Чолпон: «ЖИГИТТЕР МЕНИ СТЕРВА ДЕП ОЙЛОШОТ»

Чолпон үй-бүлөдө төрт кыздын улуусу жана сулуусу. Анан да өнөктөшү Максатсыз сахнага чыкпайт. Бүгүн “Non-Stop” дуэтинин Чолпону менен сырдаштык.

ЧОЛПОН ТУУРАЛУУ
Кант шаарында 1990-жылы 22-сентябрда туулган.
Бою – 160 см. Ошондуктан дайым бийик така киет.
Салмагы – 52 кг. Учурда диета кармап жатат, арыктап кетиши да мүмкүн.
Өзүнө жаккан жери – Көзү жана эриндери.
Жумасына 3 жолу спорт залына барып турат. Сууда сүзүүнү жана футбол ойногонду жактырат.
Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун 3-курсунун студенти.

САХНАДА
– Чолпон, чыгармачылыгыңдагы кандай жаңылыктар менен ыр сүйүүчүлөрүн кубантканы турасың?
– Акыркы жаңылыктар тууралуу айта кетсем, альбом чыгаралы деп ырларды жаздырып жатабыз. Максат экөөбүз бий боюнча сабак ала баштадык. Мына бүгүн да бийден келдим бул жакка. Негизинен, тогузунчу класска чейин көпчүлүк кыздардай эле менде да бийге кызыгуу болгон. Анан тогузду бүткөндө Бишкекке келип, Финансы техникумуна тапшырып калдым. Окуу, окуу дей берип бий үйрөнүүгө убакыт деле болбогон.
– Эсеп-кысап жагына тапшырганыңа караганда башында чыгармачылыкка көп деле көңүл бурчу эмес окшойсуң...
– Бала чактан эле чыгармачылыктын магнити тартканы менен, апам “ырчылык менен 30 жашка чейин жан багасың, анан эмне кыласың? Биз айткан жакты окуп бүтүр, анан каалаганыңды кыл” деген. Алар айткан окууну кызыл диплом менен бүтүп, колдоруна карматтым. Негизи, ыр, бий боюнча болобу, эмне сынак болсо эле катыша берчүмүн. Таенем да мени шылдыңдап “тиги жакта сынак болуп жатыптыр, катышпайсыңбы” дей берчү. Бир жолу “КТРКда сынак болуп жатат, барбайсыңбы” деп калды. Барып, өтүп кеттим да, бир жылча 10 мүнөттүк “Жеңиштин тарыхы” деген берүүнү даярдап иштеп калдым. Ошол жерден режиссёрлук кесипке кызыгуум жаралып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. Учурда жалаң “5ке” окуп, стипендия да алам.
– Кыялың режиссёрдук болсо, ырчылыкты эмнеге аркалап жүрөсүң?
– Ырчылык менин талантым болсо, режиссёрлукту кесип катары алып кетем деп ойлойм.
– “Өң-келбети эле болбосо, үнү күчтүү эмес” деп сынга алынып жүрөсүң. Деги эле “ырчы кыздар сулуу болсо, үндүн кереги деле жок” дегенге кошуласыңбы?
– Кесе айтпайм, менин үнүм укмуш, мыкты деп. Бирок өзүңө карата айтылган ар бир сынды талашсыз чындык деп уга берсең, болбойт экен. Башында өзүм тарапка сын айтылса “мен ырдаганды билем десем, андай эмес турбайбы” деп калчумун. Анан жакындарым “сынды ук, бирок өзүңө ишен” деген кеңеш беришти. Эң негизгиси, сынга сынбай, талантыңа ишенишиң керек экен. 16 жашымдан баштап эле ырдайм деп өжөрлөнүп келе жатам. Уйкудан ойгонуп эле сахнага чыга калган жокмун. Айтарым, кандай үн болсо деле таптай билиш керек. Бул жаатында вокалдан сабак алып турабыз. Ал эми өң-келбет менен элди алдай албайсың. Бир жерде болбосо, экинчи жерде жандуу үн менен ырдап калууга туура келет. Мындайда сулуулук сактай албайт.

