Кыргыз кино сүйүүчүлөрү үчүн жагымдуу жаңылык! 28-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда режиссёр жана актёр Азамат Арыковдун “Аят-2” тасмасынын ачылыш аземи болот. Бет ачарда жылдыздар атайын кызыл килем үстүнөн өтүп, кече чакан концерт менен коштолмокчу. Мындан сырткары “Аят-2” тасмасы күйөрмандарга тартууланат.