БИР ЖОЛУ СТУДЕНТ КЕЗИМДЕ...

Динара Акулова,
ырчы:

– Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында студент элем. Октябрда Ак-Суу районундагы айылдардын бирине картошка тергени барып калдык. Ал жактан мен, дагы беш адам ашпозчу болуп алдык. Бир күнү студенттердин баары уктагандан кийин ашпозчулар чогулуп талаадагы чөмөлөнгөн чөптөрдүн ортосун оюп ичине кирип, анекдот айтышып отурганбыз. Бир убакта эле кыйкырык-чуу угулуп, чөмөлөнүн ичи жапжарык боло түштү. Көрсө, биздин жок экенибизди байкап калган студенттер агай-эжейлерге айтып, алар менен кошо фонариктерди күйгүзүп алып издеп чыгышыптыр. Эртеси тартипсиз, начар окуган студенттер чыкчу “Тикенек” гезитине ашпозчулар сүрөтүбүз менен чыгып уят болгонбуз. Ошондо агайлардын алдында уялганыбызды эстесем азыр да жылмайып алам.
1979-83-жылдары Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайын, 1983-88-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Кылычбек Султанов,
ЭлТР коомдук телеканалынын башкы директорунун орун басары:

– Студенттик күндөрүмдө өзгөчө эсимде калганы окууга тапшыруу үчүн Бишкекке жаңы келгеним болду. Айылдагылардын жазып берген кагазы боюнча “гармошка” узун автобуска түшүп Аламүдүн-1 кичирайонуна жөнөдүм. Арткы эшиктен киргендиктен, талон сатып алуу үчүн элдин бутун тепсеп жатып араң айдоочуга жетип, 10 рубль берсем ал бирдеме деп сүйлөнүп, 200 талон берди. Байкасам, башкалар өздөрү келбей эле тыйындарын бири-биринен берип жиберип талон алып жатышыптыр. 1 талон 5 тыйын экенин, “мынча рублга талон бериңиз” деп айтыш керектигин кийин билдим. Бир топко жашачу акчага 200 талон алганыма азыр да күлкүм келет.
1990-94-жылдары борбордогу Политехникалык техникумунда, андан кийин КЭУда, Арабаев атындагы университетинде билим алган.

Азимбек Бекназаров,
коомдук ишмер:

– Улуттук университеттин юридикалык факультетинде 1-курста окуп жүргөн кезим. Эжейибиз: “Ким айылда чалгы менен чөп чаап жүрчү эле? Ордуңардан тургула”,- деп калды. Он балага кошулуп мен да ордумдан турдум. Бизди “Ысык-Көл” мейманканасынын айланасындагы чөптөрдү чабууга жөнөтүштү. Эжейибиз өзү берген сабактан “чөп чапканыңар үчүн” деп баарыбызга төрт коюптур. Мен эжейге: “Эки балам бар. Сабактарымды «5ке» тапшырып, жогорку стипендияга жетейин дегем. Төртүңүздү албайм”,- дедим. Экөөбүз ал жерден уруша кеттик. Ал мага: “Мырк, төрткө ыраазы боло бербейсиңби!”- деп кыйкырды. Арданып кетип мен: “Өзүң деле көлдөн келген мыркасың!”- деп салдым. Ал бүтүндөй биздин факультеттин студенттерин чогултуп, “бул баланы кетириш керек. Мени мырка деди” деп ыйлап кирди. Ошентип, атайын мен үчүн комиссия түзүлүп, төртүмдү үч сааттын ичинде «бешке» жойгом. Курсташтарыма азыр жолуксам, ошол окуяны кеп кылып күлүп калышат.
1986-91-жылдары Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Аликбек Жекшенкулов,
“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору:

– Украинадагы айыл-чарба академиясынын 2-курсуна келгенимде каражат жетпей катуу кыйналдым. Атам ооруп, бир үйдө жалгыз апам иштеп калды. Мен студент. Менден кийинки карындашым, эки иним мектепте окушат. Украинадан Фрунзеге келгенимде туугандарды кыдырып окууга деп бир аз акча чогултуп кеттим. Жатаканада төрт бала жашачубуз. Барган күндүн эртеси сабактан келип шымымды карасам, баягы туугандардан чогулткан акчам жок. Чогуу жашаган балдар менен “акчамды таап бергиле!” деп мушташканга чейин бардым. Алар акчамды кайрымак түгүл моюндарына да алышкан жок. Үйдөгүлөрдүн менсиз эле кыйналып жаткандарын билип, аларга телефон чалган жокмун. Ошентип, бир жума крандан суу ичип жан бактым. Андан кийин вагондон жүк ташып акча тапканды үйрөнүп алып тыңыраак жашай баштадым. Ойлоп көрсөм, ошол окуядан бери эч кимге жүк болбой, өз арабамды өзүм тартууга үйрөнүптүрмүн.
1975-1980-жылдары Украинадагы Айыл-чарба академиясында окуган.