ЖИГИТТЕР ТУУРАЛУУ
– Кел, жигиттер тууралуу сүйлөшөлү. Жакында эле «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» деген тасмада роль жараттың. Быйыл сөзсүз күйөөгө тийүү планыңда барбы?
– Ушундай аталыштагы тасмада роль жаратканым эле болбосо быйыл “точно” тийбейм. Жакынкы пландарымда жок. Жигитим деле жок.
– Балдар менен кандай жагдайда таанышкан жагат?
– Бирөөлөр ортомчу болуп таанышкан учурлар жакпайт. Болот го, капысынан таанышып калган учурлар. Мына ошону жактырам. Бирок бир көрүп сүйүп калуу деген нерсеге таптакыр ишенбейм. Бир топ убакыт сүйлөшүп көргөндөн соң бир нерсе чыгышы мүмкүн. Апам менен таенем “сен жигиттерди базардан бир нерсе тандагандай эле кыласың” деп көп урушушат.
– Сени чогуу ырдаган Максат кызганат деп уктук. Шамал болбосо чөптүн башы бекер кыймылдабайт да?..
– Максат экөөбүздүн ортобузда достук жана бир туугандай мамиле бар. Бири-бирибизден сыр жашырбайбыз.
– Жигиттер көбүнчө кандай комплименттерди айтышат?
– Менин сырткы келбетимде бир серт нерсе бар окшойт. Көбүнчө жигиттер мени “стерва” деп ойлошот экен. Кийин сүйлөшүп калганда “сен таптакыр биз ойлогондой кыз эмес экенсиң” дешет. Кара тору болгондуктан, “шоколадка” деген комплименттерди угуп калам. Ушул сыяктуу комплименттерди балдар кыздардын баарына эле айта берет болуш керек. Өзүм тарапка оригиналдуу деле комплимент уга элекмин.
– Кыргыздын каада-салттарын колдойсуңбу? Колдосоң, жарандык никеге көз карашың?
– Кыргыздын каада-салттарын баалайм. Кыз узатуу салтына абдан кызыгам. Турмушка чыкканда мени да ушинтип узатышса деп кыялданам. Үйлөнгөнгө чейин чогуу жашаган жаштарга каршымын. Кыздар дайыма болочок турмушун жана өзүн эне катары элестетип жүрүшү керек. Бирок биздин салттарыбыздын ичинен ала качууга каршымын.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ
– Жогоруда апам, таенем деп оозуңан түшүрбөдүң. Атаң тууралуу оозанган жоксуң...
– Атам менен апам биз кичинекей кезде эле ажырашып кетишкен. Атам азыр Орусияда жашайт. Биз менен катышпайт. Апам бизди эч нерседен кем кылбай, күн-түн дебей иштеп, жалгыз багып-чоңойтту. Албетте, апам төрт бала менен оор күндөрдү башынан өткөрдү. Бирок оорун колдон, жеңилин жерден алган тай жактарыбыз болду. Кичине кезимде эле таята-таенемдин үй-бүлөсүн көрүп суктана берчүмүн. Таенем 17 жашында таятам менен качып кетип, турмуш куруптур. Сүйүүлөрү күчтүү болгон экен. Ошондон бери эле сонун жашап келишет. Лагерге барып көргөн эмесмин десем, эл таң калат болуш керек. Каникулду таенемдин үйүндө өткөрчүмүн.
Менден кийинки 19 жаштагы Айсулуу, 17 жаштагы Медина, Мадина деген эгиз сиңдилерим бой жетип калышты. Апамды көп эле кыйнай бербей, ар кандай промоутерлик жумуштарда иштей калышып, өздөрүнүн керек-жарактарына акча табышат. Үйдө жалаң кыздар болгондон кийин бири-бирибизден сыр катпайбыз. Бир бөлмөгө жатып алып сүйлөшкөндү баарыбыз жактырабыз.

