“Оскар” киносыйлыгынын “Чет тилдеги мыкты фильм” наамына орусиялыктар режиссёр Никита Михалковдун «Күндөн чаалыккандар-2: Сепил» тасмасын көрсөтүштү. Аталган чечим орусиялык Оскар комитетинин калыстар тобунун колдоосу менен кабыл алынган. Калыстардын ичинен Владимир Меньшов Михалковдун тасмасынын “Оскарга” көрсөтүлүшүнө каршы чыгып, кол койбой койгон. Эскерте кетсек, Меньшов «Москва көз жашка ишенбейт» тасмасы үчүн ал эми Михалков «Күндөн чаалыккандар» тасмасы үчүн «Оскар» сыйлыгын алышкан.