ИТАЛИЯ ДҮЙНӨНҮН 4-ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ

Оюнга аргентиналык калыс Орасио Элисондо көзөмөлдүк кылды. Оюн башталгандан 7-мүнөттө француздардын форварды Зинедин Зидан эсепти ачууга жетишти. Күчтөнө жан үрөгөн италиялыктар да 19-мүнөттө каршылаштарынын дарбазасына гол киргизүүгө үлгүрдү. Голдун ээси Матерацци болду. Мындан кийин эки тараптын тең оюнчулары каршылаштарынын ката жиберүүлөрүн күтүп, сактанып ойноого өтүштү.
2-таймдын башталышына 15 мүнөт болгондо француздардын оюнчусу Патрик Виейра жаракатка кабылып, оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Анын ордун Алиу Диарра алмаштырды.
Экинчи 45 мүнөттүк оюнда француздар артыкчылык кылышкан менен италиялыктар аларга гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.
Ошентип, оюн тең чыгуу менен аяктагандыктан, жеңүүчү аныкталуусу үчүн кошумча 15 мүнөттүк 2 тайм берилди. Мында француз Франк Рибери жакшы мүмкүн­чүлүктү орундуу колдоно албай калды. Ал тепкен топ штанганын оң тарабынан кыйгап өтүп кетти.
Дал ушул кошумча экинчи таймдын башталганына 5 мүнөт болгондо Зидан түшүнүксүз жорук жасоого барды. Ал башы менен италиялык оюнчу Матераццини көкүрөккө сокту. Калыс Элисондо капталдан байкоочу калыс менен акылдашып, Зиданды оюн талаасын таштоого буйруду.
Чатактын келип чыгышына Матераццинин Зиданды «террорист»деп атаганы себеп болгондугу кийин изилдөөдө белгилүү болду. Себеби, Зидандын теги алжирлик экен.
Эскерте кетчү нерсе, бул матч Зидандын профессионалдык карьерасындагы акыр­кы матч болуп калды.
Пенальтиде француздардан голду Сильвен Вильтор, Эрик Абидаль, Вилли Саньоль киргизишти. Ал эми италиялыктардын тарабынан киргизилген голдордун ээси Андреа Пирло, Марко Матерацци, Даниэле Де Росси, Алессандро Дель Пьеро болуп калды. Тайм коргоочу Фабио Гроссонун таамай тебүүсүнүн аркасында акыркы болуп кирген 5-гол менен аяктады.

  • Финалдык матчтын эң мыкты оюнчусу болуп италия командасынын оюнчусу Андреа Пирло табылды. Пенальтидеги алгачкы гол ал тарабынан киргизилген.
  • Ал эми турнирдин мыкты оюнчусу болуп 34 жаштагы Зинедин Зидандын ысмы аталды.

ЗИНЕДИН ЗИДАН
Дүйнөгө белгилүү футболчу Зинедин Зидан 1972-жылы 23-июнда Франциянын Марсель шаарында туулган. Бою 185 сантиметр, салмагы 80 килограмм. Кличкасы"Зизу" (ак мышык).
Зидан Испаниянын, Франциянын жана Италиянын чемпионаттарынын жеңүүчүсү. "Ювентустун" жана "Реалдын" курамында Чемпиондор Лигасын утуп алган. Өзүнүн өлкөсүнүн курама командасы менен 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Европанын чемпиондугун жеңген. Үйбүлөлүү, эки баланын атасы. Учурда Испанияда жашайт.

ЧЕМПИОНАТТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
8-июль. 3-орун үчүн беттеш. Германия – Португалия 3:1
9-июль. Финал. Италия-Франция 1:1( 5:3 п.)
Жалпы жыйынтыкта
Италия алтын, Франция күмүш, Германия коло медалга ээ болду.

«ГЕРМАНИЯ-2006НЫН» БАЙГЕЛЕРИ ЖАНА БАЙГЕ ЭЭЛЕРИ
“Алтын топ”(мыкты оюнчу) Зинедин Зидан (Франция)
«Алтын бутса» (мыкты чабуулчу)Мирослав Клозе (Германия, 5 гол)
«Лев Яшин байгеси» (мыкты дарбазачы)Жанлуиджи Буффон (Италия)
Мыкты жаш оюнчу Лукас Подольски (Германия)
«Туура оюн байгеси» – Испания жана Бразилия
«Көз кумарын кандырган оюн байгеси» – Португалия
“Күмүш топ байгеси”Фабио Канаварро (Италия)
“Коло топ байгеси”Андреа Пирло (Италия)

ЧЕМПИОНАТТА 3 ЖАНА АНДАН АШЫК ГОЛ КИРГИЗГЕНДЕР
5 гол – Клозе (Германия)
3 гол – Креспо (Аргентина), Торрес (Испания) (1 п.), Вилья (Испания) (2 п.), Родригес (Аргентина), Роналдо (Бразилия), Зидан (Франция) (2 п.), Анри (Франция), Подольски (Германия).

ФИГУ МЕНЕН КАНН ФУТБОЛДОН КЕТТИ
Португалиянын курама командасынын 33 жаштагы капитаны Луиш Фигу менен Германиянын курама командасынын 37 жаштагы оюнчусу Оливер Канн карьераларын аяктагандыгын билдиришти.
Фигу курама командада 15 жыл ойноп, 127 матчта 32 гол киргизген.
Канн 2002-жылы "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" байгесине ээ болгон.


Башка жаңылыктардан

КАРМАЗИН ЖЕҢИЛГЕНДИГИНЕ КАЛЫСТАРДЫ КҮНӨӨЛӨӨДӨ
8-июлда россиялык боксчу Роман Кармазин Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) версиясы боюнча дүйнө чемпиондугу наамын америкалык Корри Спинкске тарттырып жиберди. Таймаш Американын Сент-Луис шаарында өттү.
Роман бул жаатында өзү “таймаш тең чыгуу менен аякталышы керек болсо да, калыстардын Коррини жеңүү­чү деп тапкандары менин таң калтырууда. Калыстардын эсеп жазган барактарын карап көрсөк 12-раундда Корри ута тургандай эсептер жазылыптыр. Ал 12-раундда рингде менден качып жүрсө, мени кантип жеңмек эле?! Негизи ал 7-раунддан баштап эле начар мушташууга өткөн. Ошентсе да минтип калыстардын туура калыстык кылбаганынан улам жеңилүүгө учурадым” деп белгилөөдө.

ХОККЕЙ - 2007 МОСКВАДА ӨТӨТ
Эл аралык хоккей федерациясы (ИИХФ) хоккей боюнча 2007-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатын Санкт-Петербургдан Москвага которуу тууралуу чечим кабыл алды. Дүйнө­нүн 71-хоккей чемпионаты Москвада 21-апрелде башталып, 13-майда аяктайт.


Жергиликтүү жаңылыктардан

ТАТЬЯНА ЕФИМЕНКО ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
Кыргызстандык жеңил атлетчи Татьяна Ефименко Германияда өткөн Эл аралык турнирде жеңүүчү болуп калды. Турнир өткөн аптада болуп өттү.
25 жаштагы Татьяна бийиктикке секирүүдө мыктылыгын көрсөттү. Ал 195 сантиметр бийиктикке секирип 1-орунду камсыз кылды. 2-орунга россиялык Татьяна Кивимяги (191 см.), 3-орунга финляндиялык Хана Миконен (189 см.) ээ болушту.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан