“Күүгүм” тасмасынан атак алган популярдуу актёр Роберт Паттинсон жеке дебюттук ыр жыйнагын чыгарат. Бул маалыматты актёрдун жакындары тараткан. Алардын айтымында, аталган ыр жыйнакта Роберттин биринчи сүйүүсү тууралуу ырлар камтылган. Паттинсон убактысынын тардыгынан улам сүйүктүүсүнө жетишерлик көңүл бөлө албай, учурда кыйналып жаткан кези экен. Айта кетсек, актёр 2008-жылы чыккан “Күүгүм” тасмасына эки ыр жаздырган. Эми актёрлук кесип менен бирге ырчылыкка да белсенип калган өңдүү.