Ырчы Фархат Кеңешбек уулунун эки диплому бар экенин билчүбүз. “Жеке бизнес менен алектенем” деп, эмне бизнес экенин ачык айтпай табышмактатып сырдуу көрүнгөн бул ырчы машинадан машина алмаштырганды жактырат. Бул ирет Мерседес Е үлгүсүндөгү унааны 18 000 долларга сатып алыптыр. Учурда рулуна жоолук байлатып ырымдатып жүргөн бойдок жигит эми кыздарга зуулдап гана барып, тоюн берсин демекчибиз.