Өлкөдөгү эң популярдуу телеканалдардын сап башында турган ОРТ менен РТРдин берүүсү убактылуу көрсөтүлбөйт. Мындай билдирүүнү кабелдик телекөрсөтүү компаниялары жана “Кыргызтелеком” айтып, 25-сентябрдан 30-октябрга чейин созулган шайлоого карата үгүт иштеринин учурунда чет элдик телеканалдардын ретрансляциясы токтотуларын кабарлашты. Буга чейин Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүүчү чет элдик ММКлардын шайлоо алдында үгүт кербенине катышууга тыюу салынары мыйзам тарабынан бекитилген. Айрыкча талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирген программаларды көрсөтүүгө бөгөт коюлган эле.
Жогоруда аталган компаниялардын өкүлдөрү “программаны жаздырып, аны монтаждоого жабдуубуз жок. Андыктан телеканалдардын ретрансляциясын токтотууга мажбур болдук” дешет. Мунун айынан алар 100 миң доллардан ашуун чыгым тартып калышы мүмкүн.