Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу жазылган чуулгандуу «Кандуу жол» китебинин автору ачыкка чыкты. Эдил Кожошизи деген псевдоним менен интернетке жарыяланганда «муну ким даап жазды экен?» деген суроо көпчүлүктө туулуп, ушул күнгө чейин автору ким экени айтылбай келген. Эл арасында аны бүгүнкү президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев деген күбүр-шыбырлар болсо да, бирөө-жарым ишенимдүү айткан эмес. Эми минтип: “Бул идея менен Эмилбек Саламатович өзү мага кайрылып калды. Болот Шерниязов да жактырып калып, ал орусчасын жазмай болду. Бирок Каптагаев эртерээк бүтүрүп калганы үчүн Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен кыргызча чыгарышты. Бул китептин айынан Эмилбек Саламатович бир өлүмдөн аман калган”,- деп Эльмира Ибраимова жергиликтүү гезиттердин бирине айтып бериптир.