Интернет булактарында актриса Скарлет Йохансондун жылаңач сүрөттөрү тарап, актриса бул кылмышка федералдык иликтөө кызматынын көңүлүн бурдурууга аракет кылууда. Скарлеттин катчысы хакерлер анын жеке сайтын бузуп, сүрөттөрүн уурдашканын айтып өткөн. Айта кетсек, Мила Кунис менен Жастин Тимберлейктин да кумарга баткан сүрөттөрү белгисиз жагдайлардан улам басылмаларга тарап кеткен эле. Эми федералдык иликтөө кызматы бул кылмыш ишин кеңири иликтөөгө алат окшойт.