Чоочун көздөн жана ашыкча сөздөн оолак болууну туура көргөн Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов жергиликтүү агенттиктердин бирине актоо эмес, тактоо киргизген маек куруп бериптир. Антпесе көлөкөдө жүргөн президенттин уулу жөнүндө акыркы кезде “кредитке үй алып, апасынын ооматынан пайдалануу менен банктарды какшатып төлөбөй жатыптыр” деген кеп тараган.
Биринчиден, Атай мырза “апам эл көзүндөгү киши болгону үчүн көңүл чордонуна түшпөөгө тырышам. Мунун да зыяны бар экен. Сыртымдан айтылган ушак-айыңдар көбөйдү” деп сөзүн баштаптыр. Кредитке байланыштуу маселелердин баары көбүртүлө жайылганын, аны эчак эле төлөгөнүн айтат. Ушакчыларга карата: “Менин кимге керегим бар, өзүм да түшүнбөйм. Ноябрда шайлоо өткөндөн кийин кадимки жашоону уланткым келет. “Сен кыргыз элин тоногонсуң” деген сөздөрдү айтып, бетиме түкүрүштөрүн каалабайм”,- дейт.
Баса, Атай – финансист. Университеттердин биринде сабак берип, достору менен дизайн тармагындагы кичинекей агенттикти иштетем дептир. Кыскасы, ажонун уулу буга чейинкилерден айырмаланып, кызылдай пул жасоо менен эмес, чыгармачылык менен да алектенет тура.