Бир бүркүм... ТӨӨ-АШУУДА 15 САНТИМЕТРГЕ ЖЕТКЕН КАР ЖААДЫ...
“Бир айдын ичинде негизги азык-түлүктөрдүн баасы 20 пайызга жогорулады. 26-октябрдан баштап мамлекет тарабынан баалар жөнгө салынат”,- дейт Айыл чарба министринин орун басары Кубат Касейинов.
Билим берүү министрлиги мектепке жоолук салынып барууга тыюу салынбагандыгын билдирди.
Ош шаарындагы Катта-Сай массивинен 22-октябрдан тарта 28 миң адамга жер бериле баштаарын Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков маалымдады.
Экс-президенттин тууганы Санжар Бакиев Жалал-Абаддын колониясынан Бишкектин убактылуу кармалуучу жайына алынып келинди.
Орусиядагы жарандарыбыз Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында жайгашкан шайлоо участокторунда өз добуштарын бере алышат.
2011-жылдын январынан июль айына чейин Кыргызстанга 12 өлкөдөн 45,9 миң тонна кумшекер ташылып келинген.
Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен 7,62 мм калибрдеги Сайга снайпер мылтыгын тапшырды.
Чүйдүн Жайыл районунда жана Бишкек-Ош жолунун 124-129-чакырымында 21-сентябрь күнү калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен кар жаады.
“Кыргызстан өткөн жылы БУУ менен иштешүү аркылуу жарандык согуштун алдын ала алды”,- дейт Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
«Республика» фракциясы «7-Апрель – Элдик төңкөрүш күнү» деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул күн майрам катары эсептелгени менен, иш күнү бойдон кала берет.
Таласта 1-ноябрга чейин картошка иштетип чыгаруучу завод иштей баштайт.
Иркутскта 2009-жылы 28-сентябрда кыргыз жаранын өлтүргөн үч такыр баш (скинхед) темир тор артына камалды.
Сузак районунда ата-энелер балдарын №14-мектепке жөнөтүүдөн коркушат. Анткени бул мектеп урай турган абалда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.