Юлия Руцкая Испаниянын Тенерифе шаарындагы эстрада ырчыларынын «Universong-2011» сынагында «Жамгыр» деген кыргыз ырын аткарып 2-орунду алып келгенин кабарлады. Аталган сынак «Антенна ТВ» испан телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүп турганын да кошумчалады.
Бул сынакка чакырууну ырчы өткөн жылы Испанияга сынакка барганда калыстар тобунун мүчөсү Гильермо Альбело аттуу белгилүү композитордон алган.
Дегеле бул ырчы кыз эл аралык сынак-фестивалдарга көп катышат. Азыркы заманда кимдир бирөө демөөрчү болбосо, чет өлкөгө чыгып эл аралык сынактарга катышуу да кыйын эмеспи. Юлияны ким каржылайт? Бул суроого кийинки санда жооп издейли.