БЕГИМАЙ СӨЗСҮЗ КҮЙӨӨГӨ ТИЕТ
Кыргыз шоу-бизнесинде бой кыздардын саны дагы бирге кыскарганы турат. Турмушка чыгуу кезеги эми Бегимай Эсенгуловага жетти. Көз арткан кыргыз жигиттерин калтырып, Кенже Дүйшеева эжесине окшоп казак жигитине чалма салды.
– Бегимай, жакшы кабар менен келиптирсиң, кайсы бактылуу жигит сени түбөлүк жар кылганы турат?
– Толкунданып жүргөн кезим. Жакында сөйкө салып алып кетишет. Анан октябрь айларында Алматыда үлпөт той өткөрөлү деп турабыз.
– Кыргыздын эмес, казактын жигитин чааптырсың...
– Болочок жолдошумдун аты – Руслан. Казак жараны, Алматыдан. Жөнөкөй эле үй-бүлөдөн. Бирок 17 жашынан баштап ата-энесинен бөлүнүп, өз алдынча иштеп, ийгиликтүү ишкер мырзалардын катарына кире алыптыр. Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Кайрымдуулук фонду жана бир нече сайттары бар. Кыскасы, ишкердүүлүк менен алектенген казактын тың жигиттеринин бири. Эки жыл мурун бир туулган күндө таанышып калганбыз. Анда мен 18 эле жашта элем. “Бул кыз азыр жаш, 2 жылча күтө турайын” деп сүйүүсүн сактап келгенин айтты. Анан чогуу тааныштарга “жакындан таанышкым келет” дей баштаптыр. Мен деле каршы болгон жокмун. Анан эмне болгонун билбейм, сүйүү оту жанып кетти.
– Русланга чейин жигитиң жок беле?
– Достор бар болчу. Руслан менин биринчи жигитим, сүйүүм, анан болочоктогу жолдошум десем да болот.
– Руслан сенден бир топ улуу экен...
– Ооба, 13 жаш улуу. Анын өзүн алып жүрүшүнө карасак, экөөбүздүн ортодогу айырма билинбейт.
– Ий, эми сага көз арткан кыргыз жигиттери капа болушат го... Кыргыздын эмес, казактын жигити эмне кылып жүрөгүңдү ээлеп калды?
– Бул нерсе буйрук деп ойлойм. Аны менен бактылуу болорума көзүм жетет. Эң биринчиден, мага жана менин үй-бүлөмө кылган жакшы мамилеси менен багынтты.
– Эми турмуш куруп кетсең, ырчылыкты таштабайсыңбы?
– Руслан өзү деле айтат, “эгер ырдоону кааласаң, тоскоол болбойм” деп. Муну убакыт көрсөтөт го. Эми Алматы менен Бишкектин ортосу жакын эле, келип ырдап кетип турсам деле болот.
– Той өткөн соң бал айын кандай өткөрүүнү пландай элексиңерби?
– Руслан саякаттаганды абдан жакшы көрөт. Буюрса, Кытайдын бир аралдарына барып бал айын өткөрүп келүүнү кыялданып жатабыз.
– Көшөгөң көгөрсүн, Бегимай, бактылуу бол!
Бахияна Сатылганова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Кыргыз кыздар Кыргыздарга эле турмушка чыгышса жакшы болмок,Мага ушул корунуш такыр жакпайт
Башка улутка чыкан кыргыз кыздарын, чынын айтсам тушунбойм:(
kechke ele Ruslan dei berbei biz dep suiloso bolmok. Ruslan sayakattagandy jaman korgon bolso oturmak eken da bal ai jok.
Бегимай алданып калба казак жигитине?эмнеси болсо да кыргыз кызы башка жерде кор болбосун дейм да!!..алаарга чейин алтыным,алгандан кийин..(бактылуу болгула)
Куттуктайм!!!Бактылуу бол.Бирок ушул бала кыргыз болгондо жакшы болмок да.?!
будущий куйоосу мага жакты,как ей визет да??!!!!!!!красава!!!!!!!
Orus tilin tuura tak bilip,grammatikalyk katasy jok jazsanar anan jazgylachy,ozybyzdyn kyrgyz til barynda,je oshondoi jazganda ozgocho korunom deisinerbi,emi Begimaiga kelsek,kaisy jerde kimge tiyse da baktyluu bolsun.kyrgyzymdyn jigitteri ardanbai ele koigula.tagdyr deit.Orus tilin tuura tak bilip,grammatikalyk katasy jok jazsanar anan jazgylachy,ozybyzdyn kyrgyz til barynda,je oshondoi jazganda ozgocho korunom deisinerbi,emi Begimaiga kelsek,kaisy jerde kimge tiyse da baktyluu bolsun.kyrgyzymd
13 жаш отоо эле го ээ?? что то ой молтур таза суйуу дегенине ишениш кыйын... брак по расчетуга кообуроок окшоп атат.....
бул кыз байлыгына караган бейм... бирок суйуу приходит из ниоткуда деген чын болуп калыптыр буларда. может бай болбосо карамак да эмес..анан ухаживания, подарки болуп суйуп калгандыр. ей повезло!и головой подумала наверное муну чанып, мындан ойдо кимди тапмак элем деп..анан бала суйуп турса, эмнеге жок демек эле. Молодец!!! Бактылуу бол! коз тийбесин! ар дайым кулку кетпесин!!!Умничка!!!
Ал насип, ким кандай болот, эмне болот аны коро жатырбыз.Кайдагы ойду келди соз жазбагылачы кыргыз эли.
оказывается надо уметь ухаживать...вот тогда Бегимайдай сулууларды суйдуруп алса болот. чонтогундо бир да сому жок туруп, фантазия менен деле кыз суйдуруп алганга болсо керек ээ...
Beka717 Жаш баланын созун жазбай эле койгонун он го, эркек бала экенсин анын устуно. Мени менен акылдашкандан коро озундун жумушунду кыл. Бул жерге ар ким озунун ой-пикирин жазат.
adelima, Bul Beka 717 Dinara Esengulova go syiagy,otkondo Aidindi da jakwy ele tyzdagan...
adelima, Bul Beka 717 Dinara Esengulova go syiagy,otkondo Aidindi da jakwy ele tyzdagan...
Ой-боой. 13 жаш айырма болсо 2-аялы болсо керек. Чындыгында эле кандай сын айтпайлы жашоо ушундай да. Мындай сулуу ырчы кыз жонокой жигитти карамак беле. Аларга байлык, атак-данка керек. Кызык...Бегимайды 3 жыл мурда сектага тиешеси бар деп уктум эле, Оо Алла кечире корунуз! Калп эле соз болсун. Бактылуу болгула!
Козундуу жашылдантып, мен алданып калыпмын деп келбесен эле болду, чон кыз.
barmalei, кто не рискует,тот не пьет шампанское!
Бул кызды мен суйчумун келбетин жаль
Мен деле казах бала турмушка чыкканмын,азыр алтындай эки балапандарыбыз бар.5жылдан бери Алматада турабыз,Кудайга шугур бактылуумун,Бегимайга дагы бакыт-таалай каалаймын.