2012-ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНАН ТАРТА КАЗИНОЛОР ЖАБЫЛАБЫ?
Жогорку Кеңештин Фискалдык жана акча-насыялык саясаты боюнча комитети “Кыргызстандын аймагындагы оюн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу” мыйзам долбоорун кабыл алышты. Анда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов Кыргызстанда 21 казино жана 2063 оюн автоматтар залы, анын 1437си Бишкекте жайгашканын айтты. Ал кошуна Казакстанда тыюу салынып, ал эми Орусияда оюн ишмердүүлүгү чектелгендиктен улам бизде көбөйгөнүн белгилеп өттү. Ошол себептен бюджетке анча деле көп пайда алып келбеген оюн автоматтарын жабууну сунуштады. Ошентип, депутаттар 2012-жылдын 1-июлунан баштап кумар оюндарына тыюу салууну сунушташты. Бул мыйзамдын долбоору жакынкы убакытта Жогорку Кеңештин отурумунда талкууга чыгарылмакчы.
“ЭРТЕҢ КЕЧ БОЛУП КАЛАТ”
Президент Роза Отунбаеванын да бул маселеге байланыштуу тынчсызданып жүргөнүнө интернеттеги өз блогуна казиного каршы күрөшүүгө чакырган видеотасма далил болду. Анда: “Келгиле, биргелешип казинолорго үй-бүлөбүздү жана жеткинчек өспүрүмдөрүбүздүн жашоосун талкалоого жол бербейли! Эртең күрөшүүгө кеч болот”,- деп билдирди. Бирок ал казинолорду жабуу менен анын көмүскө түрдө иштеп, мындан ары улана берерин баса белгилеп, иштөөсүнө тоскоол кылган чараларды гана көрүү керек экендигин билдирди.
Депутаттардын арасында эки тараптуу ой жаралып, бири түп тамыры менен жабалы десе, экинчилери оюн автоматына 50 миң доллар, казиного 500 миң доллар акча төлөтүү чараларын гана көрөлү деп чыгышты. Жабууга каршы болгондор казино жана оюн автоматтарынан бюджетке жылына 403 миллион сом каражат түшүп турарын белгилешти.