БАШ КАЛААДАГЫ ЧОҢ СААТ –ЖОЛУГУШУУЛАРДЫН ОРДОСУ

Кызыктуу фактылар

  • Бишкек сааты 1984-жылы орнотулган
  • Бийиктиги 30 метр
  • 24 жылдан бери толук ремонттон өтө элек
  • Ар бир мүнөт сайын сааттын жебеси 20 секунд жүрүп, 40 секунд токтоп турат
  • Метрология бөлү­мүн­дө, башкача айтканда, Бишкек саатында болгону үч киши иштейт. Бөлүм башчы, анын жардамчысы жана инженер-механик.
  • Сааттын диаметри 2,5 метр метр
  • Сааттын жебесинин узундугу 80 сантиметр, мүнөттүн жебеси 1 метр 20 сантиметр

“Биздин саат Биг Бен сыяктуу дүйнөгө белгилүү болбосо да, кыргыз элинин сыймыктанчу жерлеринин бири, менин экинчи үйүм” деп сөз баштады бул жердин кожоюну. «Кожоюну» деп бекеринен кеп баштаган жокпуз. “Кыргызтелекомдун” метрология бөлүмүнүн инженер-механиги Ломакин Владимир бул чоң сааттын имаратын экинчи үйү катары эсептейт экен. Владимир аксакалдын жол баштоосу менен алгач мунаранын башына чейин чыгууну туура таптык. Улам оролуп ичке тарткан тепкич менен мунаранын “тактоо аппараты” жайгашкан жерге чейин чыгып бардык. Ал: “Мындан ары жол жок. Керек болгон маалда атайын крандар менен гана чыгабыз”,- деп айтып калды. Буга чейинки сапар өзгөчө деле кызыгып карачу нерселери менен эсте калган жок. Болгону, эскилиги жетип, көгүчкөндөрдүн кыгы толуп кеткен тепкичтер бул жерде көптөн бери ремонт иштери болбогонун көрсөтүп турду. Биз жеткен акыркы чекитте турган “тактоочу аппарат” жол көрсөтүүчүнүн айтымына караганда, эң негизги механизм экен. Ал сааттын жебелеринин кыймылын жөнгө салып турат. Чокуга чыгып алып сөздүн нугун сааттын пайда болуу тарыхынан баштадык.
– Сиз сөздүн башында айтып кеткениңиздей, бул саат Биг Бендей болуп дүйнөгө белгилүү болбосо да, биздин сыймыгыбыз. Эми тарыхына кайрыла кетпейсизби?
– Бул саат 1984-жылы сентябрь айында орнотулган. Ошондон бери 24 жыл тынымсыз иштеп жатат. Ал эми ошол жылдардын 15и мени менен чогуу өттү. Илгери бул жерде күчөткүчү менен тембрдик магнитофондор турчу. Азыр бардык аппараттардын эскилиги жетип, чачыла баштады. Күндө бир жерин улаштырып, чаптап иштетип келе жатабыз.
– Ошол орнотулган күндөн баштап сааттын механизми алмаштырыла элекпи?
– Жок, алмаштырыла элек. Байка­саңар керек, мындан төрт-беш жыл илгери саатыбыз артка же алдыга кетип, так иштебей бузула баштаган. Ошондо сааттын ички механизминдеги кээ бир тетиктерин алмаштырганбыз. Анда да эскиге жаңыны улап, эптештирип жатып. Мына Кудайга шүгүр, ошондон бери бузула элек.
– Тетиктерди алмаштыруу кымбат турса керек...
– Негизи, бул саат абдан бышык тетиктер менен жасалган. Союздун дүркүрөгөн учурунда курулган да. Тетиктери да союздук өлкөлөрдөн чогултулган. Ошондуктан чыдап турса керек. Анын үстүнө, мен өзүм инженер-механикмин. Айрым учурда ойлонуп көрүп, ар кайсы тетиктерди улаштырып, эптеп коём.
– Деги эле саат кандай иштейт? Анын артта калып калбашы үчүн эмне кыласыздар, түшүндүрө кетсеңиз?
– Мурда “Маяк” станциясы менен бирдикте иш алып барчубуз. Мына ушул радио менен убакытты тактап турчубуз. Тактап айтканда, ар бир саатта биздин сааттын секундуна чейин коррекциялап турчубуз. Бул – саатты оңдоонун оңой жолу болчу. Башкача айтканда, сигнал менен саат өзү эле автоматтык түрдө оңдолуп турчу. Ал эми “Маяк” радиосу жоюлгандан бери саатты кол менен тактап турабыз. Ал радионун ордуна электрондук саат орнотулуп, негизги текшерүүчү механизм ошол болуп калган.
– Саат сайын кол менен оңдоп турасызбы?
– Жок, күнүнө эртең менен бир маал эле текшерип турам. Азырынча мүнөтүнө мүнөт, секундуна секунд болуп, таптак жүрүп жатат. Жебелеринин жүрүшү кадимки сааттардай эмес. Сааттын жебеси 20 секунд жүрөт да, 40 секунд токтоп турат.
– Турмушта ар кандай окуялар болот эмеспи. Жумушуңузга байланыштуу кызыктуу окуялардан бөлүшө кетсеңиз...
– Бул сааттын алды негизинен жолугушуулардын чордону эмеспи. Башкача айтканда, жаштыктын таттуу мүнөттөрүн мына ушул жебелер санап турат. Бир жолу сааттын жебесин оңдоого туура келип калды. Мунаранын чокусуна чыгып баратканымда бир бала букет гүлүн кармап турган. Кыштын кыраан чилдесинде болгондуктан, баланын үшүп турганын байкадым. Мен мунаранын башында аябай көпкө кармалып калдым. Болжол менен айтсам, беш сааттай. Кайра түшүп келе жатсам баягы бала дагы деле турат. Ошондо сүйүүнүн ушунчалык жалындуу ысыктыгына бир таң калгам.
– Мунаранын бийиктиги канча метр?
– 30 метр.
– «Сааттын жүрөгү» деп коёт экен­сиздер. Ал эмнени түшүндүрөт?
– Аны кыймылга келтирип турган МО16 деген механизм. Аны мен: “Биздин сааттын жүрөгү армениялык. А мен болсо анын кан тамырымын”, - деп тамашалап айтам. Анткени, бул механизм Арменияда жасалган.
– Угушубузга караганда, сиздин экинчи атыңыз Санагыч экен.
– Бул лакап ат – бардык эле мага окшош мунара сааттарда иштегендердин жалпы аты.
– Мындай бийикке күн сайын чыга берген жагымсыз болсо керек...
– Жагымсыз болмок тургай, башында чокусуна тепкич менен чыккандан коркчумун. Азыр көнүп калгам.
– Маегиңизге чоң рахмат. Саатыңыз такыр бузулбасын.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан