Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун өткөн аптада биздин редакцияга келип окурмандарыбыз менен түз байланышта болгонун жазган элек. Анда Ош шаарынан чалган окурманыбыз аталган шаардагы аэропортто иштеген чек ара кызматкерлеринин паракорлугун айтып арызданган. Бабанов бул маселени чечем деп убада берген болчу. Сөзү орто жолдо калбай, айтылган маселени Өмүрбек мырза чечүүгө киришиптир. 21-сентябрь күнү биринчи вице-премьер УКМКнын Чек ара кызматынын орун басары Таалайбек Адашпасовду чакырып алып, ишти кабыргасынан койду. “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына ылайык, Орусия жана Казакстандын жарандары Кыргызстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Анда эмне үчүн сиздин кызматкерлериңиз 5 күн жүргөн адамдан деле каттоону сурап, ал жок болсо акча талап кылышат? Мен чек аранын бардык өткөрүү жайларын тартипке келтирүүңүздү талап кылам”,- деп такалады.
Окурманыбыздын үнү Өкмөт үйүнө жеткенине бир сыйра кубанып алдык. «Айттымбы, аткарам» деген сөзү менен таанымал Өмүрбек мырза убадасына туруп, Чек ара кызматындагы паракорлукту жоёт деп ишене туралы.