Лунара Мамытова,
телеалпаруучу:

– Мен ОшМУнун тарых факультетин бүтүргөм. Кээ­де айрым сабактар болбой калат эмеспи. Ошондо группалаштар чогулуп бири-бирибизге буйрук бермей ойночубуз. “Баланча агай чачын кайсы шампунь менен жууйт экен? билип кел. Тигил эжей жеп аткан алманы сурап алып кел!” деген сыяктуу буйруктарыбыз бар эле. Бир жолу курбу кызым экөөбүз бир балага “университеттин кире беришинде он жолу «оджимание» жаса” деп буйрук бердик. Университетте жакшы окуган студент болгондуктан, тигил баланы баары таанышчу. Ошого карабай элдин баарын каратып университеттин кире беришинде он жолу «оджимание» жасаганы эсимде.
2000-2005-жылдары ОшМУнун тарых факультетин аяктап, ошол эле жылы юридика факультетине тапшырган. Быйыл акыркы курсунда окуп жатат.

Борончу Кудайбергенов,
куудул:

– Чаектеги кесиптик-техни­калык окуу жайында окуп жүргөн кезим. Бир жолу эртең менен милиция ай-буйга келбей эле мени машинага салып кетти. Баргандан кийин “өтүктү кайда каттыңар, пальтонучу?!” деп кыйнай баштады. “Кайдагыны айтып жатасыңар? Мен эч нерсе билбейм” десем, “өлүмүш болбочу” деп сабап киришти. Аңгыча мени менен чогуу окуган бала кирип келип “ушул-ушул” деп чыгып кетти. Анда деле түшүнбөйм. Көрсө, менин группалаштарым түн ичинде уурулукка киришиптир. Анан анын бирөө милицияга кармалып калат. “Жаныңда ким бар эле?” десе, окуу жайдын “белгилүүсү” деп мени кыпчый кетиптир. Мен актыгымды үч күн таяк жеп көгала болуп жатып араң далилдегем.
1984-86-жылдары Чаектеги №26 кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырган. Быйыл ал окуу жайдын бүтүрүүчүсү.

Элмара Турсуналиева,
ди-джей:

– Бир жолу “Россия” кинотеат­рына жаңы кино коюлуп, курбу кызым Марина экөөбүз баралы деп аябай ээлигип алдык. Бирок, чөнтөктө бир тыйыныбыз жок. Марина чач кыркканды билгендиктен, бир кызды бир күн кечке алдап-соолап жатып көндүрүп кечинде үйүнө барып чачын кыркып бермей болдук. “Киного аз калды” деп шашып жатып кырккан акысын албай театрга келе бериптирбиз. Акчабызды унутуп калганыбызды билип, экөөбүз тең ыйлай албай же күлө албай жаман болгонбуз.
1990-94-жылдары Политехникалык техникумду, 1994-98-жылдары КУУну аяктаган.

Айбек Карымов,
ырчы:

– Мектепти бүткөндөн кийин Таш-Көмүр шаарындагы №5 кесиптик окуу жайына кирип окуп калдым. Сабактын баары орус тилинде, жадакалса сабак берген мугалимдер да орус. Же мен кыйратып орусча билбейм. Тартип абдан катуу болгондуктан, студенттер эмес, мугалимдер да тамекини ачык чегишчү эмес. Бир жолу студенттер тамеки тартканы окуу жайдан алыс кеттик. Жаңы эле тамекини күйгүзүп оозума саларда орус агай алдымдан чыгып: “Карымов, что куришь?”- деп калды. Мен коркконумдан күйүп жаткан тамекини чөнтөгүмө сала коюп: “Кто куриш? Я ни куриш! Я вабше не куриш!”- деп кыйкырдым. Агай мени “колу же чөнтөгү күйүп кетпесин” деп аяды окшойт. Мага колун зекий басып кетти. Жанымдагылар болсо ал кетери менен ыкшып эле жатып калышты. Бул окуя­ны эстесем азыр да күлкүм келет.
1986-87-жылдары Таш-Көмүр­дөгү №5 кесиптик окуу жайында, 1990-93-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумунда окуган.

Нурдөөлөт Копоев,
актёр:

– Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда окуп жүрөбүз. Акча-тыйын тартыш. Акча тартыш болсо тамак-аш да тартыш болот эмеспи. Бир жолу бөлмөдө жашагандар кичинеден акча чогултуп чүчпара сатып алып бышырдык. Бышкан тамакты 2-кабаттан 4-кабатка көтөрүп баратып мискейди тоголотуп алсам болобу! “Төгүп алдым” деп барсам балдар урушат. Ошол үчүн колумдун күйгөнүнөн карабай жердеги чүчпараны бирден терип кайра мискейге салып, суудан куюп, туздан салып койдум. Балдардын баары “даамдуу болуптур” деп ичип жатышса, ачкалыктан чыдабай мен да ичип алгам.
1997-2000-жылдары Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын аяктаган.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан