“Дем” театрынын актёру Данияр Жанжигитов бойдокчулук менен кош айтышып, Динара аттуу сулуунун колун кармады. Данчик “сахнанын артынан сулуунун белинен имере тартып калам” деп тамашалап күлүп жүрчү эле, сүйүктүүсү экөөнү сахна табыштырыптыр. Жок, актриса экен деп ойлобоңуз. Динара жөн гана спектаклге көрүүчү катары барып, ошол жерден таанышышкан.
Токмоктун кызы Динара Улуттук университеттин биология факультетинде 4-курста окуйт. Кыргыз салты менен июль айында баш кошкон эки жаштын заманбап тою 27-сентябрда Токмокто өтөт. Данияр, Динара, бактылуу болгула!