САПАТТАР
– Сени эл сынчылары орусча сүйлөп обу жоктонгон кыздардын катарына кошушат экен. Чынбы?
– Обу жок кыздардай көрүнсөм керек. Ооба, орусча сүйлөп салмай жагым бар. Бирок кыргызча деле түш жоруйм.
– Жакындарыңдын чый-пыйын чыгарган нерселерди жасап көрдүң беле?
– Бир жолу Бишкектен кеч чыгып калдым. Дайыма эле Кантка жөнөчү маршруткалар тыгылыш болот го. Кысылышта улам жолду кароо деле мүмкүн эмес болчу. Ошентип, бир кезде жеттим деген болжол менен түшсөм эле башка айылга өтүп кетиптирмин. Телефонум да өчүп калган. Эшик капкараңгы, айланада жан жок. Аялдамада жалгыз тургандан коркуп, артына жашынып алгам. Бир топ күтүп, эми талаада калдым деп жашып турсам, Кудай жалгап, бир маршрутка келип калбадыбы. Үйгө келсем, байкуш апам, сиңдилерим калчылдап калышыптыр.
– «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасында тыкчыңдаган тың кыздын ролун жаратыптырсың. Жашоодо ошондойсуңбу же ашыгыраакпы?
– Жакындарым, курбу-досторум ал тасманы көргөндөн кийин “сен өзүңдү өзүң эле аткарыптырсың” деп баа беришүүдө.
– Болочок жолдошуңдун ашказанын кандай тамактар менен кубанта аласың?
– Сиңдилериме тамак жасаганды үйрөтүп калган статуска жеткенден кийин болочок жолдошумдун ашказаны коркпой эле койсун. Баары жайында болот.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Чолпон ("Non-Stop" дуэти)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
pazi
2011-09-28 15:25:35
азаматсын Чопа сага ийгилик!апанды сыйлаган кыргыздын кызы бол!!!
0
MaksatXXI
2011-09-28 17:09:40
Чопа ашыкча обу жоктонуп суйлогонун эле болбосо, чырайына суктанбаган кишини кызыл китептен издесен да таппайсын...
0
altynkamikola
2011-09-28 19:05:14
Умница!
0
Toldo
2011-09-28 20:40:06
Азамат Чопа!!!
0
Muzik_kg
2011-09-28 22:19:14
Чопа СУПЕР!!
0
kekare
2011-09-29 11:32:51
Келечегин кен болсун! Ак жол сага Чолпон.
0
Take84
2011-09-30 09:12:09
Көптү көрүп көптү билип каллыптырсын ак жолуң ачылсын. Ыймандуу сага карамдуу жарга туш болсоң экен! АК ЖОЛ САГА чОЛПОН.
0
maksimus
2011-09-30 15:43:08
chin ele normalduu turbaybi. ozun sezgen.chala kirgizderden eken dep jurso. ozu aytkanday sterva dep oylopbuz. a unun aytsak unu onu bar degendey. jaksi ele irdayt. berki ju jun pesuna karaganda unu kuchtuu.super keebirde super intrigalarin aytip koyot da aga taarinbaw kerek. azamat Cholpon. aldiga
0
temu
2011-10-01 16:22:47
Бул кызды бир нече жолу концертен за кулисами коруп конул деле болгон эмес экенмин. Так катардагы киргизка го деп ойлоо менен чектелгем. Кинодо жараткан образынан кийин жакшынакай эле кыз экенго дей баштадым. Кыскасы чыгармачылык ийигилик!!!
0
Rooshan
2011-10-06 23:47:53
Соонун кыз экен
0
Polukrovka
2011-10-08 22:11:28
жевачкадай эле чойулат да((
0
kgkoenek
2011-10-15 14:23:33
Чыгармачыл ийгилик! Ал эми журналист балада акцент аябай байкалып турат,Гулшара Дуулатова деген эжекебиздин атайын журналисттер учун тилди конуктуруучу сонун китеби бар,ошо менен машыгып же курстарга барса деген кенеш берет элем,а так жалпысынан жаман эмес :)
0
kainar
2011-10-16 18:04:21
Страшила! Мага жакпайт!
0
Pedro
2011-11-02 22:27:34
Сама ты страшила!!!
0
Pedro
2011-11-02 22:29:02
Она красотка!
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан