ЖЫЛДЫЗДАР ЖАРНАМАДА

Кандай гана буюм же тамак-аш сатып албайлы, көпчүлүк учурда анын жарнамасына көңүл бурат эмеспизби. Азыр эмнени болбосун элге белгилүү жылдыздардын жүзү менен жарнамалоо модага айланган. Андан жылдыздарга эмне пайда?..

"ЭКИ ЖАРНАМАДАН КОСМЕТИКАМА ЖЕТЕРЛИК АКЧА ТАПТЫМ"
"Биринчи жолу былтыр кастинг аркылуу тандалып, кыргыздын келининин образын чагылдырып, бир саясий партиянын жарнамалык ролигине тартылгам. Андан кийин байланыш операторлорунун биринен сунуш түшүп, ага да тартылып калдым. Экөөнөн тапкан акчам өтө чоң деп деле айтпайм, өзүмдүн косметикаларыма кенен жетерлик болчу.
Жакында эле түрктөрдүн суюк самынын жарнамалаган роликке түштүм. Бул жолу мурдагыдан бир аз көбүрөөк акча алдым, нааразы эмесмин. Андан тышкары самындарынын түрүн белек кылышкан эле, аларды өзүм колдонуп жатам",
- дейт телеалпаруучу Назира Айтбекова.

АКЧАСЫНА КИНО ТАРТЫП...
Акыркы күндөрү Чыңгыз Мырзаевди чайды сунуштаган жарнамалык роликтен көрүп жүрөбүз. Бул роликтен түшкөн каражат Чыңгыз тартылып жаткан Эрнест Абдыжапаровдун “Күкүк Шахра” аттуу жаңы тасмасына жумшалып жатыптыр.

ТАПКАНЫН КАЙРЫМДУУЛУККА ЖУМШАДЫ
Азамат Исмаилов элге тааныла баштагандан тартып эки жарнамага тартылды. Бири Ак калпак күнүнө карата тартылган ролик болсо, бири муздак чайдын жарнамасы.
Калпак боюнча роликке бекер тартылып берген. Ал эми чайга тартылган жарнамадан Азамат жакшы эле пайда тапкандыгын айтат. Алган акчасы менен окуудагы контрагынан кутулуп, калганын Токмоктогу Жетим балдар үйүнө кайрымдуулук кылып тамак-аш алпарып берген. Кызыктуусу, Азамат жарнамага тартылуу сунушу түшкөнгө чейин бул чайды бир да жолу ичип көргөн эмес экен. Съёмка алдынан катары менен үч бөтөлкөсүн ичип көрүп анан тартылыптыр.

БАКЫТТЫН ТАПКАНЫ БИР СЫЙРА КИЙИМГЕ, ЭС АЛУУГА ЖЕТТИ
Улуттук суусундуктарыбыздын бирин жарнамалаган "Тамашоудогу" "Саяктардын" өкүлү Бакыт Тынайбеков жарнамага тартылуу менен өзүнө популярдуулук арттырды. Муну менен бирге канааттандырарлык киреше да тапты. Айтымында, шайыр жигит жарнамага тартылуудан тапкан акчасына бир сыйра кийим алып, андан артканына досу менен кафеде жакшы эс алып кайткан.

ЧАЙДЫН АРТЫНАН МАШИНАЛУУ БОЛГОН АТАЙ
2010-жылдын июнь айында жаңы чыккан муздак чайды жарнамалоо боюнча сунуш түшүп, бийчи жигит ага макулдугун берет. Бир жылдык келишимге кол коюлуп, жарнамалык съёмкалардан соң Атай Өмүрзаков алган акысына машина сатып алыптыр.

БЕК ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

  • "Тамашоунун" "Не дай Бох!" командасы муздак чайды жарнамалашты. Алар бул жарнамадан каражат эмес, аз да болсо популярдуулук арттырышты.
  • Белгилүү спортчу Канат Бегалиев бадырактар менен куруттун жарнамасында жүрөт.
  • Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева менен жолдошу Атайбек Бөдөшев дарылык касиети бар суусундуктардын бирин жарнамалап жатышат.
  • Актриса Шайыр Касымалиеваны белгилүү банктардын биринин жарнамасынан көрүп калган элек. Шайыр эже бул жарнамалык роликке тартылуудан өзү канааттангандай акысын алгандыгын айтты.
  • Дүйшөн Байдөбөтов колбаса деликатестерин жарнамалап, миң сом акчалай пайда тапкан.
  • Белгилүү бир кургак чайды жарнамалап, Бек Борбиев менен Ассоль Молдокматованын жүзүн чагылдырган жарнамалык ролик чыккан эле. Бул тууралуу ырчы Бек Борбиевге кайрылганыбызда: "Ошол жарнаманы мен өзүм көрө алган жокмун. Тарткан адамдарды таппай жүрөм. Уруксатымсыз мени жарнамага кошуп койгон ким болду экен?"-деген жооп алдык.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ТОВАР САТЫП АЛАРДА АНЫН ЖАРНАМАСЫНА КӨҢҮЛ БУРАСЫЗБЫ?

Тынчтыкбек
Садырбеков, студент:
– Жарнагына деле карабайм. Көбүнчө өзүм колдонуп жүргөн жана сапаты жакшы нерселерди тандабай ала берем. Жарнагы жакшы болсо эле товарды мыкты экен деп ойлобош керек. Балким, жакшы сатылбаганы үчүн жарнамалоого аргасыз болушар.

Даргүл Базакечова,
тигүүчү:
– Сатыкка жаңы чыккан товарды сөзсүз жарнамалоо керек. Антпесе, эл билбей жогорку сапаттагы буюм деле сатылбай калышы мүмкүн. Бирок мен көңүл деле бурбайм. Эмне керектүү болсо, дүкөндөрдөн тандап көрүп, акчасына жараша сатып алам.

Алмаз Алиев,
соодагер:
– Көңүл бурам. Чаң жугузбай мактап жатса сатып алгың келет да. Бирок сөзсүз түрдө товардын колдонуу мөөнөтүнө жана сапатына карайм. Анткени азыр жасалма жол менен даярдалган нерселер көп. Сыртындагы сүрөтү же кооз жазуусу экинчи пландагы нерсе.

Алина Чекишева,
студент:
– Көбүнчө косметикалык каражаттарды сатып аларда жарнамасына көңүл бурам. Анткени жаңы түрлөрүн, бааларын билүү үчүн сөзсүз жарнактарга маани бериш керек. Косметикалык фирмалардын жарнак китепчелерин барактап, ылайыктуусун сатып алам.

Жеңиш Сапралиев,
айдоочу:
– Көңүл деле бурбайм. Товардын кандай экени көз менен көрүп, кол менен кармаганда гана билинет. Азыр атактуу адамдар жарнамалаган товарлар көп. Сыртынан карасаң баары эле укмуш. Колдоно келсең кадимки эле нерсе.

Күлайым Телибаева,
мугалим:
– Жарнактан көрүп сатып алсам да, сөзсүз анын колдонуу мөөнөтүн карайм. Сырты жалтырак, ичи калтырак болуп жүрбөсүн дейм. Эгер баары жайында болсо, анда баасына карабай сатып алам. Негизгиси, ден соолукка зыяны тийбегидей болушу керек.

Тариел Бектемиров,
жарнама адиси:
– Буюм аларда анын жарнагын карап койгон жакшы. Менин да жарнактан улам жактырып сатып алган учурларым болот. Колдонуп көрүп, жакса кийинки жолу кайра сатып алам. Эң башкысы, табитиме туура келип, сапаты талапка ылайык болушу керек.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
adelima
2011-09-26 12:23:40
Азамат кыйын бала озу. Жетимдер уйуно акчасын сарп кылганы мени ого бетер кубантырды. Бизде ушундай адамгерчиликтуу,боорукер адамдар кобойсо, балким биз да онолор белек? ким билсин...............
0
operaledi
2011-09-26 16:41:30
Хороший товар рекламе не нуждается.
0
studentka
2011-09-29 10:24:09
Менин айтайын деген оюм жарнама жонундо эмес, макаладагы же сайттын башкы бетиндеги (телеканалдардан да кезиктирип калам) "жарнак" деген соз жонундо. Рекламанын кызгызчасы жарыя же жарнама эле болуп айтылат. А жарнак деген создун мааниси таптакыр башка да. Рекламага бир да тиешеси жок.

жарнак
1. ист. часть, доля в краденом, захваченном;
2. уст. пай;
жарнак капиталы паевой капитал.

"Ушул нерсеге конул болуп созду туура колдонсонор боло" деген ке
0
studentka
2011-09-29 10:25:17
"Ушул нерсеге конул болуп, созду туура колдонсонор боло" деген кенеш айткым клет.
0
perish
2011-10-01 00:46:29
мен былтыр жаны ачылып жактан автралийский фаст-фудга иштегенмин.алар ачыларында маркетинг,кухня боюнча курс отушкон...анан аябай оздорунун бургерлерин бизге мактаган болчу,вкус неповторимый,панированные в уникальных специях,мясо охлажденное не заморозка и т.п. дешип.кийин этти морозилкага салып аттык,бузулбасын деп. жеп кордук.такыр рекламадай даам эмес экен.так что.......................
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан