келечекти куруу” урааны алдында Шанхай кызматташтык уюмунун I Жаштар форуму болуп өттү. Форумга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу болгон Иран мамлекетинин өкүлдөрү катышышты. КРнын Жаштар иштери боюнча министрлиги тарабынан уюштурулган бул иш-чара 2 күндүк иш планы боюнча жүрдү. Биринчи күнү пленардык отурумда жаштарга байланыштуу темаларда 3 сессия өтүп, кызуу талкуулардын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Экинчи күнү келген коноктор ар кандай спорт оюндарына катышып, “Рух Ордо” маданий борборун кыдырып чыгышты. Соңунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт тартууланды. Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанган коноктор сезимдерин жашырышкан жок.
I Жаштар форумун өткөрүп жаткан КРнын Жаштар иштери боюнча министри Алиясбек Алымкуловго суроо узаттым.
– Форумду өткөрүү демилгеси ким тарабынан көтөрүлгөн эле?
– Биринчиден, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында мындай форумдун биринчи жолу касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде өткөрүлүп жатышы жакшы жөрөлгө. Бул форумду өткөрүү боюнча демилге Роза Исаковна тарабынан
ШКУнун быйылкы жолугушуусунда көтөрүлүп, уюмдун башка мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган. Алгач иш-чара сентябрь айынын башына пландалган. Бирок шартка байланыштуу бүгүнкү күндөргө жылдырылды. Ал эми Роза Исаковна учурда
АКШда, БУУга иш сапары менен кеткен. Өзү бул форумга катышууга абдан кызыкдар эле. Тилекке каршы, мамлекеттик иштер менен кетип, келе албай калды.
– Бул форумдун негизги максаты эмне? Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
– Форумдун биздин өлкөбүз үчүн мааниси чоң. Себеби “эртеңки тарых бүгүн жасалат” дегендей, азыркы жаштар эртең мамлекетти башкарат. Ага чейин жаштар ШКУ сыяктуу эл аралык алкакта достукту чыңдап, башка өлкөлөр менен мамиле түзгөндү үйрөнүп, тажрыйба топтошу керек. Айрыкча ушундай жооптуу форумду биздин жаштардын өздөрүнүн уюштурушу жана катышышы бул – чоң тажрыйба. Форумда кабыл алынган резолюция да акырындык менен ишке ашат деген ойдомун.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан