Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. АКИО МОРИТА

САКЕ САТУУЧУ ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЧЫККАН
Дүйнөнү ар кандай бизнес долбоорлору менен өзгөрткөн 13 эркектин катарына эки гана азиялык кирген. Алардын бири кореялык Соичиро Хонда болсо, экинчиси – япониялык Акио Морита. Япондук инноватор 1921-жылдын 26-ноябрында Япониянын Ногайо шаарында саке (япондордун улуттук ичимдиги) чыгарып сатуу менен алектенген үй-бүлөдө туулган. Атасы анын үй-бүлөлүк бизнести алып кетүүсүн каалаган. Андыктан уулун 10 жашынан баштап эле мүдүрлөрдүн чогулушуна катыштыра баштайт. Бирок бул Акиого такыр жакчу эмес. Мунун себеби кичинекей кезинен электроникага абдан кызыккандыгында жаткан. Бош убактысын электрониканы окуп үйрөнүүгө жумшачу. Мунун айынан үй тапшырмасын аткарбай калган учурлары аз келгенсип, сабактарды да көп калтырар эле. Бирок мектепти бүтөр жылы ЖОЖго тапшыруу үчүн окууга катуу киришет. Мектептен соң Осакадагы Императордук колледжге өтүп, 1945-жылы физик болуп чыгат. Колуна диплом алгандан кийин мугалим болуп иштейт. Бош убагында электроника тармагында өз фирмасын ачууну каалаган Икубо деген адам менен иштешет. Убакыт жетип, экөө биргелешип Токиодо телекоммуникация жаатындагы техникалык компанияны негиздешет. Компания 1958-жылдан баштап “Sony” деген атка көчөт.

АКШ ЭЛЕ ЭМЕС, ДҮЙНӨНҮ КОШО БАГЫНТУУ
Экөө алгач күрүч бышыруучу атайын идишти, андан соң алгачкы япониялык ленталуу магнитофонду ойлоп табышат. Бирок ал мезгилде Японияда магнитофон жасоо үчүн керектүү желим жок болгондуктан, бул иш токтойт. Компанияны банкроттуктан анын атасы бир нече жолу куткарып калат. Алардын эң негизги көйгөйү жасаган нерсесин кантип сатууну билбегендигинде болгон. Өзүнүн маркетинг жаатында билими болбосо да, Морита фирманын тышкы соода жана маркетинг бөлүмүн жетектейт. 50-жылдан баштап фирма “дүйнөдө инновациялык продукцияны чыгаргандардын эң алдыңкысы болобуз” деген максат коёт. Чындыгында эле алардын максаты ишке ашып, 1990-жылдарга чейин “Sony” 30 жыл бою эң мыкты инновациялык компания болуп келет. 1979-жылы “Sony” фирмасы чыгарган “Уолкмен” (англисчеден “walk” – “басуу”, “man” – “эркек”) музыкалык плейери компаниянын тарыхындагы эң көрүнүктүүсү болгон. Аны кайда болсо да жаныңда алып угуп жүрүүгө ыңгайлуу эле. Алгач плейерди чыгарарда компаниянын инженерлери “аны менен музыка угууга гана болот, бирок музыка жаздырып алууга болбойт. Ошондуктан аны эч ким албайт” деп ойлошот. Бирок бул музыкалык плейерди колдонуучулардын саны 100 миң эле эмес, дүйнө боюнча 20 миллиондон ашып кетет.
Ошол убактарда батышта “Японияда жасалган” деген жазуусу бар товарлар жакшы өтчү эмес. Акио “Sony” компаниясынын сапаттуу продукциясы менен “Японияда жасалган” деген имиджди толук оң жагына өзгөртүүнү каалаган жана ал максатына жеткен.
Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечет. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет. Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдыңкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдыңкы орунду ээлеп келет.

БАРДЫК ЯПОНДОР СЫЯКТУУ ТАБИЯТЫНАН ТЫРЫШЧААК
Акио Морита Япониянын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан. Батыштагылар Акиону мыкты соодагер катары жакшы билишет. “Sony” компаниясында ал бир дагы нерсени өзү ойлоп тапкан эмес, бирок компаниянын продукциясын дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна чейин сатууга жетишкен. Ким менен сүйлөшпөсүн, аны ишендире алган сапаты Акионун жашоосуна чоң жардам берген. Ал: “Япониянын эч кандай кен байлыгы жок. Тайфун, цунами, жер титирөө, жанар тоонун атылышы сыяктуу жаратылыш кырсыктары дайым өлкөбүздө болуп турат. Мындай коркунучтардан улам япондуктар күн сайын жашоо үчүн күрөшүүнү, жогорку бийиктиктерди багындырууну жана колдо бар нерсенин баркын билүүнү үйрөнүшөт. “Sony” компаниясынын жетишкендиги япондуктардын атаандаштыкка кандай болсо да туруштук берүү сапатына байланыштуу”,- дейт.
Учурда Морита үй-бүлөлүү, эки уул жана бир кыздын атасы.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tabiygat
2011-09-26 18:46:19
Nogayo shaary emes Nagoya shaary, meili emi bul kata tybyshtyk kata eken, birok Honda koreyalyk emes, yapon ele, maalimat bergende ishenimduu bulaktarga tayansanar bolo,poiskten chyga kalgan saitty ele basyp kochurup koyo berbei
0
Sadr
2011-10-09 02:15:26
tabiygat tuura aitypsyn
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан